Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-апрели №14/51
Муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР мыйзамынын, «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө» КР мыйзамынын, КР Өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин жана көргөзүлгөн кызматтардын стандарты бекитилсин (№1 жана №2 тиркеме).
2. Кызмат көрсөтүүгө конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.
3. Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндө жобосу бекитилсин.
4. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын эсептөө тартиби жөнүндө типтүү жобо бекитилсин.
5. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигининwww.gamsumo.gov.kg жана www.ormonhan.kg веб-сайттарына жарыялансын.
6. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кош-Дөбө айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Ырысбек Бектен |
|
|
| Кош-Дөбө айылдык Кенешинин 6-чакырылышынын 2018-жылдын 25-апрелин №14\ 51 токтомуна №1 тиркеме
|
Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеси
№ | Кызматтын аталышы | Кызматты стандартташтырууга жооптуу орган | Муниципалдык кызматты аткаруучунун аталышы | Көрсөтүүнүн шарттары (акы төлөнүүчү же акысыз) тейлөө кызматы |
Кочкор району, Кочкор АО, Нарын облусу | ||||
1. | 1 июнь, 9 май, афгандар, ЧАЭС, майыптар, карылар, энелер кундору жана жылда, аз камсыз уй-булоодогу, жетим, тоголок жетим балдарга жана карыларга жардам беруу; | Айыл окмоту | Айыл окмоту | Акысыз |
2 | Аз камсыз жалгыз бой кары адамдарды, согуштун ветерандарын зарыл азык тулук продуктусу жана даары дармек менен камсыздоо |
|
|
|
3 | Томолой жетимдерге материалдык жардам көрсөтүү | Айыл окмоту | Айыл окмоту | Акысыз |
4 | Аз камсыз, коп балалуу уй-булоодогу балдарга, өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон балдарга (ДМЧА) жана жалан беш баасына окуган окучуларга ата-энесинин арызынын негизинде кезектоо шарты менен жайкы эс алуу лагерине жолдомо менен камсыздоо | Айыл окмоту | Айыл окмоту | Акысыз |
5 | Аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө сөөк койууда отун жагынан жана башка жардамдарды берүү | Айыл окмоту | Айыл окмоту | Акысыз |
6 | Ден-соолугунан мумкунчулугу чектелуу балдарга майыптар кунуно белектерди тапшыруу;
| Айыл окмоту | Айыл окмоту | Акысыз |
7 | Көп балалуу жалгыз бой энелерге кышкы мезгилге жыгач отун менен камсыздоо.
| Айыл окмоту | Айыл окмоту | Акысыз |
8 | Жалгыз бой кары адамдарды, 16 жашка чейинки 5 баласы бар аз камсыз үй-бүлөөлөрдү жана жетим балдарды кышкы мезгилде көмүр менен камсыз кылуу; | Айыл окмоту | Айыл окмоту | Акысыз |
9 | Спорттук беттештердин жана мектеп олимпиадаларынын катышуучуларынын транспорттук чыгымдарын каржылоо
| Айыл окмоту | Айыл окмоту | Акысыз |
10 | Үй – бүлөнүн курамы жөнүндө тактама берүү.
| Айыл окмоту | Айыл окмоту | Акысыз |
11 | Тоголок жетим балдарга мектеп формасы менен камсыз кылуу;
| Айыл окмоту | Айыл окмоту | Акысыз |
12 | Чарбадагы малдын саны жана түрү жөнүндөгү тактама (аныктама).
| Айыл окмоту | Айыл окмоту | Акысыз |
Айыл Кенештин Төрагасы: | Ырысбек Бектен |
| Кош-Дөбө айылдык Кенешинин 6-чакырылышынын 2018-жылдын 25-апрелин №14\ 51 токтомуна №2 тиркеме
|
1. Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Чарбадагы малдын саны жана түрү жөнүндөгү тактама (аныктама). |
2 | Кызматтарды көрсөткөн муниципалдык органдын (мекеменин)толук аталышы | Кош-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтү. |
3 | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Айыл өкмөттүн чарба китебинде каттоодо турган айылдык аймактагы мал ээлери. |
4 | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы. |
5 | Көрсөтүлгөн муниципалдык кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Айыл өкмөткө кайрылган кызмат алуучуларды чарбасындагы малынын саны жана түрү тууралуу тийиштүү расмий тактама менен камсыздоо. |
6 | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн шарты | Өзүнчө, шарттарга жооп берген (жарык, ачык, жылуу, отургучтар менен эмеректер менен жабдылган бөлмө) кенсе, жандуу кезекке туруу аркылуу. |
7 | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Инсандыгын тастыктаган документтерди карап чыгуу, чарба китебин текшерип, тактама жазып, кол коюп, мөөр коюп берүү үчүн 15-20 мүнөт убакыт талап кылынат. Жумушчу күндөрү, саат 9:00 дөн – 17:00 гө чейин. |
2. Муниципалдык кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү муниципалдык (керектүү маалыматтардын тизмеги), стандартташтырууга жооптуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө маалымдоо | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты ___________________айыл аймагынын айыл өкмөт имаратында төмөнкү жолдор аркылуу алууга болот: - маалыматтык такталарында жайгаштырылган маалыматтарга ылайык; - иш график, бланктарды толтуруу тартиби жөнүндө маалымат (үлгүлөр) аркылуу; - кайрылуу күнүндө жетишпеген документтер тууралуу түшүндүрмө алуу аркылуу; - жоопту адистен. Маалымат төмөнкүдөй берилет: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрүндө (телефон аркылуу, жеке жолугушуу учурунда); - электрондук түрдө. |
9 | Муниципалдык кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн: - радио, теле көрсөтүү, маалымат сайттары; - газеталар; - айыл ѳкмѳтүнүн кызмат кѳрсѳтүү бирдиктүү терезеси; - айыл ѳкмѳттүн башчысынын кабылдамасы; - интернет аркылуу; - телефон боюнча. |
3. Тейлөө жана муниципалдык кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Кызмат алуучулар менен пикир алмашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин карманат: сылык, ак ниет, сыпайы, чыдамкай, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүү, маектеш адамды уга билүү жана анын көз карашын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимдерди салмактоо жана аргументтерди келтирүү. Айыл ѳкмѳттүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербестен, кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек, жарандардын эркиндигин жана аларга карата калыс мамиле кылууну камсыз кылып, кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербеши зарыл. Жашы-жете элек балдар менен маектешүүдѳ этияттык менен жүргүзүү керек, психологиялык трамва келтирүүдѳн алыс болуу тийиш. Өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (угуу, көрүү жана таяныч-кыймыл тутуму боюнча ДМЧА) менен пикир алмашуу алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт. |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Муниципалдык кызмат көрсөтүүдө жашыруундуулукту камсыздоо ыкмасы: - жаранды кабыл алууда кенседе башка адамдар жок болот, сүйлөшүүлөр учурунда айтылган маалыматтар башка жактарга берилбейт жана айтылбайт/ Кызмат жѳнүндѳ маалымат таркатууда кызмат алуучулардын аты-жѳнү, дареги кѳргѳзүлбѳшү зарыл. Жыйын, курултай, сессия жана башка элдик чогулуштарда кызмат алуучуларга башка адамдардын кѳзүнчѳ түз кайрылуу, же кызмат алуучулардын аты-жѳнүн аташка тыйуу салынат |
12 | Керектүү документтердин жана/же муниципалдык кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Кызмат алууга керектүү документтердин тизмеси: - Инсандыгын тастыктоочу документ (паспорт). |
13 | Акы төлөнүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн наркы | Акысыз |
14 | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
| Кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактык жана өз убактысында болуу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызматтарды алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызматты көрсөтүүнүн шарттарынын бул стандартта көрсөтүлгөн талаптарга дал келүүсү: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктарынын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү; - кызматтарды көрсөтүүдө кызматкерлердин сылыктыгы жана адептүүлүгү, кызмат көрсөтүү жол-жобосунун бүткүл жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү; - жарандардын даттануу жана сунуштар китепчесинин жеткиликтүү жерде болушу |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Электрондук формада көргөзүлбөйт. |
4. Муниципалдык кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Муниципалдык кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
| Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат: - бул стандарттын 3-пунктундагы талаптарына дал келбеген учурда; - ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн керектүү документтер жок учурда; |
17 | Даттануу тартиби
| Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси айыл ѳкмѳт башчысына же айылдык кенештин тѳрагасына оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасын жана датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар айыл ѳкмѳтү тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсине жооп берүү мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоосу зарыл. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Муниципалдык кызмат көрсөтүү стандарттарын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Төмөнкү муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандарты 1 жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен үзгүлтүксүз кайра каралууга тийиш. |
Айыл Кенештин Төрагасы: | Ырысбек Бектен |