ТоктомКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы № 228 «Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жаратылышты коргоонун республикалык жана жергиликтүү фонддорунун каражаттарын Казыначылык системасына которуу жөнүндө» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 14-июну № 228                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН Өкмөтүнүн ТОКТОМУ                                           Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар        министрлигинин жаратылышты коргоонун республикалык жана           жергиликтүү фонддорунун каражаттарын Казыначылык                      системасына которуу жөнүндө     Акча   системасын  башкарууну  жакшыртуу,  бюджетти  түзүүдө  жанааткарууда    ачык-айкындуулугун    жогорулатуу,    мамлекеттик    акчакаражаттарын   тиешелүү  пайдаланууну  камсыздоо   максатында   КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат:     1.   Кыргыз   Республикасынын  Экология  жана  өзгөчө   кырдаалдарминистрлиги:    -   2005-жылдын   1-июлунан   тартып   коммерциялык    банктардагыэсептерди   жапсын  жана  жаратылышты  коргоонун  республикалык   жанажергиликтүү фонддорунун бардык  каражаттарын  Казыначылык  системасына которсун;      -   жаратылышты   коргоонун   республикалык   жана   жергиликтүүфонддорунун    каражаттарын   Казыначылык   системасына   которулушунабайланыштуу  аларды  пайдалануу  маселелерин  жөнгө  салуучу   укуктукнормативдик   актыларга  белгиленген  тартипте   зарыл   өзгөртүүлөрдүдаярдасын жана киргизсин.      2.  Бул  токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз  РеспубликасынынФинансы министрлигине жүктөлсүн.        Премьер-министр                            К.Бакиев