Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-апрели № 29/1
Жошолу айыл өкмөтүндө жайыт комитетинин иш абалы, жайыт комитетинин төрагасынын бир жылдык отчету жөнүндө
Жошолу айыл өкмөтүндө жайыт комитетинин иш абалын карап,бир жылдык отчетун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын (26.01.2009-ж.№ 30 ред.)негизинде Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXIX заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айыл өкмөтүндө жайыт комитетинин төрагасынын бир жылдык иши кемчиликтерди эске алуу менен канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын (26.01.2009-ж.№ 30 ред.) 10-беренесинин негизинде айыл өкмөтүндө жайыт комитетинин 2016-жылга карата түзүлгөн бюджети жана жайыттын төлөмү ар бир бодо малга 50 (элүү) сом,кой-эчкиге 10( он) сом, ал эми сырттан келген ар бир бодо малга 100 ( жүз) сом, кой-эчкиге 20 ( жыйырма) сом болуп белгиленсин. Жалпы бюджет 300 000 (үч жүз миң) сом өлчөмүндө бекитилсин (тиркеме тиркелет).
3.Айыл аймагына сырттан келген кой-эчки, бодо малдар көзөмөлгө алынып, малдын ден-соолугу боюнча маалыматтар такталып, жайыт пайдалануучулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жайыттык төлөмдөрдү тактоо боюнча жеткиликтүү иш-чаралар жүргүзүлсүн.
4.Айыл аймагында жайыт комитети өз иш аракетин жайыт пайдалануучулар менен Кыргыз Республикасынын жайыттар жөнүндө мыйзамына жана айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин типтүү жобосуна ылайык иш алып барышсын.
5.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт комитетинин төрагасы З.Бороновго жана айыл өкмөтүнүн тийиштүү адистерине милдеттендирилсин.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Иманахунов |
| «Бекитемин» А/кеңештин төрагасы: Иманахунов 21-апрель, 2016-жыл Жошолу айылдык Кенешинин 5 чакырылышынын 29 заседаниесинин № 29\1 токтомунун тиркемеси |
Жайыт комитетинин бюджети
№ | Чыгымдардын статьялары | саны | баасы | Жалпы суммасы сом |
1 | Жайыт инфраструктураларын ондоо |
|
| 144016 |
2 | Жер салыгы (жайыт үчун) |
| 7с 95 тый | 17354 |
3 | Жер салыгы (жайыттын башка максатта пайдалангандыгы үчүн) |
|
|
|
ЖАЙЫТ КОМИТЕТИНИН АДМИНИСТРАТИВДИК ЧЫГЫМДАРЫ | ||||
4 | Төраганын эмгек акысы | 12 | 5000 | 60000 |
5 | Бухгалтердин эмгек акысы | 12 | 4000 | 48000 |
6 | Соцфондго чегерүүлөр | 12 | 17,25% | 18630 |
7 | Командировкалык чыгым |
|
|
|
8 | Транспорттук чыгым |
|
|
|
9 | Канцеляриялык, байланыш чыгымдары |
|
| 3000 |
| Жалпы чыгымдар: |
| ||
Жошолу айылдык аймагынын малдын саны жана бир баш мал үчүн төлөнө турган жайыт акы өлчөмү (малдын башы статистикалык маалыматтардан алынды).
№ | МАЛДЫН ТҮРҮ | САНЫ | ШИБ САНЫ | Төлөнүүчү жайыт акы, сом |
1 | Кой, эчки | 5747 | 1149,4 | 10 |
2 | Жылкы | 1707 | 1707 | 50 |
3 | Уй | 1872 | 1872 | 50 |
4 | Тай | 75 | 52,5 | 50 |
5 | Торпок | 150 | 105 | 50 |
| Бардыгы: | 9551 | 4885,9 |
|
Жайыт комитетинин төрагасы | З. Боронов |