Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-октябры №14/3
Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги XIV сессиясынын отуруму күн тартибине Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексине” ылайык киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссияларынын биргелешкен отурумунун 2018-жылдын 10-октябрындагы №5 протоколунун негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен 2018-жылда кошумча аткарылуучу иштердин титулдук тизмеси 1-тиркемеге ылайык бекитилсин жана ал иштерге Өзгөн шаарынын бюджетинин 2018-жылда ашыкча аткарылышынын эсебинен 2355,9 миң сомду МММБ департаменти аркылуу каржылоого макулдук берилсин.
2. Кошумча аткарылуучу иштердин титулдук тизмесиндеги иштердин мыйзамдуулугун тактап, тийиштүү документтерин даярдагандан кийин каржылоо МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Н.Абдурахмановго жана аны көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Р.Атаджановго милдеттендирилсин.
3. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2018-жылда ашыкча аткарылышынын эсебинен 2-тиркемеге ылайык шаардык кеңешке 6,1 миң сом, шаардык билим берүү бөлүмүнө 98,0 миң сом, МММБ департаментине 40,0 миң сом кошумча каржылоого макулдук берилсин.
4. Өзгөн шаарынын 2018-жылга бекитилген бюджетинин киреше бөлүгүнүн планына 3-тиркемеге ылайык 2500,0 миң сом өлчөмүндө тактоо киргизүүгө макулдук берилсин. Бюджеттин тең салмактуулук принцибин сактоо менен жогорудагы мекемелердин сметасына өзгөртүү киргизүү жана кирешелер планын Каржы министрлиги менен тактоо жагын көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Р.Атаджановго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Джалилов |
| Өзгөн шаардык кеңешинин 2018-жылдын 27-октябрындагы кезектеги XIV сессиясынын 14/3 токтомунун 1-тиркемеси
|
Өзгөн шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу жана шаардын калктуу конуштарында элдин турмуш деңгээлин оңдоо максатында 2018-жылдын 1-жарым жылдыгында бюджеттин ашыкча аткарылышынын эсебинен каржылана турган иштердин кошумча титулдук тизмеси.
№ | Аткарылуучу жумуштардын аталышы | Жалпы керектелүүчү каражат (сом) | 2018-жылда каралуучу каражат | 2019-жылда каралуучу каражат |
1 | С. Шарипов орто мектебинин кошумча имаратын толук куруп бүтүрүү үчүн | 2 545 425 | 1 119 660 | 1 425 765 |
2 | Калма-Кия кварталындагы балдар бакчасынын имаратын толук куруп бүтүрүү үчүн | 3 014 429 | 1 119 660 | 1 894 769 |
3 | МТС аймагында жайгашкан мусулмандардын, православтардын кабырстандарынын кире бериш жерине “Кабырстандардын жайгашкандыгын маалымдай турган жарнамалык көрсөткүч калканын орнотуу”га | 16 580 | 16 580 | - |
4 | №1 балдар бакчасынын 300 кв.м жерине брусчатка жаткырууга | 100 000 | 100 000 |
|
5 | Асма көпүрөөнүн кошумча аткарылуучу иштерине | 650000 |
| 650000 |
| Баардыгы: | 6 326 434 | 2 355 900 | 3 970 534 |
| Өзгөн шаардык кеңешинин 2018-жылдын 27-октябрындагы кезектеги XIV сессиясынын 14/3 токтомунун 2-тиркемеси
|
2018-жылдын 1-жарым жылдыгында Өзгөн шаарынын бюджетинин ашыкча аткарылышынын эсебинен каржылана турган кошумча каражаттардын тизмеси.
№ | Аталышы | Керектелүүчү каражат (миң сом) |
1 | Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментине (ТВГ машинасына күйүүчү май сатып алууга) | 40000 |
2 | Шаардык билим берүү бөлүмүнө БӨДТД клубуна эмеректерди сатып алуу үчүн | 98 000 |
3 | Шаардык кеңешке (эмгек акы, соцфонд) | 6 100 |
| Баардыгы: | 144 100 |
| Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) 2018-жылдын 27-октябрындагы кезектеги XIV сессиясынын № 14/3 токтомунун 6-айда пландан ашыкча аткарылган салыктын түрлөрүнүн 3-тиркемеси
|
№ п.п | Аталышы | Күтүлүүчү III-IV квартал 2018-ж. (миң сом) |
|
1. | Ыктыярдуу патент | 2500,0 |
|
| Баардыгы: | 2500,0 |
|
Бөлүм башчысы | Т. Туркбаев |