Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-октябры №9/2
Исфана шаар мэриясынын транспорт, коммуникация жана акылуу кызмат көрсөтүү боюнча департаментинин аткарган иштери жөнүндө отчетун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ьшайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаар мэриясынын транспорт, коммуникация жана акылуу кызмат көрсөтүү боюнча департаментинин аткарган иштери жөнүндө отчету канааттандырарлык деп табылсын (отчет тиркелет).
2. Белгиленген кемчиликтерди жоюу жана айтылган сунуштарды аткарууга алуу жагы Исфана шаарынын транспорт, коммуникация жана акылуу кызмат көрсөтүү боюнча департаментинин башчысы У.Наврузовго милдеттендирилсин.
3. Исфана шаарынын аймагында жол белгилерин орнотууну мыйзам чегинде аткаруу жагы Исфана шаарынын мэри А. Д. Анарботоевге милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу оз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Б. Тагаев |
|
|
| Исфана шаардык Кенешинин V чакырылышынын 2017-жылдын 27-октябрындагы кезектеги IX сессиясынын №9/2 токтомуна тиркеме
|
Исфана шаар мэриясынын алдындагы транспорт, коммуникация, соода жана кызмат керсөтүү департаментинин аткарган жумуштары боюнча
МААЛЫМАТ
Исфана шаар мэриясынын алдындагы транспорт, коммуникация, соода жана кызмат көрсөтүү департамента 2017-жылдын январь айында 2016-жыл үчүн аткарылган иштер боюнча маалымат берилип, 2017-жылга карата аткарылуучу иш чаралардын пландары түзүлдү.
Исфана шаар мэриясынын транспорт, коммуникация, соода жана кызмат көрсөтүү департаментинин 2017-жыл "Ыйман, адеп жана маданият жылына" карата түзүлгөн иш чаралардын планында көрсөтүлгөн төмөнкү иш чаралар 2017-жылдын ичинде аткарылды. Алсак:
Жылдын башынан баштап, ар ай сайын Исфана шаарынын борбордук базардын айланасындагы соода түйүндөрү тартипке алынып, базардагы сооданын жүрүшү боюнча көзөмөлгө алуу иштери жүргүзүлүп түрдү. Исфана шаарындагы соода түйүндөрүн жана коомдук тамактануучу жерлердин абалын жакшыртуу максатында комиссия мүчөлөрү түзүлүп, бүгүнкү күндө чогу иш алып барылууда.
Исфана шаарынын ички көчөлөрү аркылуу каттап жаткан жүргүнчүлөрдү ташуучу кичи автобустардын каттамы көзөмөлгө алынды.
Исфана шаарындагы айылдардын инфраструктурами жогорулатуу, жүргүнчүлөр жана автомашиналардын жүрүшүнө ыңгайлуу шарт түзүү максатында Ак-Булак айылынын ички көчөлөрүнө 16 даана трубалар жаткырылып, узундугу 1, 830 метрге 250 рейс шагыл төшөлдү. Бул жумуштарды аткаруу үчүн 610 800 сом акча каражаты сарпталды. Тайлан айылынын ички көчөлөрүнө узундугу 700 метр жолго 120 рейс шагыл төшөлүп, 209 741 сом акча каражаты сарпталды.
Исфана шаарынын ички көчөлөрүнөн Бөзөгүл участкасына 200 метр жолго 30 рейс, Пилал участкасындагы 300 метр жолго 26 рейс, МКР-2 участкасындагы Манас көчөсүнө 1300 метр жолго 120 рейс, Беш-Бала айылындагы 1400 метр жолго 150 рейс шагыл төшөлүп жолдор калыбына келтирилди.
Исфана шаарынан оор жүк ташуучу авто унаалар отуучу айланма жол (объезд) июнь айынын баштарында узундугу 6,2 метр жолго 76 рейс шагыл төшөлүп, бүгүнкү күндө оор жүк ташуучу авто унаалардын шаардын ичине кирбей айланып өтүүсүнө шарт түзүлүп берилди. Кытайлык Синь Цзян "Бейсин" жол жана көпүрө куруу корпорациясы менен түзүлгөн Исфана-Кайрагач автожолунун проектинин негизинде 5 км жолго асфальт төшөлүп бүткөрүлдү, ал эми бузулган асфальттардан чыккан асфальт калдыктары Самат айылынын ички көчөлөрүнө төшөлүп берилди.
Исфана шаарынын Жаңы-Коңуш, Тоголок-Молдо, Равахана, Восточная, К.Баратов көчөлөрүнө демөөрчүлөрдүн эсебинен 138 рейс шагал ташылып, тегизделди.
Исфана шаарынын Беш-Бала айылына 1 233 763 сомдук жөө адамдар өтүүчү көпүрө курулуп бүткөрүлдү. Иш чарада көрсөтүлгөн С.Садыков көчөсүндөгү 430 метр жолго 1 716 894 сомдук. Восточная көчөсүндөгү 700 метр жолго 3 395 028 сомдук, Тоголок Молдо көчөсүндөгү 500 метр жолго 2 605 900 сомдук, Туракулбай-Ата көчөсүндөгү 1370 метр жолго 6 819 700 сомдук республикалык бюджеттин эсебинен асфальт төшөлүп, капиталдык ондоо иштери жүргүзүлдү.
Жол коопсуздугун сактоо максатында Исфана шаар мэриясына караштуу Додосьян көчөсүндөгү У.Маткаримов атындагы №4 гимназиясынын жана Токтогул Сатылганов атындагы орто мектебинин алдындагы жолго республикалык бюджеттин эсебинен 850 000 сомдук светофор орнотулуп ишке түшүрүлдү.
Транспорт, коммуникация, соода жана кызмат көрсөтүү департаментинин башчысы: У.Наврузов