Загрузка документа…
КР Президентинин 2019-жылдын 23-сентябрындагы ПБ № 204 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 5-апрели ПБ N 73
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ
2006-жылдын 7-августундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу", 2006-жылдын 6-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын уюштуруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралу", 2001-жылдын 30-майындагы "Кыргыз Республикасынын ардактуу наамдары жана Ардак грамотасы жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралу", 2005-жылдын 13-февралындагы "Кыргыз Республикасынын ардактуу наамдары жана Ардак грамотасы жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралу", 2006-жылдын 25-июлундагы "Кыргыз Республикасынын ардактуу наамдары жана Ардак грамотасы жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралу", 2005-жылдын 2-февралындагы "Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жүзөгө ашыруу иретинде, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 19-августундагы N 285 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 19-августтагы N 285 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына көрсөтүүнүн жана аларды тапшыруунун тартиби жөнүндө Нускоого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункттун экинчи абзацы жана 22-пункттун үчүнчү абзацы "Баатыр эне" деген сөздөрдөн кийин ", "Данакер" ордени", деген сөздөр менен толукталсын, "Эне даңкы" медалы" деген сөздөрдөн кийин ". "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" медалы, "Кайрымдуулук үчүн" медалы, "Эмгек ардагери" медалы" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-пункттун экинчи абзацындагы жана 15-пункттун биринчи абзацындагы "Мыйзам чыгаруу жыйынынын", "жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын Төрагасы", "Мыйзам чыгаруу жыйынынын", ", Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын Төрагасы" деген сөздөр алып салынсын;
2-пункттун төртүнчү абзацындагы жана 4-пункттун экинчи абзацындагы ", Кыргыз Республикасынын Жогорку арбитраждык соту" деген сөздөр алып салынсын;
- 2-пункттун бешинчи жана алтынчы абзацтарындагы "зарыл болгон учурда" деген сөздөр алып салынсын;
- 2-пункттун бешинчи абзацындагы "башкаруусу" деген сөздөн кийин ", жергиликтүү кеңештердин" деген сөздөр менен толукталсын;
6-пункт төмөнкү мазмундагы жаңы төртүнчү абзац менен толукталсын:
" - "Манас", "Баатыр эне", "Данакер" ордендери, "Даңк", "Эне даңкы", "Кайрымдуулук үчүн", "Эмгек ардагери" медалдары менен сыйлоого - 3x4 өлчөмүндө;";
- 6-пункттун төртүнчү - жетинчи абзацтары тийиштүү түрдө бешинчи сегизинчи абзацтар деп эсептелсин;
- 6-пункттун сегизинчи абзацы ", ошондой эле илимий даражасын ырастаган документтин нотариат тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү." деген сөздөр менен толукталсын;
- 7-пункттун биринчи абзацы "күбөлүктүн" деген сөздөн кийин "нотариат тарабынан күбөлөндүрүлгөн" деген сөздөр менен толукталсын;
- 13-пункттун биринчи абзацы жаңы редакцияда баяндалсын:
"Туура толтурулган сунуштар, сыйлоо баракчалары жана тийиштүү сыйлоо материалдары (коллегиялуу органдын токтомунун же чечиминин үзүндүсү, сыйлыкка көрсөтүлгөн талапкерди талкуулоонун протоколу, эмгек китепчесинин, паспортунун жана сиңирген эмгегин ырастаган башка документтердин нотариат тарабынан күбөлөндүрүлгөн (ведомстволук сыйлыктардын, дипломдордун, сертификаттардын ж.б. нотариат тарабынан күбөлөндүрүлгөн) көчүрмөлөрү жыйналышка чейин бир ай калганда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча Комиссияга тапшырылууга тийиш. Үстүнөн оңдолуп жана түзөтүлүп жазылган сыйлоо документтери кабыл алынбайт.";
24-пунктта "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын мамлекеттик сыйлыктар бөлүмү" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча Комиссиянын катчылыгы деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев