Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сүлүктү шаардык кеңешинин (алтынчы чакырылышы) XXVIII сессиясы
2020-жылдын 2-июлу № 127
Сүлүктү шаарынын мэриясынын, шаардык кеӊештин жана “Шахтер жолу” гезитинин жооптуу кызматкерлерине жеке электрондук - эсептөө машиналардын ишинин зыяндуу шарттары үчүн эмгек акыларына кошумча төлөөгө макулдук берүү жөнүндө
Сүлүктү шаардык мэриясынын, шаардык кеӊештин жана “Шахтер жолу” гезитинин жооптуу кызматкерлерине жеке электрондук - эсептөө машиналардын ишинин зыяндуу шарттары үчүн эмгек акыларына 15% өлчөмүндө кошумча төлөө жөнүндөгу 2020-жылдын 17-июнундагы №01-12/07-1143 чыгыш сандуу, шаардык кеӊештин 2020-ж. 23-июнь №64 чыгыш сандуу, “Шахтер жолу” гезитинин 2020-жылдын 22-июнундагы №43 чыгыш сандуу каттарын карап чыгып Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 164, 224 беренелеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-ж. 27-апрель №258 – токтомунун 1-тиркеме 8-пункт, 2016-ж.11-апрель №201 токтомунун 2 тиркемеси, Кадам жай райондук ооруулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөлүнүн 2019-жылдын 4-декабрындаг №44, №74, 2020-жылдын 20-январындагы №13, 17-мартындагы №34 протоколдоруна ылайык Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаарынын мэриясынын, шаардык кеӊештин жана “Шахтер жолу” гезитинин жооптуу кызматкерлерине жеке электрондук - эсептөө машиналардын ишинин зыяндуу шарттары үчүн эмгек акыларына 15% өлчөмүндө кошумча төлөөгө макулдук берилсин
2. Шаардын мэриясынын, шаардык кеӊештин жана “Шахтер жолу” гезитинин жооптуу кызматкерлерине жеке электрондук - эсептөө машиналардын ишинин зыяндуу шарттары үчүн эмгек акыларына кошумча төлөөнү жүргүзүү жагы аталган ишканалардын жетекчилерине милдеттендирилсин
3. Көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин бюджет экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Исмаилов |