Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 15-декабры № 764
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №112, 2017-жылдын 31-майындагы № 314, 2017-жылдын 14-июлундагы № 432, 2019-жылдын 30-июлундагы № 382, 2019-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомдорунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин ишин оптимизациялоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөндө тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин башкаруу схемасы.
2. Кыргыз Республикасынын юстиция министрлиги өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин маселелери" № 612 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин маселелери" № 612 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 224 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-июлундагы "Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин жаза аткаруу тутумун реформалоо боюнча чаралар жөнүндө" № 523 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-июлундагы "Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине тиешелүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдери жөнүндө" № 280 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" № 548 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин маселелери" № 612 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-июлундагы № 408 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин маселелери" № 612 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-январындагы № 2 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин маселелери" № 612 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы № 650 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 9-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" № 278 токтомунун 2-пункту.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 784 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)