Загрузка документа…
ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-майы №75
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 11-ноябрындагы № 531 токтомунун жана 1997-жылдын 6-ноябрындагы № 646 токтомунун негизинде мамлекеттик менчиктеги обьктилерди муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндөгү токтомуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 16-октябрындагы № 580 “Муниципалдык менчиктеги обьектилерди инвентаризациялоону жүргүзүүнү жана мамлекетти каттоону аяктоо жөнүндөгү” токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 44 беренесине ылайык Өмүралиев айылдык кенешинин VII чакырылышынын он бешинчи кезексиз кеӊешмеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өмүралиев айыл аймагынын Манас айылындагы С.Кутманалиев көчөсүндөгү № __айыл өкмөтүнүн имаратына тиешелүү 0,1450 га жер участогу жана Манас айылынын Чырканак участогундагы водозаборго тиешелүү 0,90га жер участогу Өмүралиев айыл аймагынын муниципалдык менчигине мөөнөтсүз пайдалануу укугу бекитилип берилсин.
2. Талас районундагы жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынан 30 күндүн ичинде мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
3. Тиешелүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Айталиевке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Тѳрага | У. Алмолдоев |
|
|