КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 8-январы ПЖ № 2
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик органдардын түзүмүн оптималдаштыруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы № 607 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
-жогоруда аталган Жарлыктын № 1 тиркемесинин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген аткаруу бийлигинин башка органдары" деген бөлүмдүн 1-пунктундагы "569" деген сандар "527" деген сандар менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент Кыргызской Республики |
К.Бакиев |