Редакцияот 20.12.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы

 

2016-жылдын 20-декабры № 24/3

Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн калкка кызмат көрсөтүүдөгү баалары (тарифтери) жөнүндө

Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн калкка кызмат көрсөтүүдө “Үй бүлөөлүк жана жашап тургандыгы тууралуу маалымат” жана “Каттоодогу малы жөнүндө справканын” бааларын (тарифтерин) жөнүндө айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Эсенамановдун маалыматтын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун 4-пункутчасына ылайык Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүндө акы алып калкка кызмат көрсөтүүдөгү баалары (тарифтери)

1. Үй бүлөөлүк абалы жана жашап тургандыгы тууралуу маалымат - 0 сом

2. Каттоодогу малы жөнүндө справка - 0 сом

3. Учотко туруу,чыгуу - 0 сом өлчөмүндө бекитилип маалыматтар акысыз берилсин.

2. Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги IХ сессиясынын 12-апрель 2014-ж « Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн калкка кызмат көрсөтүүдөгү баалары (тарифтери) жөнүндө” .№9/9 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул токтом 2017-жылдын 4-январынан баштап күчүнө кирсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Кадыркул уулуна тапшырылсын.

 

Төрага

Н. Керимкулов