Загрузка документа…
КР Президентинин 2012-жылдын 25-январындагы ПЖ № 16 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 15-январы № 25
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык талдоо жана баа берүү институтунун маселелери
Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин маалыматтык жана талдоо жагынан камсыз кылууну өркүндөтүү максатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык талдоо жана баа берүү институту жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.
2. Институттун директоруна Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын жетекчиси менен макулдашуу боюнча бир айлык мөөнөттө Институттун ишин андан ары өркүндөтүү боюнча сунуш киргизүү тапшырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 13-февралындагы № 66 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун иши жөнүндө" Жарлыгынын 1-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын жетекчисине жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 15-январындагы № 25 жарлыгы менен бекитилген
|
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык талдоо жана баа берүү институту жөнүндө ЖОБО
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык талдоо жана баа берүү институту (мындан ары - Институт) Президентти өлкөдөгү кырдаалды жана Кыргызстандын дүйнөдөгү абалын келечектүү жана туруктуу талдоо менен камсыз кылуу үчүн түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мекеме болуп саналат.
2. Институт стратегиялык чечимдерди даярдоону талдоо жагынан камсыз кылууга жана өлкөнүн жогорку жетекчилигин кабыл алынган стандарттар боюнча жана оперативдүүлүк негизинде туруктуу иштелип чыккан сапаттуу талдоо документтери менен камсыз кылууга чакырылган.
3. Институт талдоочуларды жана эксперттерди кеңири тартуунун жана адистештирүүнүн эсебинен өз ишин мамлекеттин алдында турган маселелерди чечүү менен байланышкан багыттарга топтолот. Институт мамлекеттик эмес секторду, ошондой эле чет өлкөлүк адистерди кошуп алганда эксперттик жана талдоо структураларынан кадрларды тартууну камсыз кылат.
4. Институттун ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары жана ушул Жобо түзөт.
5. Институт юридикалык жак болуп саналат, өзүнүн эмблемасы, аталышы кыргыз, орус жана англис тилдеринде жазылган гербдүү мөөрү, бланктары, жеке символикасы жана зарыл реквизиттери болот. Институттун банктарда жана башка финансы-кредиттик мекемелерде эсеп-кысабы жана башка эсептери болот.
6. Институттун жайгашкан орду - Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү, 107.
7. Институттун расмий аталышы болот:
толук аталышы:
кыргыз тилинде: "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык талдоо жана баа берүү институту";
орус тилинде: "Институт стратегического анализа и оценки при Президенте Кыргызской Республики";
англис тилинде: "Institute of Strategic Analysis and Evaluation under President of Kyrgyz Republic";
кыскача аталышы:
кыргыз тилинде: (СТББИ), орус тилинде (ИНСАО), англис тилинде (INSAE).
8. Институттун жумушчу тили болуп мамлекеттик, расмий жана англис тилдери саналат.
9. Институттун негизги максаты болуп өлкөдөгү кырдаалды жана дүйнөдөгү Кыргызстандын абалын талдоо, Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин маалыматтык-талдоо жагынан камсыз кылуу, Кыргызстанда стратегияларды жана программаларды даярдоону талдоо жагынан камсыз кылуу саналат.
10. Институттун ишинин негизги багыттары жана функциялары:
- Кыргыз Республикасынын Президентин мамлекеттик буюртманын негизинде талдоо жана маалыматтык материалдар менен камсыз кылуу;
- өлкөдөгү кырдаалга жана дүйнөдөгү Кыргызстандын абалына мониторинг жүргүзүү жана баа берүү;
- мамлекеттик стратегияларды, программаларды жана улуттук долбоорлорду жүзөгө ашырууга баа берүү;
- жогорку башкаруу звеносу үчүн маалыматтык (электрондук) жана басылма (материалдардын тематикалык жыйнактарын) басылмаларды чыгарууну уюштуруу;
- мамлекеттик буюртмаларды аткаруу, эксперттик баа берүүнү уюштуруу үчүн өлкөнүн эксперттик ресурстарын издөө жана тартуу;
- социалдык-экономикалык, гуманитардык чөйрөлөрдө, мамлекеттик башкаруу жана мамлекеттик саясат системасында талдоо, изилдөөчүлүк долбоорлорун жана иштеп чыгууларды даярдоо жана жүзөгө ашыруу;
- талдоо докладдарын, изилдөөчүлүк иштеп чыгууларын басып чыгаруу;
- башкаруу чечимдерин иштеп чыгууга коомчулуктун катышуусунун программаларын жана долбоорлорун иштеп чыгуу;
- жаңы ыкмаларды таркатуу максатында изилдөөлөр жана талдоолор үчүн тренингдерди уюштуруу жана өткөрүү;
- эксперттерди чет өлкөдө стажировкадан өткөрүүнү жана даярдоону уюштуруу;
- ата-мекендик, ошондой эле чет өлкөлүк стратегиялык талдоо борборлору жана мамлекеттик саясат институттары менен кызматташтыкты түзүү, семинарларды жана тренингдерди өткөрүү үчүн жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн адистерди тартуу;
- Институтту өнүктүрүү үчүн финансылоонун кошумча булактарын тартуу;
- ошондой эле алдыга коюлган максаттарга жетишүү үчүн зарыл болгон иштин башка түрлөрү.
11. Институт ишин багытына ылайык белгиленген тартипте төмөнкүлөргө укуктуу:
- Институттун ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматты мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан суратууга жана алууга;
- Кыргыз Республикасынын Президентине, ошондой эле мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз сунушун киргизүүгө;
- Институттун жумушчу топторун, убактылуу чыгармачыл жамааттарын, региондук филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн түзүү жолу менен Институттун долбоорлоруна жана программаларына катышуу үчүн башка уюмдар менен мекемелердин эксперттерин, адистерин жана кызматкерлерин тартууга;
- өз ишинин маселелери боюнча эл аралык уюмдар жана талдоо түзүмдөрү менен өз ара аракеттенүүгө, алар менен биргелешкен иш-чараларды жүргүзүүгө, адистер жана эксперттер менен алмашууга;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн макулдугу менен юридикалык жактарды - коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү, анын ичинде буюртмалар, долбоорлор жана гранттар боюнча талдоо жасоого окутуу жана иш жүргүзүү үчүн түзүмдөрдү түзүүгө;
- редакциялык-басылма ишин жүргүзүүгө, мезгилдүү басылмаларды, мектептердин, семинарлардын жана конференциялардын, анын ичинде эл аралык материалдарды жарыялоого;
- мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды сатып алууга, юридикалык жактардан жана жарандардан имараттарды, курулуштарды, жабдууларды, жер участкаларын жана башка мүлктөрдү сатып алууга, алууга жана ижарага алууга;
- Институттун кызматкерлерин ардак наамдарды берүүгө жана мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого көрсөтүүгө;
- мыйзамга жана ушул Жобого карама-каршы келбеген башка иштерди жүргүзүүгө.
12. Институтка Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалып жана бошотула турган директор жетекчилик кылат.
13. Институттун директору:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын (мындан ары Президенттин Катчылыгы) жетекчисинин оозеки буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн аткарат;
- ушул Жобого ылайык Институттун иши жана финансылык иши жөнүндө жазуу жүзүндөгү отчетту жылына бир жолу Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна жана кеминде жылына эки жолу Президенттин Катчылыгынын кароосуна сунуш кылат;
- Институттун ишине оперативдүү жетекчилик кылат;
- Кыргыз Республикасында жана андан тышкары жерлерде Институттун таламдарын көздөйт;
- юридикалык жактар, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жеке жактар менен өз ара мамилелеринде Институттун таламдарын көздөйт;
- Институтка жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткарууну камсыз кылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
- Институт боюнча чечимдердин аткарылышын камсыз кылат жана контролдук жүргүзөт;
- Институттун ишинин маселелери боюнча тескемелерди, буйруктарды, нускоолорду жана башка ички документтерди чыгарат;
- Институттун кызматкерлерин кабыл алат жана бошотот;
- банктарда эсеп, валюталык жана башка эсептерди ачат жана жабат;
- Институттун атынан жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзөт;
- комиссияларды, убактылуу жумушчу топторун жана органдарды түзүү жана жоюу жөнүндө чечим кабыл алат;
- Институт тарабынан юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө чечимдердин долбоорлорун иштеп чыгат жана Президенттин Катчылыгына макулдашууга киргизет;
- Институттун ички тартибинин эрежелерин жана штаттык санын бекитет;
- Институттун өкүлчүлүктөрүнүн жана филиалдарынын жетекчилерин дайындайт жана бошотот;
- аппаратты күтүүгө жана Институттун ишин камсыз кылууга каражаттардын өлчөмүн жана пайдалануу тартибин бекитет;
- эмгекке акы төлөөнүн бекитилген шартынын негизинде мамлекеттик буюртма боюнча республикалык бюджеттен Институтка бөлүнгөн каражаттардын чегинде, ошондой эле финансылоонун башка булактарынан алынган каражаттардын эсебинен институттун кызматкерлеринин эмгек акысынын өлчөмүн аныктайт;
- Президенттин Катчылыгынын жана Институттун Байкоочу кеңешинин компетенциясына кирбеген Институттун ишинин башка маселелерин өз алдынча чечет.
14. Институттун курамында Институттун ишин камсыз кылуучу билим берүү борборлору жана башка түзүмдөр түзүлүшү мүмкүн.
15. Долбоордук саясатты иштеп чыгуу, Институттун жана анын борборлорунун ишин координациялоо жана пландаштыруу үчүн Институттун директорунун, борборлордун жетекчилеринен жана Президенттин Катчылыгынын талдоо кызматынын жетекчисинен турган Институттун директорлор кеңеши түзүлөт. Кеңештин чечими Институттун директору аны бекиткенден кийин күчүнө кирет.
16. Институт өз ишинде Президенттин Катчылыгына баш ийет. Президенттин Катчылыгы Институттун ишине контролдук кылат жана текшерет, Институттун директорунан Институттун иши жөнүндө ар кандай маалыматты, анын ичинде кесиптик жана финансылык иши жөнүндө отчетту талап кылууга укуктуу.
17. Президенттин Катчылыгынын контролдук функцияларын Президенттин Катчылыгынын жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти түзгөн Институттун Байкоочу кеңеши жүргүзөт.
18. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү эки жылдык мөөнөткө дайындалат.
19. Байкоочу кеңештин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Институттун ишинин маанилүү маселелерин талкуулоо;
- кесиптик иштин маселелерин кароо жана уруксат кылуу;
- Институттун директору тарабынан даярдалган Институттун иши жөнүндө отчетту кароо;
- Институттун ишинин стратегиялык багыттарын жана саясатын талкуулоо;
- Институттун ишинин негизги багыттарын талкуулоо, Институттун өлкөнүн жетекчилиги менен тикелей өз ара аракеттенишин камсыз кылуу жана анын ишине коомдук баа берүү;
- Институттун жана анын борборлорунун ишинин стратегиясын кароо, анын аткарылышына баа берүү.
20. Институттун түзүмүн, штаттык санын жана кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын Институттун директорунун Президенттин Катчылыгы менен алдын ала макулдашылган сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Президенти бекитет.
21. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган ага өткөрүп берген Институттун имараттары, жабдуулары, техникалык жабдыктары жана башка мүлкү мамлекеттик менчиктин өзгөчө бөлүгү болуп саналат, анын наркы Институттун өз алдынча балансында чагылдырылат.
22. Институт өзүнүн финансылык-чарбалык ишин өз алдынча жүргүзөт.
Финансылоонун булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары;
- мамлекеттик түзүмдөрдөн иш аткарууга буюртмалар;
- долбоордук, талдоо, маалыматтык, басма жана чарбалык иштерден түшкөн кирешелер;
- демөөрчүлүк каражаттары жана гранттар;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамына карама-каршы келбеген башка кирешелер.
23. Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен тыюу салынбаган иштерден алынган Институттун бардык каражаттары Институттун максаттарына ылайык пайдаланылат.
24. Институтту кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.