Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2002-жылдын
9-декабрындагы № 834
токтому менен
бекитилген
Кымбат баалуу металлдардын чендик, стандарттуу жана стандарттуу эмес уютмаларын сатып алуу-сатуу бүтүмдөрүн жасоо жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 238 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Бул Жобо "Кымбат баалуу металлдар жана кымбат баалуу таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын аймагында баштапкы тооруктарда кымбат баалуу металлдардын чендик уютмаларын (1000 г, 500 г, 250 г, 100 г, 50 г, 10 тол (1 тол = 11,6638 г) жана башка), кымбат баалуу металлдардын стандарттуу уютмаларын (алтын үчүн - салмагы 10886,23 г баштап 13374,51 г чейин, күмүш үчүн - салмагы 23327,63 г баштап 34213,85 г чейин) жана кымбат баалуу металлдардын стандарттуу эмес (стержень, гранула, пластина, зым жана башка формада жана/же массасы стандарттуу жана чендик уютмалардан айырмаланган) уютмаларын сатып алуу-сатуу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 238 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Сатып алуу-сатуу бүтүмүнүн объектиси болуп Лондон чендик, стандарттуу жана стандарттуу эмес уютмалар рыногу ассоциациясынын (ЛБМА) талаптарына жана Кыргыз Республикасынын стандарттарына туура келүүчү алтындан, күмүштөн, платинадан жана платина тобундагы металлдардан (мындан ары чендик, стандарттуу жана стандарттуу эмес уютмалар деп аталат) алынган чендик, стандарттуу жана стандарттуу эмес уютмалар эсептелет.
Кымбат баалуу металлдардын уютмалары - бул кыргыз же чет өлкөлүк өндүрүштөгү аффинирленген кымбат баалуу металлдардын стандарттуу, чендик жана стандарттуу эмес уютмалары.
Кымбат баалуу металлдардын стандарттуу жана чендик уютмалары бул формасы, өлчөмү жана сынамыгы боюнча сапаттын эл аралык стандарттарына туура келген, аффинирленген кымбат баалуу металлдардын уютмалары.
Кымбат баалуу металлдардын стандарттуу эмес уютмалары - бул формасы жана өлчөмү боюнча кымбат баалуу металлдардын стандарттуу жана чендик уютмаларынан айырмаланган, ар кандай формадагы жана өлчөмдөгү (стержень, гранула, пластина, зым жана башка), аффинирленген кымбат баалуу металлдардын уютмалары.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 238 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Чендик, стандарттуу жана стандарттуу эмес уютмалар менен операциялар боюнча кымбат баалуу металлдар рыногунун катышуучулары болуп Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Кымбат баалуу металлдар департаменти менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан башка төмөнкүлөр эсептелиши мүмкүн:
- коммерциялык банктар;
- кен пайдалануучулар - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишкердик иш-аракеттерди жүргүзүүчү жана минералдык сырье казып алууга лицензиялары бар юридикалык жана жеке жактар;
- өнөр жайлык керектөөчүлөр - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишкердик иш-аракеттерди жүргүзүүчү, зергерлик буюмдарды жана чала фабрикаттарды кошкондо өз продукцияларын даярдоо үчүн кымбат баалуу металлдарды пайдалануучу юридикалык жана жеке жактар;
- башка юридикалык жана жеке жактар.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 238 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кымбат баалуу металлдардын чендик, стандарттуу жана стандарттуу эмес уютмаларын Кыргыз Республикасынын чек арасы аркылуу ташуу (алып келүү жана алып чыгуу) зарыл болгон маалыматтарды бажы декларациясына киргизүү, уютманын жасалган жерин ырастоочу кассалык документацияларды, документтерди тиркөө менен жүргүзүлөт жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
Кымбат баалуу металлдарды чыгаруучулар, ыйгарым укук берилген коммерциялык банктар, кымбат баалуу металлдарды колдонуу менен ишкердик иш-аракеттерди жүргүзүүчү юридикалык жана жеке жактар алып келүүгө жана алып чыгууга лицензияны тариздешет.
5. Кымбат баалуу металлдар рыногунун катышуучулары жалпыга маалымдоо каражаттарына реклама жайгаштыруу, ошондой эле сатып алуу-сатуу пункттарынын алдына чендик, стандарттуу жана стандарттуу эмес уютмаларын сатып алуу-сатуу наркын күн сайын жазып илүү жолу менен маалыматка жарандардын эркин жетишин камсыз кылуулары керек.
Маалымат толук болууга жана төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
- Кыргыз Республикасынын аймагына таралган чендик, стандарттуу жана стандарттуу эмес уютмалардын түрлөрү жөнүндө;
- сатууга коюлган уютмалардын ассортименти жөнүндө;
- чендик, стандарттуу жана стандарттуу эмес уютмаларды сатып алуу жана сатуу наркы жөнүндө;
- чендик, стандарттуу жана стандарттуу эмес уютмаларды салыштырма толук өнүмдүүлүгү - рыноктун катышуучуларынын кайра сатып алуу мүмкүнчүлүгү;
- сатып алынган чендик, стандарттуу жана стандарттуу эмес уютмаларды өлкөдөн салыштырмалуу алып чыгуу жана өлкөгө алып келүү жана башка зарыл маалыматтар.
6. Чендик, стандарттуу жана стандарттуу эмес уютмаларды сатып алуу-сатуу менен байланышкан бардык операциялар чендик уютмаларды сатып алуучу же сатуучу адамдын катышуусунда жүргүзүлүшү керек.
Таразаларды жайгаштыруу уютманы сатып алган же саткан адамга таразага тартуунун жыйынтыгына көз менен контролдоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылышы керек.
Чендик, стандарттуу жана стандарттуу эмес уютмалар менен бүтүмдөрдү жасоодо пайда болуучу акчалай милдеттенмелер Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы менен туюнтулушу жана төлөнүшү керек.
7. Чендик, стандарттуу жана стандарттуу эмес уютмаларды даярдоонун жана сатуунун процессинде таразага тартуу ченөөлөрдүн белгиленген тактыгын камсыз кылган таразаларда, аналитикалык таразаларды иштетүүнүн талаптарына ылайык жабдылган жайларда жүргүзүлөт.
Алтындын жана платинанын чендик уютмаларын таразага тартуу 0,001 граммга чейин так жүргүзүлөт.
Чендик уютманын массасынын номиналдуу чоңдугу - бул уютмага берилген жана маркировкалоодо уютманын бетине жазылган массанын чоңдугу.
Чендик уютманын массасынын номиналдуу чоңдуктан четтеши - уютманын иш жүзүндөгү массасы менен Лондон чендик уютмалар рыногунун ассоциациясы кабыл алган жана төмөнкүдөй болгон массанын номиналдуу чоңдугунун ортосундагы айырма катары аныкталган чоңдук:
┌────────────┬─────────────────┬────────────────────────┬─────────────┐
│Чендик │Алтындын массалык│Уютмадагы таза алтындын │ЛБМАнын │
│уютмалардын │үлүшү, % менен │өлчөмү │талаптары │
│номиналдык │ ├────────────┬───────────┤боюнча чендик│
│салмагы │ │троя унциясы│грамм менен│уютмалардын │
│ │ │менен │ │иш жүзүндөгү │
│ │ │ │ │минимум │
│ │ │ │ │массасы, г │
├────────────┼─────────────────┼────────────┼───────────┼─────────────┤
│1000 г. │99,99 │32,148 │999,915 │1000,015 │
├────────────┼─────────────────┼────────────┼───────────┼─────────────┤
│1000 г. │99,90 │32,119 │999,013 │1000,013 │
├────────────┼─────────────────┼────────────┼───────────┼─────────────┤
│1000 г. │99,50 │31,990 │995,001 │1000,001 │
├────────────┼─────────────────┼────────────┼───────────┼─────────────┤
│100 г. │99,99 │3,215 │99,998 │100,008 │
├────────────┼─────────────────┼────────────┼───────────┼─────────────┤
│100 г. │99,90 │3,212 │99,904 │100,004 │
├────────────┼─────────────────┼────────────┼───────────┼─────────────┤
│100 г. │99,50 │3,199 │99,500 │100,000 │
├────────────┼─────────────────┼────────────┼───────────┼─────────────┤
│10 тол. │99,99 │3,75 │116,638 │116,650 │
├────────────┼─────────────────┼────────────┼───────────┼─────────────┤
│10 тол. │99,90 │3,746 │116,514 │116,630 │
├────────────┼─────────────────┼────────────┼───────────┼─────────────┤
│10 тол. │99,50 │3,731 │116,047 │116,630 │
└────────────┴─────────────────┴────────────┴───────────┴─────────────┘
Күмүштүн стандарттуу жана стандарттуу эмес уютмаларын таразага тартуу 1,0 граммга чейин так жүргүзүлөт, мында граммдын ондук үлүшү бүтүн санга тегеректелет. 0,5 грамм же андан төмөн көрсөткүчтөр эсепке алынбайт, ал эми 0,5 граммдан жогорку көрсөткүчтөр жогорку бүтүн санга тегеректелет. Алтындын жана платинанын стандарттуу жана стандарттуу эмес уютмаларын таразага тартуу 0,1 граммга чейин так жүргүзүлөт, мында граммдын жүздүк үлүшү сандын ондук үлүшүнө чейин тегеректелет. 0,05 грамм же андан төмөн көрсөткүчтөр эсепке алынбайт, ал эми 0,05 граммдан жогорку көрсөткүчтөр сандын жогорку ондук үлүшүнө чейин тегеректелет.
Эсептөөдө 1 труа унциясынын салмагы 31,1035 грамм деп алынат.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 238 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Чендик, стандарттуу жана стандарттуу эмес уютмаларды сатып алуу-сатуу сатып алынуучу же сатылуучу уютмалар эл аралык стандарттарга жана Кыргыз Республикасынын стандарттарына туура келген учурда жүргүзүлөт. Сатылуучу жана сатып алынуучу чендик, стандарттуу жана стандарттуу эмес уютмаларын өлчөмү юридикалык жактарга да, жеке адамдарга да чектелбейт. Чендик уютмаларга баа кымбат баалуу металлдардын рыноктук конъюнктурасына жараша түзүлөт жана чендик уютманын түрү менен массасына жараша аныкталат.
Чендик, стандарттуу жана стандарттуу эмес уютмаларды рыноктун катышуучуларынын кайра сатып алууларына чектөө коюуга жол берилбейт.
Уютмалар таза болушу керек жана булганбоого тийиш.
9. Уютмаларды сатып алуу-сатууда ага уютмалардын келип чыгышын тастыктоочу документтер тиркелет.
Чендик, стандарттуу жана стандарттуу эмес уютмаларга тиркелүүчү сертификаттарда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- продукциянын аталышы;
- даярдоочу ишкананын аталышы;
- уютмалардын номери (1000 г. уютмалар үчүн);
- чендик, стандарттуу жана стандарттуу эмес уютмалардагы алтындын массалык үлүшү процент менен;
- чендик, стандарттуу жана стандарттуу эмес уютмалардын номиналдык салмагы, грамм менен;
- уютмалардын иш жүзүндөгү салмагы, грамм менен;
- өзгөчөлөнүү номери;
- кошундулардын болушу, процент менен;
- даярдалган датасы.
10. Кыргыз Республикасынын резиденттерине жана резидент эместерине рыноктун катышуучулары тарабынан уютмаларды сатуу-сатып алуу уютманын баасын жана чендик, стандарттуу жана стандарттуу эмес уютмаларды сатып алуу-сатуу боюнча бүтүмдүн датасын көрсөтүү менен, чендик уютмаларга жана кассалык документтерге ылайык келүү сертификаттарын тиркөө менен жүргүзүлөт.
Бул учурда рыноктун катышуучулары чендик, стандарттуу жана стандарттуу эмес уютмаларга кассалык документтердин жана ылайык келүү сертификаттарынын тууралыгын камсыз кылышат.
11. Сатып алуу-сатууда салык алуу салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
12. Чендик, стандарттуу жана стандарттуу эмес уютмаларды сактоо жана ташуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин нускамаларына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы белгилеген эрежелерге ылайык жүргүзүлөт.
Коммерциялык банктар жана тиешелүү лицензиясы бар кен казуучу ишканалар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чендик, стандарттуу жана стандарттуу эмес уютмалардын кыймылы жөнүндө отчеттун статистикалык жана башка түрлөрүн беришет.
13. Чендик, стандарттуу жана стандарттуу эмес уютмаларды сатып алуу-сатуу боюнча рыноктун катышуучулары чендик, стандарттуу жана стандарттуу эмес уютмаларга рыноктук баанын өзгөрүшүнө байланыштуу, ошондой эле башка мамлекеттер жана эл аралык уюмдар киргизген чектөөлөргө байланышкан зыяндарды жарандарга калыбына келтирбейт.
14. Бул Жобонун талаптарын сактоого контролду Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Кымбат баалуу металлдар департаменти жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аларга берилген укуктардын чегинде ишке ашырышат.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 238 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Бул Жобону бузгандыгы үчүн күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.