Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 9-январы ПЖ № 7
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин эмблемасын негиздөө жөнүндө
Мамлекеттик башкаруу органдарынын жана Кыргыз Республикасынын Президенти түзүүчү жана башчылык кылуучу конституциялык органдардын тарыхый салттарын сактоо жана өнүктүрүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин эмблемасы негизделсин.
2. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин эмблемасынын тиркелген эскиздери жана сыпаттамасы бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин эмблемасын негиздөө менен байланышкан чыгымдарды финансылоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын республикалык бюджетинде каралган каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырыла тургандыгы белгиленсин.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 9-январындагы № 7 Жарлыгы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин эмблемасынын СЫПАТТАМАСЫ
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин эмблемасы сары түстөгү жети кырдуу жылдызды билдирет, формасы боюнча Президенттин төш белгисин - Президенттик бийликтин символун эске салат. Жети деген сандын мааниси, Президенттин төш белгисиндей эле, теңир жараткан жана асыл башталыштын, жакшылыктын жана бакты-таалайдын, өз уруусуна жана элине таандык экендигинин ыйык касиеттүү түшүнүгүнө ээ.
Жети кырдуу жылдыздын ичинде сары түстөгү тегерек калкандын сүрөтү тартылган, ал коргоонун жана коопсуздуктун символу болуп саналат, аны бойлото бөрктүү кырк кадоо бар, алар кыргыз элинин кырк башатын - "кырк уруу кыргызды", "кырк чорону" - Айкөл Манастын кырк чоросун символдоштурат.
Калкандын бети Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун түсүндөгү кызыл тасма менен кыюуланган, ал эрдикти, тайманбастыкты, күчтү жана каармандыкты чагылдырат. Тасманын жогорку бөлүгүндө сары түстөгү бир кылка чачыраган кырк нуру бар тегерек күн дискасы жайгашкан. Күн дискасынын ичинде кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгү тартылган. Тасманын төмөнкү бөлүгүндө - литералары түз болгон сары түстөгү "КООПСУЗДУК КЕҢЕШИ" деген жазуу.
Калкандын борборунда мамлекеттик символ - Кыргыз Республикасынын Герби тартылган. Мамлекеттик гербди толук түстө, ошондой эле бир түстө жети кырдуу жылдыз жана калкан менен чагылдырууга жол берилет.
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин эмблемасынын сүрөтү төмөнкүчө аткарылышы мүмкүн:
- түстүү, бир түстөгү же кара-ак, көлөмдүү же графикалык сүрөт түрүндө;
- ар кандай аткаруу техникасында жана ар кандай материалдардан;
- сүрөттүн пропорцияларын сактоо менен үлгүдөн айырмаланган өлчөмдөрдө.
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин эмблемасын төмөнкүлөрдө чагылдырууга уруксат берилет:
- расмий бланктарда, папкаларда, штамптарда, Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнүн жана Коопсуздук кеңешинин аппаратынын кызматкерлеринин визиттик карточкаларында, төш белгилеринде;
- Коопсуздук кеңешинин аппараты чыгаруучу басылма продукцияда, кино-, видео- жана фото материалдарда;
Президенттин Администрациясынын, Коопсуздук кеңешинин аппаратынын же Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын буюртмасы боюнча даярдалуучу рекламалык-маалыматтык же сувенирдик продукцияда (проспектер, буклеттер, календарлар, төш белгилер, вымпелдер, сааттар, идиштер, медальондор жана башка буюмдар).
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин эмблемасын колдонуу менен продукцияны даярдоого байланышкан чыгымдарды финансылоо мамлекеттик каражаттардын эсебинен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген каражаттардын эсебинен жүргүзүлүшү мүмкүн.