Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Президентинин
1996-жылдын 19-августундагы
N 285 буйругу менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына
көрсөтүүнүн жана аларды тапшыруунун тартиби жөнүндө
ИНСТРУКЦИЯ
(КР Президентинин
1999-жылдын 4-февралындагы ПБ N 66,
2007-жылдын 5-апрелиндеги ПБ N 73,
2009-жылдын 10-февралындагы ПБ N 27
буйруктарынын редакцияларына ылайык)
I. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына көрсөтүүнүн
тартиби
II. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктарын тапшыруу,
тагынуу тартиби
I. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
сыйлыктарына көрсөтүүнүн тартиби
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына көрсөтүүнүн тартиби "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө Жобого ылайык жүргүзүлөт.
Сыйлыктын түрү "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасынын, "Манас", "Баатыр эне" , "Данакер" ордени" ордендеринин статутун, "Эрдик", "Даңк", Эне даңкы" "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" медалы, "Кайрымдуулук үчүн" медалы, "Эмгек ардагери" медалы" медалдары, Кыргыз Республикасынын ардактуу наамдары жана Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы жөнүндө жоболорду эске алып сыйлыкка көрсөтүлгөндүн мүнөзүнө жана сиңирген эмгегине таянуу менен аныкталат.
(КР Президентинин 2007-жылдын 5-апрелиндеги ПБ N 73 буйругунун редакциясына ылайык)
2. Мамлекеттик сыйлыктарга сунушту Кыргыз Республикасынын Президентине негизги документти - Сыйлоо барагын толтургандан кийин официалдуу бланкта төмөндөгүлөр киргизет:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттери жана фракциялары;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин колтамгасы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү;
- Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту алардын төрагаларынын колтамгасы менен;
- областтык мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруусу, жергиликтүү кеңештердин алардын башчыларынын колтамгасы менен, тийиштүү министрликтер, административдик ведомстволор жана башка мамлекеттик аткаруу органдары жана коомдук бирикмелердин республикалык органдары аркылуу алар менен макулдашуу боюнча;
- министрликтер, административдик ведомстволор жана башка мамлекеттик аткаруу органдары, коомдук бирикмелердин республикалык органдары өз жетекчилеринин колтамгасы менен, областтык мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруусу менен макулдашуу боюнча.
Макулдашуу сыйлыкка сунуш кылынганга чейин жетекчилердин колтамгасы коюлуу менен документтелип толтурулууга тийиш.
(КР Президентинин 2007-жылдын 5-апрелиндеги ПБ N 73, 2009-жылдын 10-февралындагы ПБ N 27 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
3. Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө өтүнүчтөр ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жамааттарында же жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарында талкууланат. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилери сыйлык берүү жөнүндөгү өтүнүчтү райондордун, шаарлардын, областтардын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен макулдашкандан кийин областтык мамлекеттик администрацияларга, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруусуна же алар менен макулдашуу боюнча тийиштүү министрликтерге, административдик ведомстволорго жана башка мамлекеттик аткаруу органдарына жөнөтөт, алар өтүнүчтөрдү карап чыгышат, сыйлоо барактарын толтурушат жана сунуштарды даярдашат.
(КР Президентинин 2009-жылдын 10-февралындагы ПБ N 27 буйругунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларын, жарандык персоналын мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө өтүнүч тартибин тиешелүү мамлекеттик органдар аныктайт.
(КР Президентинин 2009-жылдын 10-февралындагы ПБ N 27 буйругунун редакциясына ылайык)
5. Мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлгөн ар бир адамга белгиленген үлгүдөгү Сыйлоо барагы толтурулат (N 1, N 2 формалар тиркелет, сыйлоо барактарынын форматы А3, А4).
Сыйлоо барактары министрликтер, административдик ведомстволор жана башка мамлекеттик аткаруу органдары, областтык мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруусу, республикалык коомдук уюмдар тарабынан берилет.
Сыйлоо барагы (N 1 форма) сыйланган адамдын сапатын мүнөздөгөн маалыматтарды, тармакта жана тиешелүү жамаатта иштеген жалпы стажын, конкреттүү сиңирген эмгектерин, ишинин натыйжалуулугу жана сапаты жөнүндө маалыматтарды; өндүрүштө иштеген адамдар үчүн - иштин негизги натыйжаларын камтыйт; ошондой эле анын эмгеги белгилениши мүмкүн болгон сыйлык көрсөтүлөт.
(КР Президентинин 2009-жылдын 10-февралындагы ПБ N 27 буйругунун редакциясына ылайык)
6. Сыйлоо барактары машинкага басуу менен бир нускада толтурулат, анда бардык графалар так, ишенимдүү жана таасын толтурулууга тийиш.
Сыйлоо барактарына сыйлыкка көрсөтүлгөндөрдүн эки фотосүрөтү тиркелет:
- "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасын ыйгарууга - 4x5 өлчөмүндө;
- "Манас", "Баатыр эне", "Данакер" ордендери, "Даңк", "Эне даңкы", "Кайрымдуулук үчүн", "Эмгек ардагери" медалдары менен сыйлоого - 3x4 өлчөмүндө;
- ардактуу наамдарды ыйгарууга - 3x4 өлчөмүндө.
Фотосүрөттүн арткы бетинде фамилиясы жана инициалдары көрсөтүлүүгө тийиш.
Туура эмес толтурулган жана фотосүрөтү болбогон сыйлоо материалдары карап чыгууга кабыл алынбайт.
"Кыргыз Республикасынын илиминин эмгек сиңирген ишмери" ардактуу наамына көрсөтүлгөн адамдардын сыйлык материалдарына илимий иштеринин тизмелери тиркелет, ошондой эле илимий даражасын ырастаган документтин нотариат тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.
(КР Президентинин 2007-жылдын 5-апрелиндеги ПБ N 73 буйругунун редакциясына ылайык)
7. Мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлгөн көп балалуу энеге белгиленген үлгүдөгү Сыйлоо барагы толтурулат (N 2 форма). Сыйлоо барагына бардык балдарынын туулгандыгы тууралу күбөлүктөрүнүн нотариат тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү тиркелиши керек.
Сыйлоо барактарын төмөнкүлөр толтурат: иштеп жаткан энелер үчүн иштеген жери боюнча; эмгек жамаатынан тышкары жерде иштеген же иштебегендер үчүн - жергиликтүү аткаруу органдары тарабынан, толтурулган сыйлоо барагына алардын жетекчилеринин колтамгасы коюлат жана мөөр менен күбөлөндүрүлөт.
Сыйлоо барагы эненин жана балдардын жеке документтеринин негизинде толтурулат.
Эгиз балдар төрөлгөндө көп балалуу эне өзү төрөгөн жана тарбиялаган балдардын жалпы санына тиешелүү бир гана сыйлык менен сыйлоого көрсөтүлөт.
Энесинен өзүнчө жашаган балдардын бар экендиги балдар жашаган жердеги жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жана аткаруу органдарынын справкасы же алар иштеген, окуган жердин справкасы менен, ал эми аскер кызматындагы балдардыкы аскер бөлүктөрүнүн же аскер комиссариаттарынын справкасы менен ырасталат.
"Баатыр эне" орденинин статутунда жана "Эне даңкы" медалынын жобосунда көрсөтүлгөн кырдаалдарда, дайынсыз жоголгон же курман болгон балдарга тиешелүү органдардын справкалары же башка ырастаган документтери берилет.
Балдары бар экендигин ырастаган справкалар бир жыл бою жарактуу.
Балдарынын бирөө сот жообуна тартылган учурда, энени мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүүгө жол берилбейт.
(КР Президентинин 2007-жылдын 5-апрелиндеги ПБ N 73, 2009-жылдын 10-февралындагы ПБ N 27 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
8. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" Мыйзамына ылайык, баатырдык, каармандык, тайманбастык жана эрдик көрсөткөндүгү үчүн, ошондой эле сиңирген зор эмгеги, өндүрүштүн жана социалдык-маданий чөйрөнүн тармактарында жогорку натыйжаларга жетишкендиги үчүн сыйлыктарды кошпогондо, граждандарды кезектеги мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүү мурунку сыйланган учурдан тартып беш жыл өткөндөн кийин жүргүзүлөт.
Көп балалуу энелер үчүн арналган даражасы бар сыйлыктар жана баатырдык, каармандык, тайманбастык жана эрдик көрсөткөндүгү үчүн сыйлыктардан сырткары, бир эле мамлекеттик сыйлыкка кайталап көрсөтүүгө жол берилбейт.
Көрсөткөн баатырдыгы, каармандыгы жана эрдиги үчүн көзү өткөндөн кийин да мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлүшү мүмкүн.
(КР Президентинин 2009-жылдын 10-февралындагы ПБ N 27 буйругунун редакциясына ылайык)
9. Граждандарды алардын юбилейлерине байланыштуу мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүүгө жол берилбейт.
10. Чет өлкөдө иштеген Кыргыз Республикасынын граждандарын, ошондой эле чет өлкөлүк граждандарды жана чет өлкөдө жашаган граждандыгы жок адамдарды сыйлоо жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги же башка министрликтер, административдик ведомстволор, башка борбордук аткаруу органдары жалпы негиздерде берет.
11. Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарын жана администрациялык-аймактык бирдиктерин, чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды сыйлыкка көрсөтүү жалпы негиздерде жүргүзүлөт.
(КР Президентинин 2009-жылдын 10-февралындагы ПБ N 27 буйругунун редакциясына ылайык)
12. Мамлекеттик сыйлык менен сыйлоого негизсиз түрдө сунуш кылууга жол берген адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
13. Туура толтурулган сунуштар, сыйлоо баракчалары жана тийиштүү сыйлоо материалдары (коллегиялуу органдын токтомунун же чечиминин үзүндүсү, сыйлыкка көрсөтүлгөн талапкерди талкуулоонун протоколу, эмгек китепчесинин, паспортунун жана сиңирген эмгегин ырастаган башка документтердин нотариат тарабынан күбөлөндүрүлгөн (ведомстволук сыйлыктардын, дипломдордун, сертификаттардын ж.б. нотариат тарабынан күбөлөндүрүлгөн) көчүрмөлөрү жыйналышка чейин бир ай калганда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча Комиссияга тапшырылууга тийиш. Үстүнөн оңдолуп жана түзөтүлүп жазылган сыйлоо документтери кабыл алынбайт.
Сунуштарды карап чыгуу мөөнөтүн Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча Комиссия аныктайт.
Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого сунуштарды Комиссия карап чыгышынын натыйжалары жөнүндө талапкерди сунуш кылган органга оозеки түрүндө билдирет.
Сыйлоо же сыйлоодон баш тартуу жөнүндө Комиссиянын чечимдери боюнча граждандардын даттануулары жана арыздашуулары каралбайт.
(КР Президентинин 2007-жылдын 5-апрелиндеги ПБ N 73 буйругунун редакциясына ылайык)
14. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссия сунуштарды карап чыккандан кийин Кыргыз Республикасынын Президентине тиешелүү сунуштарды киргизет.
Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоону Кыргыз Республикасынын Президенти жүзөгө ашырат.
Кыргыз Республикасынын Президенти мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө указдарды чыгарат, алар Кыргыз Республикасынын Президентинин актылар Жыйнагына, республикалык жана жергиликтүү басма сөзгө жарыяланат, телекөрсөтүү жана радио аркылуу берилет.
II. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик
сыйлыктарын тапшыруу, тагынуу тартиби
15. Мамлекеттик сыйлыктарды Кыргыз Республикасынын Президенти, ошондой эле анын тапшыруусу боюнча жана анын атынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы жана башка кызмат адамдары тапшырат.
Мамлекеттик сыйлыктар маалымдуулукта жана салтанаттуу кырдаалда тапшырылат.
Сыйланган адамга мамлекеттик сыйлык Кыргыз Республикасынын Президентинин сыйлоо жөнүндөгү указына кол коюлган күндөн тартып эки айдан кечиктирилбестен тапшырылат.
Жер-жерлерде мамлекеттик сыйлыктарды өз учурунда жана салтанаттуу тапшыруу үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Президенти ыйгарым укук берген адамдарга жүктөлөт.
(КР Президентинин 2007-жылдын 5-апрелиндеги ПБ N 73 буйругунун редакциясына ылайык)
16. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы сыйланган адамдын өзүнө тапшырылат.
Мамлекеттик сыйлыкты тапшыруу алдында Кыргыз Республикасынын Президентинин сыйлоо жөнүндөгү Указы окулат.
17. Мамлекеттик сыйлыктар Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүндө, областтык мамлекеттик администрацияларда, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруусунда, салтанаттуу иш-чараларда, ошондой эле аскер бөлүктөрүндө жана бөлүмдөрүндө тапшырылат.
(КР Президентинин 2009-жылдын 10-февралындагы ПБ N 27 буйругунун редакциясына ылайык)
18. Сыйланган адамга мамлекеттик сыйлыкты тапшыруу менен бир эле учурда төмөнкүлөр берилет:
- "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасына татыктуу болгон адамга - "Кыргыз Республикасынын Баатыры" китепчеси жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Указынын көчүрмөсү;
- орден менен сыйланган адамга - тиешелүү ордендин китепчеси:
- медаль менен сыйланган адамга - медалга тиешелүү күбөлүк;
- ардактуу наамга татыктуу болгон адамга - күбөлүк.
19. "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасына китепче, орден китепчелери, медалдарга жана ардактуу наамдарга күбөлүктөр Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында толтурулат.
Сыйлоо жөнүндө документтердин мөөнөтү болбойт. Сыйлоо жөнүндө документтерде кандайдыр-бир оңдоолорго жол берилбейт. Сыйлоо жөнүндө документ сыйланган адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты өзгөргөндүгүнө байланыштуу алмаштырылбайт.
20. Мамлекеттик сыйлык тапшырылганга чейин ар бир сыйланган адамга эсепке алуу карточкасы толтурулат.
Сыйланган адамдын эсепке алуу карточкасы (N 3 форма) инсанды күбөлөндүргөн документтердин негизинде сыйлыкты тапшыруу жеринде машинкага басылган түрдө толтурулат.
Эсепке алуу карточкасына сыйланган адам жеке өзү кол коет, анын толтурулушу үчүн жооптуу адам кол коет, мөөр менен күбөлөндүрөт.
Эсепке алуу карточкасы толтурулгандан кийин Кыргыз Республикасынын Президентинин сыйлоо жөнүндөгү Указынын тексти же анын көчүрмөсү менен кылдат салыштырылат.
Сыйланган адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты жазылышында айырмалар табылган учурда тактоо актысы (N 6 форма) түзүлөт, ага областтык мамлекеттик администрациясынын же Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруусунун, министрликтин, республикалык административдик ведомствонун, республикалык коомдук уюмдун жетекчиси кол коет жана тапшыруу протоколуна тиркелет.
(КР Президентинин 2009-жылдын 10-февралындагы ПБ N 27 буйругунун редакциясына ылайык)
21. Мамлекеттик сыйлыкты тапшыруу жөнүндө тиешелүү протокол (N 4 форма) жер-жерлерде түзүлөт, областтык мамлекеттик администрациясынын же Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруусунун, министрликтин, республикалык административдик ведомствонун, республикалык коомдук уюмдун жетекчисинин колтамгасы жана сыйлыкты тапшырган органдын мөөрү менен бекитилет жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберилет.
Сыйлык тапшырылбаган сыйланган адамдын көзү өткөн учурда же көзү өткөндөн кийин сыйланганда сыйлык жана анын документтери сыйланган адамдын үй-бүлөсүнө өткөрүп берилет. Өткөрүп берүү протокол (N 5 форма) менен толтурулат, ал дагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберилет.
Эгерде сыйланган адам оорунун же майыптыктын айынан тапшырууга келе албаса, сыйлык ага турган жеринде тапшырылышы мүмкүн.
Сыйланган адамга мамлекеттик сыйлыктар тапшырылбай калган учурларда (областтан, республикадан сырткары кетүү, каза болуу (мураскорлорунун жоктугу), чет өлкөдө командировкада болуу, анык аскер кызматына чакырылуу жана башка себептер) жер-жерлерде мамлекеттик сыйлыктар тапшырылбай калган адамдардын тизмеси (N 7 форма) түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберилет.
(КР Президентинин 2009-жылдын 10-февралындагы ПБ N 27 буйругунун редакциясына ылайык)
22. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктары төмөнкүдөй тартипте жайгашат:
- "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасынын "Ак Шумкар" өзгөчө белгиси сол төшкө ордендер менен медалдардын үстү жагына тагылат;
- Кыргыз Республикасынын ордендер менен медалдары сол төшкө төмөнкүдөй тартипте тагылат; "Манас" ордени, "Баатыр Эне", ордени "Данакер" ордени", "Эрдик" медалы, "Даңк" медалы, "Эне даңкы" "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" медалы, "Кайрымдуулук үчүн" медалы, "Эмгек ардагери" медалы;
- ардактуу наамдарга төш белгилери сол төшкө тагылат.
СССРдин мамлекеттик сыйлыктарын тагынуу тартиби өзгөрүүсүз калат.
Сыйланган адамда СССРдин мамлекеттик сыйлыктары да, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары да бар болгон учурда алардын жайгашуусун аскер кызматчыларын кошпогондо, сыйланган адам тагынганда аныктайт, ал эми чет мамлекеттердин сыйлыктары алардан кийин тагылат.
(КР Президентинин 2007-жылдын 5-апрелиндеги ПБ N 73 буйругунун редакциясына ылайык)
23. Кыргыз Республикасынан кетип жаткан Кыргыз Республикасынын граждандары, чет өлкөлүк граждандар жана граждандыгы жок адамдар өзүлөрүнө тиешелүү мамлекеттик сыйлыктарды жана алардын документтерин алып кетүүгө укуктуу.
24. Мамлекеттик сыйлыктарга мыйзамсыз түрдө ээлик кылган адамдардан укук коргоо жана бажы органдары алып койгон, ошондой эле ээси табылбаган мамлекеттик сыйлыктар Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча Комиссиянын катчылыгына жиберилет.
(КР Президентинин 2007-жылдын 5-апрелиндеги ПБ N 73 буйругунун редакциясына ылайык)
25. (КР Президентинин 1999-жылдын 4-февралындагы ПБ N 66 буйругуна ылайык күчүн жоготту)
N 1 Форма
Кыргыз Республикасы
_____________________
(область, Бишкек ш.)
СЫЙЛОО БАРАГЫ
(КР Президентинин
2009-жылдын 10-февралындагы ПБ N 27 буйругунун
редакциясына ылайык)
1. Фамилиясы, аты, атасынын аты __________________________________ _______________________________________________________________________
2. Кызматы, иштеген, кызмат кылган жери (ишкананын, мекеменин, уюмдун, министрликтердин жана башкалардын бөлүмдөрүнүн так аталышы көрсөтүлсүн) __________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
3. Жынысы ________ 4. Туулган жылы жана жери _____________________
5. Улуту __________________ 6. Билими ____________________________ _______________________________________________________________________
(кайсы окуу жайын, кайда жана качан бүткөн)
7. Илимий даражасы, илимий наамы, атайын наамы ___________________ _______________________________________________________________________
8. СССРдин, Кыргыз Республикасынын кайсы мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланган, сыйланган датасы: ____________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
9. Жалпы иш стажы ___________ 10. Тармактагы иш стажы ____________
11. Бул жамааттагы иш стажы ______________________________________
12. Үйүнүн дареги. телефону (үй, иш): ____________________________ _______________________________________________________________________
13. Сыйланган адамдын конкреттүү өзгөчө сиңирген эмгеги:
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
(сыйланып жаткан адамдын Ф.А.А., кызматы)
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
(сыйлоо жөнүндө өтүнүч билдирилген ишкананын, мекеменин,
_______________________________________________________________________
уюмдун ж.б. аталышы)
_____________________________________________ талапкерлиги талкууланды. _______________________________________________________________________
(талкууланган күн, протоколдун N)
___________________________________________________________ көрсөтүлдү.
(сыйлыктын түрү)
Жетекчи _________________________________ ______________________
(Ф.А.А., кызматы) (колтамгасы)
М.О.
199___-жылдын "______" ____________
Жыйналыштын төрагасы ____________________________ ______________
(Ф.А.А., кызматы) (колтамгасы)
М.О.
199___-жылдын "______" ____________
_______________________
Эскертүү: Сыйланган адамдын фамилиясы, аты жана атасынын аты паспорт боюнча толтурулат жана милдеттүү түрдө кыргыз жана орус тилдеринде транскрипциясы көрсөтүлөт.
───────────────────────────────────────────────────────────────────────
14. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы (айыл өкмөтү): ________ _______________________________________________________________________
(жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын (айыл өкмөтүнүн) аталышы)
_______________________________________________________________________
(сыйланып жаткан адамдын Ф.А.А., кызматы)
__________________________________________________________ талапкерлиги _______________________________________________________________________
(кандай чечим кабыл алынды,
___________________________________________________ чечим кабыл алынды.
чечимдин күнү, номери)
Башчы _______________________________________ _______________
(Ф.А.А.) (колгамгасы)
М.О.
199___-жылдын "______" ____________
───────────────────────────────────────────────────────────────────────
15. Айылдык (поселоктук), райондук (шаардык), областтык депутаттар кеңеши: _______________________________________________________________
(айылдык (поселоктук), райондук (шаардык),
_______________________________________________________________________
областтык депутаттар кеңешинин аталышы)
_______________________________________________________________________
(сыйланып жаткан адамдын Ф.А.А., кызматы)
__________________________________________________________ талапкерлиги _________________________________________________________ макулдашылды.
(колдойбуз, колдобойбуз)
Төрага _________________________________ ______________________
(Ф.А.А., кызматы) (колтамгасы)
М.О.
199___-жылдын "______" ____________
───────────────────────────────────────────────────────────────────────
16. Райондук (шаардык) мамлекеттик администрациясы: ______________ _______________________________________________________________________
(райондук (шаардык) мамлекеттик администрациянын аталышы)
_______________________________________________________________________
(сыйланып жаткан адамдын Ф.А.А., кызматы)
__________________________________________________________ талапкерлиги _______________________________________________________________________
кандай чечим кабыл алынды,
____________________________________________________ чечим кабыл алынды
чечимдин күнү, номери)
Башчы _______________________________________ _______________
(Ф.А.А.) (колтамгасы)
М.О.
199___-жылдын "______" ____________
───────────────────────────────────────────────────────────────────────
17. Областтык мамлекеттик администрациясы, Бишкек жана Ош шаарларынын өзүн-өзү башкаруусу: ____________________________________________ _______________________________________________________________________
(областтык мамлекеттик администрациянын аталышы)
_______________________________________________________________________
(сыйланып жаткан адамдын Ф.А.А., кызматы)
__________________________________________________________ талапкерлиги _______________________________________________________________________
кандай чечим кабыл алынды,
____________________________________________________ чечим кабыл алынды
чечимдин күнү, номери)
Башчы _______________________________________ _______________
(Ф.А.А.) (колтамгасы)
М.О.
199___-жылдын "______" ____________
───────────────────────────────────────────────────────────────────────
18. ______________________________________________________________
(министрликтин, республикалык административдик ведомствонун
_______________________________________________________________________
жана республикалык коомдук уюмдун аталышы)
_______________________________________ коллегиясы (президиуму, кеңеши) _______________________________________________________________________
(сыйланып жаткан адамдын Ф.А.А., кызматы)
__________________________________________________________ талапкерлиги _______________________________________________________________________
кандай чечим кабыл алынды,
____________________________________________________ чечим кабыл алынды
чечимдин күнү, номери)
Коллегиянын (президиумдун,
кеңештин) төрагасы _______________________ ____________
(Ф.А.А.) (колтамгасы)
М.О.
199___-жылдын "______" ____________
───────────────────────────────────────────────────────────────────────
19. Жогору турган мамлекеттик, сот жана аткаруу бийлик органдарынын корутундусу:
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _________________________________________ __________________________
(кызмат адамынын Ф.А.А.) (колтамгасы)
М.О.
199___-жылдын "______" ____________
N 2 Форма
Кыргыз Республикасы
_____________________
(область, Бишкек ш.)
Мамлекеттик сыйлыкка сунуш
кылынган көп балалуу энеге
СЫЙЛОО БАРАГЫ
1. Фамилиясы, аты, атасынын аты __________________________________
2. Туулган жылы ____________ 3. Туулган жери______________________ _______________________________________________________________________
4. Улуту ________ 5. Кызматы, кылган иши, иштеген жери ___________ _______________________________________________________________________
6. Көп балалуулугу үчүн мурда кандай сыйлыктар менен сыйланган ___ _______________________________________________________________________
7. Балдары жөнүндө маалыматтар:
┌─────┬───────────────────────┬─────────┬─────────────────────────────┐
│Катар│ Ф.А.А. (толугу менен) │ Туулган │Кызматы, иштеген, окуган жери│
│ N │ │ жылы │ │
├─────┼───────────────────────┼─────────┼─────────────────────────────┤
│1 │ │ │ │
├─────┼───────────────────────┼─────────┼─────────────────────────────┤
│2 │ │ │ │
├─────┼───────────────────────┼─────────┼─────────────────────────────┤
│3 │ │ │ │
├─────┼───────────────────────┼─────────┼─────────────────────────────┤
│4 │ │ │ │
├─────┼───────────────────────┼─────────┼─────────────────────────────┤
│5 │ │ │ │
├─────┼───────────────────────┼─────────┼─────────────────────────────┤
│6 │ │ │ │
├─────┼───────────────────────┼─────────┼─────────────────────────────┤
│7 │ │ │ │
├─────┼───────────────────────┼─────────┼─────────────────────────────┤
│8 │ │ │ │
├─────┼───────────────────────┼─────────┼─────────────────────────────┤
│9 │ │ │ │
├─────┼───────────────────────┼─────────┼─────────────────────────────┤
│10 │ │ │ │
├─────┼───────────────────────┼─────────┼─────────────────────────────┤
│11 │ │ │ │
├─────┼───────────────────────┼─────────┼─────────────────────────────┤
│12 │ │ │ │
└─────┴───────────────────────┴─────────┴─────────────────────────────┘
8. Акыркы баласы төрөлгөн жылы жана айы __________________________
9. Үйүнүн дареги: ________________________________________________
10. Көп балалуу эненин үй-бүлөсүнүн жана балдарынын кыскача мүнөздөмөсү: __________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
Ишкананын, мекеменин,
уюмдун, жергиликтүү аткаруу
органынын (тиешелүүлүгүнө
карай) жетекчиси ______________________ ____________
(Ф.А.А.) (колтамгасы)
М.О.
199___-жылдын "______" ____________
11. Көп балалуу энени сунуш кылган аткаруу органынын чечими ______ _______________________________________________________________________
(аткаруу органынын аталышы, күнү, чечимдин N 1
_______________________________________________________________________
(сыйлыктын түрү)
________________________________________________________ сунуш кылынды.
Башчы _______________________________________ _______________
(Ф.А.А.) (колтамгасы)
М.О.
199___-жылдын "______" ____________
_______________________
Эскертүү: Сыйланган адамдын фамилиясы, аты жана атасынын аты паспорт боюнча толтурулат жана милдеттүү түрдө кыргыз жана орус тилдериндеги транскрипциясы көрсөтүлөт.
N 3 Форма
(машинка менен булгабастан жазылат)
________________________________________
(сыйлык тапшырылган датасы)
________________________________________
(тапшырылган жер - область, шаар, район)
СЫЙЛАНГАН АДАМДЫ ЭСЕПКЕ АЛУУ КАРТОЧКАСЫ
1. Фамилиясы _____________________________________________________
2. Аты, атасынын аты _____________________________________________
3. Улуту _____________________ 4. Жынысы _________________________
5. Туулган жылы _______________ 6. Туулган жери __________________ _______________________________________________________________________
7. Билими: жогорку, бүтпөгөн жогорку, атайын орто, орто, башталгыч (алдын сызуу керек)
8. Сыйланган учурдагы кызматы, аскер наамы (аскер) кызматчылары үчүн), иштеген жери, кылган кызматы ___________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
9. Сыйланган адамдын үйүнүн дареги _______________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
Тел.: кызматтагы, үйдөгү _________________________________________
N 3 Форма
(арткы бети)
10. Төмөнкүдөй сыйлык тапшырылды:
┌────────────────────────┬────────────────┬──────────────────┬────────┐
│ Сыйлыктын түрү: "Кыргыз│ "Ак Шумкар" │"Ак Шумкар" өзгөчө│Сыйлоо │
│Республикасынын Баатыры"│ өзгөчө │ белгисине │жөнүндө │
│ эң жогорку артыкчылык │ белгисинин, │ китепченин, орден│Указдын │
│даражасы, орден, медаль,│ ордендин, │ китепчесинин, │күнү │
│ ардактуу наам, Кыргыз │ медалдын, │ медалга жана │жана │
│ Республикасынын Ардак │ардактуу наамдын│ ардактуу наамга │номери │
│ грамотасы │ төш белгисинин │ күбөлүктүн номери│ │
│ │ номери │ │ │
├────────────────────────┼────────────────┼──────────────────┼────────┤
├────────────────────────┼────────────────┼──────────────────┼────────┤
└────────────────────────┴────────────────┴──────────────────┴────────┘
Сыйланган адамдын колтамгасы _____________________
Маалыматтардын тактыгын жана сыйланган
адамдын колтамгасын күбөлөндүрөм: ________________________________
______________________________ _________________
(Ф.А.А., кызматы) (колтамгасы)
М.О.
199___-жылдын "______" ____________
11. Белгилер үчүн ________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
N 4 Форма
Кыргыз Республикасы
_____________________
(область, Бишкек ш.)
Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик сыйлыктарын тапшыруу
ПРОТОКОЛУ
___________________ 199___-жылдын "_____" ______________
(тапшырылган жер) (тапшырылган күн)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 199__-жылдын "__" ___________ N ___ Указы боюнча мамлекеттик сыйлыктарды Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан мен, ________________________________________________
(сыйлыкты тапшырган адамдын кызматы,
_______________________________________________________________ төмөнкү
фамилиясы, инициалдары)
сыйлангандарга тапшырдым:
_______________________________________________________________________
(сыйлыктын түрү)
______________________________ ________________________________ Ф.А.А. (Указдын тексти боюнча) кызматы (Указдын тексти боюнча) ______________________________ ________________________________ ______________________________ ________________________________
(тапшырган адамдын колтамгасы)
М.О.
N 5 Форма
Кыргыз Республикасы
_____________________
(область, Бишкек ш.)
Сыйланган көзү өткөн (көзү өткөндөн кийин сыйланган)
адамдын үй-бүлөсүнө мамлекеттик сыйлыкты тапшыруу
ПРОТОКОЛУ
___________________ 199___-жылдын "_____" ______________
(тапшырылган жер) (тапшырылган күн)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 199__-жылдын "__" ___________ N ___ Указы менен сыйланган көзү өткөн (көзү өткөндөн кийин сыйланган)
_______________________________________________________________________
(сыйланган адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты)
_______________________________________________________________________
(сыйлыктын, документтин түрү)
анын __________________________________________________________________
(сыйланган адамдын жубайына, уулуна, кызына,
_______________________________________________________________________
атасына, апасына, (мураскоруна)
_______________________________________________________________________
фамилиясы, аты, атасынын аты)
мен, __________________________________________________________________
(сыйлыкты өткөрүп берген адамдын кызматы,
_______________________________________________________________________
фамилиясы жана инициалдары)
өткөрүп бердим.
_____________________________________________
(сыйлыкты өткөрүп берген адамдын колтамгасы)
М.О.
N 6 Форма
Кыргыз Республикасы
_____________________
(область, Бишкек ш.)
Сыйланган адамдардын фамилиясына, атына жана
атасынын атына тактоолорду киргизүү жөнүндө
АКТ
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын тапшырууга даярдоодо Кыргыз Республикасынын Президентинин 199__-жылдын "___" ____________ N ____ Указы боюнча сыйланган адамдын документтеринде төмөнкүдөй так эместиктер белгиленди:
ордендик китепчеде: ______________________________________________
(сыйлыктын аталышы)
күбөлүктө: _______________________________________________________
(сыйлыктын аталышы)
Жазылганы: Төмөнкүдөй болууга тийиш:
Асекеев Болот Асанович Асекеев Болот Асанович
N 2 автобазанын айдоочусу N 2 автобазанын айдоочусу
Жетекчи ____________________________ _______________
(Ф.А.А., кызматы) (колтамгасы)
М.О.
199___-жылдын "______" ____________
N 7 Форма
Кыргыз Республикасы
_____________________
(область, Бишкек ш.)
Кыргыз Республикасынын Президентинин указдары
менен сыйланган, мамлекеттик сыйлыктары
тапшырылбай калган адамдардын
ТИЗМЕСИ
┌─────┬─────────────────┬────────────┬──────────┬─────────────────────┐
│Катар│Сыйланган адамдын│Указдын күнү│ Сыйлыктын│Тапшырылбай калышынын│
│ N │ Ф.А.А. │жана номери │ түрү │ себеби жана жаңы │
│ │ │ │ │ жашаган жеринин │
│ │ │ │ │ дареги │
└─────┴─────────────────┴────────────┴──────────┴─────────────────────┘
_________________________________________________ Кеткен (дареги)
_________________________________________________
_________________________________________________ Каза болгон
_________________________________________________ (мураскорлору жок)
_________________________________________________
_________________________________________________ Чет өлкөдө
_________________________________________________ командировкада
_________________________________________________ (кайтып келүүчү
_________________________________________________ мөөнөтү)
_________________________________________________
_________________________________________________ Анык аскер
_________________________________________________ кызматына чакырылган
_________________________________________________
_________________________________________________ жана башка себептер
Аталган сыйлыктарды _______________________________________ боюнча
(мекеменин аталышы)
отчеттон алып салууну өтүнөбүз.
Жетекчи ____________________________ ________________
(Ф.А.А., кызматы) (колтамгасы)
М.О.
199___-жылдын "______" ____________