Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-октябры №14/4
Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги XIV сессиясынын отуруму күн тартибине Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексине” ылайык киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссияларынын биргелешкен отурумунун 2018-жылдын 10-октябрындагы №5 протоколунун негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2019-жылга долбоорун тиркемеге ылайык 85546,5 миң сом өлчөмүндө бекитүүгө макулдук берилсин.
2. Бюджеттин киреше бөлүгүнүн сапаттуу аткарылышын жана Өзгөн шаарынын бюджетинин 2019-жылга долбоорун Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексине” ылайык белгиленген мөөнөттө Каржы министрлигине берүүнү көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Р.Атаджановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Джалилов |
Өзгөн шаардык кеңешинин 2018-жылдын 27-октябрындагы кезектеги XIV сессиясынын 14/4 токтомунун тиркемеси
Өзгөн шаарынын 2019-жылга бюджетинин долбоору
№ | Кирешелер | Суммасы, миң сом |
1 | Киреше булактарынан кармалган киреше салыгы | 20000,0 |
2 | Бирдиктүү салык | 850,0 |
3 | Милдетүү патенттин негизиндеги салык | 2571,8 |
4 | Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык | 32969,1 |
5 | Турак-жай эмес мүлккө салык | 1200,0 |
6 | Транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык | 3550,0 |
7 | Тамарка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 2500,0 |
8 | Айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 5,6 |
9 | Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 2650,0 |
10 | Сатуудан алынуучу салык | 11000,0 |
11 | Ар кандай төлөмдөр: | 2250,0 |
| -жер үчүн ижара акы | 1750,0 |
| -автотранспортту парковкалоо үчүн жыйым | 500,0 |
12 | Атайын каражаттар салыгын кошпогондо кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр | 6000,0 |
| Мектепке чейинки балдардын жыйымы | 5300,0 |
| Мектеп жана маданият | 700,0 |
| Жыйынтыгы: | 85546,5 |