Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 07-сентябры №14
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексинин” талаптарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун 06.09.2018-жылдагы № 01-34/482 сунушу боюнча Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумуштун зарылчылыгына байланыштуу, шаардык кеңештин 19.01.2018-жылдагы № 142, 143 токтомдоруна өзгөртүү киргизүү, үнөмдөлгөн акча каражатын чыгымдоо боюнча бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу жалпысынан жактырылсын.
2. Корутундуга ылайык:
· 19.01.2018-жылдагы № 142 токтомунун 5-тиркемесиндеги 33, 39, 40-пункттарынан төмөндөгүлөр кыскартылсын:
Статья 3111 – 1699,7 миң сом;
Статья 3111 – 321,5 миң сом;
Статья 3112 - 210,0 миң сом;
· 19.01.2018-жылдагы № 143 токтомунун 2-пунктунан:
Статья 2215 – 500,0 миң сом;
Жалпы: 2731,2 миң сом.
· Кыргызстан көчөсүндөгү жолдун чуңкурчаларын оңдоо боюнча жарыяланган тендердин жыйынтыгы менен 98,7 миң сом үнөмдөлгөндүгү эске алынсын.
Бардыгы: 3 088,6 миң сом.
3. 2829.9 миң сом акча каражаты төмөндөгү статьялар боюнча жумшалсын:
Статья 2215
41,0 мин сом –Жаштар кеңешинин иш чараларына;
283,5 миң сом –муниципалдык тапшырык үчүн (“Кайрак” участкасындагы таштанды төгүүчү жайга төгүлгөн таштандыларды тазалап, ирээттеп турууга ( 9 айга));
Статья 2224
25,0 миң сом - “Арча-Бешик” балдар бакчасына көмүр алууга;
Статья 2721
10,0 миң сом – I топтогу майып Т.Аскаровго материалдык жардамга;
10,0 миң сом –“Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын жумушчусу С.Калыкеевге материалдык жардамга;
Статья 3111
115,0 миң сом - Токтогул атындагы орто мектебине кемеге салууга;
1700,0 миң сом - Эс алуу багынын тротуарын асфальттоо, капиталдык оңдоого;
578,1 миң сом – Эс алуу багынын ичиндеги тротуардын четин тосмолоого;
Статья 3112
67,3 миң сом - Мэриянын аппаратына 1 (бир) монитор, 1 (бир) принтер жана идиш аяк сатып алууга, шаардык кеңешке 1(бир) комплект компьютер алууга;
4. 19.01.2018-жылдагы № 142 токтомунун 5-тиркемесинин 24-пунктундагы 100,0 мин сом акча каражаты төмөндөгү багытта жумшалсын:
- 30,0 миң сом – мугалимдер күнүнө кошумча;
- 30,0 миң сом – улгайган адамдар күнүнө кошумча;
- 40,0 мин сом –балдар бакчаларына 2222 статьясы боюнча;
5. Ушул токтом менен киргизилген өзгөртүүлөр боюнча планга тактоо киргизүү Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
6. Бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековго жүктөлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына (А.Касымов) тапшырылсын.
8. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
9. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
10. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Тѳрага | М.Н. Жусупахунов |
|
|