Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXX заседаниеси
2016-жылдын 17-майы № 30/1
№ 19 Курманжан датка атындагы орто мектебинин №2 окуу корпусунун ишмердүүлүгүн токтотуу жөнүндө
Айыл өкмөткө караштуу № 19 Курманжан датка атындагы орто мектебинин №2 окуу корпусуна ОсОО “Сандвич” тарабынан 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 47/15 инженердик изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча техникалык корутундусунун негизинде № 2 окуу корпусунун ишмердүүлүгүн токтотуу жөнүндөгү айыл өкмөттүн башчысы Ж.Өмүрзаковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жошолу айылдык кенешинин V чакырылышынын XXX кезексиз заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнө караштуу № 19 Курманжан датка атындагы орто мектебинин №2 корпусуна ОсОО “Сандвич” тарабынан 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 47/15 инженердик изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча техникалык корутундусунун негизинде мектептин № 2 окуу корпусунун ишмердүүлүгү токтотулсун жана аталган окуу корпусу бузулсун.
2. Аталган окуу корпустун жарактуу материалдарын айыл өкмөттүн эсебине кириштөө боюнча айыл өкмөттөн сунушталган комиссиянын курамы бекитилсин (комиссиянын курамы № 1 тиркеме тиркелет).
3. Эски окуу корпусунан чыккан курулуш материалдарын коромжуга учуратпай чогултуп, керектүү жерлерге бөлүштүрүп берүү жана анын калган курулуш материалдарын жарандарга комиссиянын курамы аркылуу мыйзамга ылайык сатууга макулдук берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөттүн алдында түзүлгөн комиссиянын курамына жана айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчик жөнүндөгү туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин, ал эми көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысына калтырылсын.
Төрага | А. Иманахунов |
| Жошолу айылдык кеңешинин 2016-жылдын “17” майындагы № 30/1 токтомуна № 1 тиркеме |
№19 Курманжан датка атындагы орто мектебинин бузула турган № 2 окуу корпусунун жарактуу материалдарын кириштөө боюнча комиссиянын курамы:
Т.Абдырахманов - айыл өкмөттүн башкы адиси, комиссиянын төрагасы,А.Жеенбеков - салык кызматкери, комиссиянын катчысы,
МҮЧӨЛӨРҮ:
1. Б.Эрмекбаева -финансы бөлүмүнүн башчысы,
2. Б.Адишов -Жаңы-Турмуш айылынын айыл башчысы,
3. Т.Маматов - Мектеп директору, айылдык кеңештин депутаты,
4. Ж.Алдашев - Эксперт,
5. А.Кулушова - мектептин профкому,
6. А.Токоев - чарбалык иштер боюнча директордун орун басары,
7. Ч.Досанов - аксакалдар сотунун төрагасы,
8. М.Топчубаев -айыл өкмөттүн жер адиси,
9. Ж.Доранов -айылдык кеңештин депутаты,
10. Т.Абдылдаев -айылдык кенештин депутаты,
11. Ж.Аттокуров - мектептин тех.кызматкери.