Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 24-январы ПЖ № 79
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын мамлекеттик башкаруу системасын андан ары өркүндөтүү жана түзүмүн оптималдаштыруу максатында ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы № 607 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлыктын "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген башка аткаруу бийлик органдарынын мамлекеттик кызматчыларын санынын чеги" деген № 1 тиркеменин "Кыргыз Республикасынын министрликтери" деген бөлүктүн 1-пунктундагы "336,5" деген сан "337,5" деген сан менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "Мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жетекчилеринин орунбасарларынын санынын чеги (статс-катчыларды кошпогондо)" деген № 6 тиркеменин 3-пунктунда "Өзгөчө кырдаалдар министрлиги" деген сөздөрдөн кийин ", Тышкы иштер министрлиги" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу жана башка маселелерди чечсин;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |