Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2002-жылдын 9-декабры № 834
Кыргыз Республикасынын аймагында кымбат баалуу металлдар рыногун өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 238 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасында кымбат баалуу металлдар рыногун түзүү жана өнүктүрүү максатында, ошондой эле "Кымбат баалуу металлдар жана кымбат баалуу таштар жөнүндө" жана "Чет өлкөлүк валютадагы операциялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кымбат баалуу металлдардын чендик, стандарттуу жана стандарттуу эмес уютмаларын сатып алуу-сатуу бүтүмдөрүн жасоо жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 238 токтомунун редакциясына ылайык )
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын таламдаш министрликтери, мамлекеттик комитеттери, административдик ведомстволору жана мамлекеттик комиссиялары менен бирдикте бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ушул токтомду кабыл алууга байланыштуу мурда кабыл алынган нормативдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды берсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын отун-энергетикалык комплекс жана кен казып алуу тармагы бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Н.Танаев |