БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы
2016-жылдын 14-ноябры №24/3
Баткен областык юститсия башкармалыгы менен Бирлик айыл өкмөтүнүн ортосундагы келишимди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 15.12.2009-жылдагы №764 токтомуна негиз Баткен областык юстиция башкармалыгы менен Бирлик айыл өкмөтүнүн ортосундагы келишимди карап талкуулап чыгып Бирлик айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бирлик айыл өкмөтүндө нотариалдык иш кагаздарын жүргүзүүдө Баткен областык юстиция башкармалыгы менен Бирлик айыл өкмөтүнүн ортосундагы келишим бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бирлик айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Тѳрага | К. Шакиров |
|
|