Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-ноябры № ХVI-1
Ноокат шаарынын 2018-жылдагы 9-айлык социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Абдувахидовтун билдирүүсү жөнүндөгү маселе Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын 2018-жылдагы 9-айлык социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Абдувахидовтун билдирүүсү эске алынсын. (Билдирүү тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Гафаров |
|
|
Күн тартибиндеги биринчи маселе Ноокат шаардык мэриясынын 2018-жыл 9 айлык бюджетинин аткарылышы боюнча сөз Ноокат шаар мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Абдувахидовга берилет.
Ноокат шаардык мэриясынын 2018-жыл 9 айдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө Ноокат шаар мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Абдувахидовдун билдирүүсү.
Урматтуу төрага!
Урматтуу депутаттар!
Урматтуу бугунку чогулуштун катышуучулары!
Ноокат шаардык мэриясынын 2018-жылдын 9 (тогуз) айы үчүн бекитилген бюджетинин планынын киреше болугу 40124,9 миң сомду түзөт.
Ал эми 9 (тогуз) ай ичинде киреше жана чыгаша боюнча такталган планы 44964,3 миң сомду түзду. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү боюнча 9 (тогуз) айга такталган планы 44964,3 миң сом болсо, 9 (тогуз) ай ичинде 44538,3 миң сом же болбосо 426 миң сомго кем аткарылып 99,1% болду.
1.Атап айтсак, киреше салык планы 11753,2 миң сом болсо, аткарылганы 10300,2 миң сомду тузуп, план 1453,0 миң сомго аз, же 87,6% ке аткарылды.
2.Бирдиктүү салык планы 201,6 миң сом болсо, аткарылганы 370,7 миң сомду түзүп, план 183,9% ке, же 169,1 миң сомго ашыкча аткарылды.
3.Патенттен тушкон салык планы 12042,0 миң сом болсо, аткарылганы 12125,5 миң сомду тузуп план 100,7 % ке,же 83,5 миң сомго ашыкча аткарылды.
4.Кыймылсыз мулк салыгы 982,9 миң сом болсо, аткарылганы 932,9 миң сомду түзүп, план 94,9% ке, же 50 миң сомго аз аткарылды.
5.Транспорт салыгы планы 1650,0 миң сом болсо, аткарылганы 1274,4 миң сомду түзүп, план 77,2 % ке, же 375,6 миң сомго аз аткарылды.
6.Жер салыгы план 1751,0 миң сом болсо аткарылганы1500,7 миң сомду тузуп, план 85,7% ке аткарылды, же болбосо 250,3 миң сомго аз аткарылды.
7.Сатуудан тушкон салык планы 7070,0 миң сом болсо, аткарылганы 7675,9 миң сомду түзүп, план 108,6 % ке аткарылды, же 605,9 миң сомго коп аткарылды.
8.Таштанды ташып чыгаруу салык планы 300,0 миң сом болсо, аткарылганы 351,5 миң сомду түзүп, план 117,2 % ке, же 51,5 миң сомго көп аткарылды.
9.Калктуу конуштагы жер салыгынын планы 450,0 миң сом болсо, аткарылганы 356,5 миң сомду түзүп, план 79,2 % га, же 93,5 миң сомго кем аткарылды.
10.Авто токтоочу жайдан (порковкадан) планы 405,0 миң сом болсо, аткарылганы 710,9 миң сомду түзүп, план 175 % ке аткарылды же 305,9 миң сомго коп аткарылды.
11.Акы толонуучу кызматтардан тушуучу акы (Родителский взнос) планы 3564,6 миң сом болсо, аткарылганы 3932,8 миң сомду түзүп, план 110,3 % ке, же 368,2 миң сомго коп аткарылды.
2017-жылдын 9 айына жалпы тушкон киреше 41375,5 миң сом болсо 2018-жылдын 9 айында тушкон жалпы киреше 44754,5 миң сом болду. 2017-жылдын 9 айына салыштырмалуу жергиликтүү бюджетке 108,2 % коп же 3375,9 миң сомго киреше коп түштү.
Чыгаша болугу боюнча айтсам 2018-жылдын 1-январына калган калдык 4796,2 миң сом, Кыргыз Республикасынын Окмоту тарабынан 2018 жылдын 9 айына такталган план 44754,5 миң сом 2018-жылдын 9 айына бекитилген план 44314,7 миң сом болуп, жалпы 9 айда 44754,5 миң сомго план такталган.
Аткарылганы:
701 бөлүм Өзүн өзү башкаруу тармагы 79,5 % ке аткарылды
704 бөлүм Экономикалык маселелер бөлүмү 27,9 % ке аткарылды
706 бөлүм Коммуналдык чарба бөлүмү 89,3 % ке аткарылды
708 бөлүм Маданият тармагы 57,0 % аткарылды
709бөлүм Билим берүү тармагы 87,1 % аткарылды
710 бөлүм Социалдык коргоо тармагы 94,8 % аткарылды
Жалпы 72,6% аткарылды.
Ноокат шаар мэриясынын финансы-экономика
бөлүмүнүн башчысы: М.Абдувахидов