Загрузка документа…
КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-январы №4
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кең-Арал айылдык аймактык кеңешинин типтүү регламенти бекитилсин. (типтүү регламент тиркелет)
2. Кең-Арал айылдык аймактык кеңешинин типтүү регламенти Талас облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон откөрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин торагасынын орун басары К.Тыныбековго жүктөлсүн.
Тѳрага | И. Жумабеков |
|
|
Кең-Арал айылдык КЕҢЕШИНИН РЕГЛАМЕНТИ
Депутаттардын Кең-Арал айылдык Кеңешинин ХXXIX чакырылышынын кезектеги сессиясында жактырылып кабыл алынды.
(12.01.2017-жыл. Кен-Арал айылы.
I БӨЛҮК. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-глава. Кең-Арал айылдык Кеңеши.
2-глава. Айылдык Кеңештин компетенциясы.
II БӨЛҮК. Айылдык Кеңештин структурасы жана органдары.
3-глава. Айылдык Кеңештин төрагасы жана айылдык Кеңештин орун басары.
4-глава. Айылдык Кеңештин жооптуу катчысы.
5-глава. Айылдык Кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары.
III БӨЛҮК. Айылдык Кеңештин ишинин жалпы тартиби.
6-глава. Айылдык Кеңештин биринчи сессиясы.
7-глава. Айылдык Кеңештин сессиясынын күн тартиби жана ишти пландаштыруусу.
8-глава. Айылдык Кеңештин сессиясында маселелерди даярдоо жана кароо тартиби.
9-глава. Айылдык Кеңештин токтомдорунун долбоорлорун кароо тартиби.
10-глава. Айылдык Кеңештин сессиясынын жумушчу органдары жана райондук Кеңештин ишмердигин камсыздоо.
11-глава. Айылдык Кеңештин депутатынын сессия учурундагы укугу жана милдети.
12-глава. Коомдук угуулар.
IV БӨЛҮК. Айылдык Кеңештин торагасын жана төраганын орун басарын шайлоонун жол-жобосу жана тартиби.
13-глава. Айылдык Кеңештин төрагасын жана анын орун басарын талапкерлерди көрсөтүү тартиби.
14-глава. Жашыруун добуш берүүнү уюштуруунун тартиби.
15-глава. Айылдык Кеңештин финансы-чарбалык иш-аракети жана мүлкү.
16-глава. Айылдык Кеңештин ыйгарым укуктарын токтотуу
I БӨЛҮК. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-глава. Депутаттардын Кең-Арал айылдык Кеңеши
1.1 Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына ылайык депутаттардын айылдык Кеңеши айылдын өкүлчүлүктүү органы болуп саналат. Айылдык Кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтү төрт жыл.
1.2 Айылдык Кеңеш өзүнүн ишин КР Конституциясына, КР Мыйзамына, КР Президентинин жана Жогорку Кеңешинин, Өкмөтүнүн ченемдик-укутук актыларына жана ушул Регламентке ылайык алып барат.
1.3 Айылдык Кеңештин Регламенти айылдык Кеңештердин ишин уюштуруу тартиби, алардын укуктук жана уюштуруучу негиздерин, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын структураларын, сессияларды өткөрүү мөөнөтүн аныктайт.
1.4 Айылдык Кеңештин сессиясы кварталында кеминде бир жолу жана жалпы депутаттардын 1/3 талабы боюнча өткөрүлөт.
1.5 Айылдык Кеңештин аймагында жайгашкан бардык мекеме-уюмдар, менчик формасына карабастан Айылдык Кеңештин токтомдорун аткарууга милдеттүү.
1.6 Айылдык Кеңештин токтомдору Кыргыз Рсепубликасынын мыйзамдарына ылайык алынып салынышы же жокко чыгарылышы мүмкүн.
1.7 Депутаттардын ыйгарым укуктарын төмөндөгүлөрдүн кызмат оруну менен айкалыштырууга болбойт:
1) айыл өкмөт башчысынын жана анын орун басарынын;
2) айылдык кеңештин жооптуу катчысынын;
3) айылдын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын кызматкеринин;
4) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын;
5) Өкмөт мүчөсүнүн же мамлекеттик кызматчынын.
2-глава. Айылдык Кеңештин компетенциясы.
2.1 Айылдык Кеңештер «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө КР Мыйзамынын 31-статьясына ылайык төмөндөгү маселелер боюнча токтомдорду карайт жана кабыл алат.
1). Айылды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн сратегиясын, болжолун, пландарын жана программасын, райондо айлана-чөйрөнү калыбына келтирүүнүн жана коргоонун программаларын бекитүү жана алардын аткарылышына көзөмөлдү ишке ашыруу;
2). Айыл өкмөтүнүн бюджети жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту, ошондой эле атайын фонддорду пайдаланууну бекитүүнүн тартиби;
3). Талап кылынбаган жана пайдаланылбаган жайыттарды пайдалануунун маселелери;
4). Тиешелүү аймакта иштердин абалы жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысынын маалыматын жылына бирден кем эмес угуу;
5). Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысынын айыл өкмөтүнүн кызмат ордуна дайындоо үчүн Мыйзамда белгиленген тартипте талапкерлик боюнча сунуш киргизүү;
6). Айылдык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен өз милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысына ишеним көрсөтпөө;
7). Мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
8). Мамлекеттик бийликтин тиешелүү органдарына киргизүү максатында администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды туруктуу комиссиялардын катышуусу менен иштеп чыгуу;
9). Кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо алардын жогорку же атайын билимин, жетекчилик иш тажырыйбасын эске алып, аларды кызмат ордунан бошотуу, Кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;
10). Айылдык Кеңештин регламентин кабыл алуу;
11). Айылдык Кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдоо;
12). Өкмөт тарабынан аныкталган типтүү ченемдердин негизинде айыл өкмөтүнүн аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү;
13). Мыйзамга ылайык долбоорлук иштерди, курулушту, жолдорду, көпүрөлөрдү турак жай фондун, ошондой эле коммуналдык чарба, экономика, социалдык чөйрө жаатындагы жана айылдык маанидеги оюн-зоок объектилерин куруу, күтүү жана модернизациялоо боюнча сунуштарды киргизүү;
14). Айылдык маанидеги социалдык-маданий мекемелерди ачуу, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө маселелерди макулдашуу;
15). Айылдык маанидеги илимий, окуу-тарбия, маданий-тарбия, жаштардын спорттук иш-чараларын уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
16). Мыйзамга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка органдары менен күч-аракетти бириктирүү, анын ичинде коомдук пайдалуу иштерди жана тейлөө кызматтарын жүзөгө ашыруу максатында чек аралык кызматташуу маселелери, ошондой эле жалпы кызыкчылыкты көздөгөн иш-чараларды жүзөгө ашыруу же жумуштарды аткаруу максатында ата мекендик жана чет өлкөлүк чарбакер субъектер жана коомдук бирикмелер менен кызматташуу жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарын коргоо, коомдук пайдалуу жумуштарды жана тейлөө кызматтарын жүзөгө ашыруу, бекитүү;
17). Айылдын символикасын жана жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;
18). Судьялардан, прокурорлордон, улуттук коопсуздуктун мамлекеттик органынын аймактык бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика органдарынын, ошондой эле ведмостволук аймакта жайгашкан башка мекемелер менен уюмдардын жетекчилеринен башка мамлекеттик бийлик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн ишине контролду ишке ашыруу, алар милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда жогоруда көрсөтүлгөн органдардын жетекчилерин кызмат ордунан четтетүү боюнча маселелерди коюу;
19). Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка маселелер.
II БӨЛҮК. Айылдык Кеңештин структурасы жана органдары
3-глава. Айылдык Кеңештин төрагасы жана айылдык Кеңештин коомдук төрагасынын орун басары.
Айылдык Кеңештин төрагасы;
3.1 айылдык Кеңештин сессиясын депутаттардын көпчүлүгүнүн сунушун эске алып чакырат жана төрагалык кылат, токтомдорго, протоколдорго жана айылдык Кеңештин башка документтерине кол коет, алардын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
3.2 Жарандардын арыздарын, даттанууларын жана кайрылууларын карайт.
3.3 Мамлкеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Ардак наамдарын ыйгаруу сунуштары менен жогорку органдарга кайрылат.
3.4 Кеңештин регламентинин аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
3.5 айылдык Кеңештин төрагасынын орун басарына талапкерлигин шайлоо тууралуу сунушту киргизет.
3.7 Кыргыз Республикасынын мыйзам чегинде Кеңештин компетенциясына кирген дагы башка маселелерди чечет.
3.8 айылдык Кеңештин жаңы чакырылышындагы биринчи жаңы сессиясына чейин өзүнүн кызматын аткарат.
Айылдык Кеңештин коомдук башталыштагы орун басары:
3.9 айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары айылдык Кеңештин төрагасынын милдетин, ал жок учурда же төрага өзүнүн милдетин аткара албай калган учурда коомдук башталышта өз ишин жүргүзөт жана аткарат.
4-глава. Айылдык Кеңештин жооптуу катчысы.
Жооптуу катчы:
4.1 Депутаттарды алар өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууда тийиштүү маалымат менен камсыздайт.
4.2 айылдык Кеңештин келечектүү планын аткарууну камсыздайт.
4.3 айылдык Кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын иш-аракетин камсыздайт.
4.4 айылдык Кеңешке түшүүчү документтердин эсебин алат жана аткарылышын көзөмөлгө алат.
4.5 айылдык Кеңештин сессиясынын материалдарын даярдайт жана аларды айылдык Кеңештин депутаттарына чейин жеткирүүсүнө көзөмөл кылат.
4.6 Депутаттарды, уюмдардын, ишканалардын жетекичилерин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коомдук өкүлдөрүн жана башка адамдарды сессия ишине катышууга чакырууну уюштурат.
4.7 айылдык Кеңештин сессиясына депутаттардын катышуусунун эсебин алууну жүргүзөт.
5-глава. Айылдык Кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
5.1 Кеңештин туруктуу комиссиялары өз ишин «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзөт.
5.2 Туруктуу комиссия айылдык Кеңештин карамагына таандык маселелерди алдын ала карап чыгуу жана даярдоо ошондой эле кабыл алынган чечимдердин аткарылышын уюштуруу жана көзөмөлдөө үчүн түзүлөт. Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү маселелерди алдын ала карайт жана даярдап сессиянын күн тартибине алып чыгат. Туруктуу комиссиялар зарылчылыгына жараша, бирок кварталына бир жолудан кем эмес отурум өткөрөт жана чечим кабыл алат.
5.3 Туруктуу комиссиялар айылдык Кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүндө айылдык Кеңеш тарабынан түзүлөт. Комиссиялардын тизмеги, алардын сандык курамы жана шайлоо тартиби айылдык Кеңеш тарабынан аныкталат. Айылдык Кеңештин депутаты бир гана туруктуу комиссиянын мүчөсү боло алат жана ар бир депутат туруктуу комиссиясынын курамына кириши керек.
5.4 айылдык Кеңеш атайын тапшырмаларды аткаруу максатында убактылуу комиссияларды түзө алат.
5.5 Убактылуу комиссиялар көрсөтүлгөн мөөнөттө тапшырмалардын аткарылышы боюнча жыйынтыктары жөнүндө айылдык Кеңешке отчет берет.
5.6 Тапшырмаларды аткаргандан кийин убактылуу комиссиялар өз ишмердүүлүгүн токтотот.
Ш БӨЛҮК. Айылдык Кеңештин жалпы иш тартиби.
6-глава. Айылдык Кеңештин биринчи сессиясы.
6.1 Кайрадан шайланган айылдык Кеңештин биринчи сессиясы айылдык Кеңешке шайлоо өткөрүлгөндөн кийин эки жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен мурдагы чакырылыштагы айылдык Кеңештин төрагасы же депутаттардын ичинен чыккан демилгечи топ тарабынан чакырылат. Айылдык Кеңештин биринчи сессиясын кайрадан шайланган айылдык Кеңештин курагы боюнча аксакал депутат ачат.
6.2 Айылдык Кеңештин сессиясы депутаттардын жалпы санынан үчтөн экиси катышканда ишти алып барууга укуктуу.
6.3 Айылдык Кеңештин биринчи сессиясынын күн тартибине айылдык Кеңештин Регламенти, төрагасын анын коомдук башталыштагы орун басарын шайлоо маселеси айылдык Кеңештин жана структураны түзүү жана айылдык Кеңештин ишине байланышкан башка маанилүү маселелер коюлат.
6.4 Айылдык Кеңештин төрагалыгына талапкер көрсөтүү тартиби жана шайлоого байланыштуу башка процедуралык маселелерди кароо ушул Регламентке ылайык каралат.
7-глава. Сессиянын күн тартиби жана айылдык кеңештин ишин пландаштыруу
7.1 Сессиянын күн тартиби жана иш тартиби сессиянын төрагасы тарабынан сунушталат, депутаттар талкуулайт жана бекитет. Ошол күнгө айылдык Кеңештин сессиясынын күн тартиби сессиянын күн тартибинин кезектеги маселесин жана аларды карап чыгуунун тартибин камтууга тийиш.
7.2 Депутат тарабынан сунушталып кргизилген сессиянын күн тартибине өзгөрүүлөр жана толуктоолор тууралуу сунуш депутаттар тарабынан талкууланат жана көпчүлүк добуш менен бекитилет Айылдык Кеңештин аппараты менен биргеликте, айылдык Кеңештин төрагасы даярдаган айылдык Кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартибинин долбоору депутаттарга таркатылып берилет.
7.3 айылдык Кеңештин иш планы бир жылга түзүлөт. Айылдык Кеңештин иш планынын долбоорун даярдоону айылдык Кеңештин аппараты жүргүзөт.
7.4 Айылдык Кеңештин депутаттары айылдык Кеңештин туруктуу комиссиялары, айылдык жергиликтүү Өз алдынча башкаруунун башчысы айылдык Кеңештин иш планына маселелерди киргизүү укугуна ээ.
Айылдык Кеңештин бекитилген иш планына маселерди аныктоону өзгөртүү, жаңы маселелерди киргизүү, маселелерди алып салуу айылдык Кеңештин сессиясынын токтому менен таризделет.
8-глава. Айылдык Кеңештин сессиясына маселелерди даярдоонун жана карап чыгуунун тартиби.
8.1 Ушул регламентте белгиленген тартипте айылдык Кеңештин кароосуна коюла турган документтердин пакети төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- докладчыны көрсөтүү менен маселени даярдоого жооптуу адам тарабынан кол коюлган коштомо кат. Эгерде документ айылдык Кеңеш тарабынан мурда кабыл алынган токтомду аткаруу үчүн даярдалса, анда коштомо катка тийиштүү шилтеме жасалат;
- айылдык Кеңештин токтомунун долбоору.
Эгерде айылдык Кеңештин токтомунун долбоору материалдык же финансылык ресурстардын түшүүсүн же чыгымын караган сунуштар камтылса, анда иштеп чыгуучулар тарабынан каржылоо булактары көрсөтүлүү менен тийиштүү эсеп-кысаптар берилет.
8.2 Токтом долбоору каралганда айылдык Кеңештин депутаттарынын, жергиликтүү өз алдынча ашкаруунун өкүлдөрүнүн, талкуулоого катышуу үчүн чакырылган адамдардын сунуштары жана сын-пикирлери угулат. Айыл өкмөтүнүн бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгашаларды караган токтом долбоорун карап чыккан учурда милдеттүү тартипте айыл өкмөт башчысынын корутундусу угулат.
8.3 айылдык Кеңештин токтомунун долбоорун талкуулоонун натыйжасы боюнча төмөнкүдөй чечимдердин бири кабыл алынат:
а) жалпысынан токтом кабыл алынсын;
б) жеткире иштеп чыгууга жөнөтүлсүн;
в) күн тартибинен алынып салынсын.
8.4 Токтомдо аны ишке ашыруунун тартиби белгиленет, атап айтканда:
1) мөөнөтү айкындалат жана колдонууга киргизүү ыкмасы жана колдонууга киргизүү ыкмасы жана пункттарын аткаруу жалпысынан токтомду аткаруунун жолдору аныкталат;
2) Мыйзам алдындагы актыларды иштеп чыгуу боюнча органдарга жана кызмат адамдарына ачык-айкын тапшырмалар берилет, ченемдик-укуктук актыларды өркүндөтүү үчүн аларды кабыл алынган токтомго ылайык келтирүүнүн мөөнөтү аныкталат.
8.5 айылдык Кеңештин (шаардык Кеңештин структуралык түзүмү) ар бир токтомунда жана чечиминде анын аткарылышын көзөмөлдөөчү адам көрсөтүлөт. Документтин жоболорун ишке ашыруунун натыйжалуулук денгээлин, аларды аткарууга кыйынчылык келтирген себептерди табуу, аткарууга тоскоолдук кылган адамдарды (органдарды) аныктоо, аларды жоопкерчиликке тартуу, ошондой эле зарыл болгон учурда сот тартибинде документтин жоболорун аткарууну камсыз кылуу көзөмөлдөө максаты болуп саналат. Токтомдун же чечимдин тапшырма коюлган пунктунда аткаруучу (бир же бир нече) же айылдык Кеңештин структуралык түзүмү, ошондой эле эреже катары аткаруу мөөнөтү көрсөтүлөт.
8.6 Көзөмөл жасоо боюнча отчеттуулук мөөнөтү же токтомдун өзүндө же айылдык Кеңештин төрагасы тарабынан белгиленет.
8.7 айылдык Кеңештин аппараты депутаттарга жана жергиликтүү коомчулукка сессиянын өтө турган күнү, убактысы, күн тартиби жана сессиянын өтө турган жери жөнүндө аны өткөрүүгө 3 күн калгандан кечиктирбестен маалымдайт. Айылдык Кеңештин сессиясын сессияда төрагалык кылуучу алып барат. Сессияда төрагалык кылуучу кызматы боюнча айылдык Кеңештин төрагасы болуп саналат. Ал катышпаган учурда, сессияда төраганын коомдук орун басары же болбосо айылдык Кеңештин протоколдук чечими менен тапшырылган башка депутат (өзүнүн талапкерлигин алып салуу жөнүндө билдирилбеген) төрагалык кылат.
8.8 Айылдык Кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу Кеңештин төрагасынын демилгеси, ар кандай туруктуу комиссиялардын же болбосо депутаттардын жалпы санынын үчтөн бир бөлүгүнүн демилгеси боюнча жүргүзүлөт.
8.9 Кезексиз сессияны чакыруу жөнүндө депутаттардын сунушу каралуучу маселелер көрсөтүлүп жана кезексиз сессияны өткөрүүнүн зарылчылыгы негизделүү менен Кеңештин төрагасына берилет.
8.10 Сессияга материалдарды даярдоо айылдык Кеңештин иш планына ылайык жооптуу адамдар тарабынан жүргүзүлөт. Пландан тышкаркы маселелер алардын демилгечилери тарабынан даярдалат.
8.11 Кезектеги сессияга киргизилген маселелер боюнча материалдар (токтомдун долбоору, маалыматтар, маалымат-кат, кайрылуулар ж.б.) сессия өткөргөн күнгө чейин 7 күндөн кечиктирилбестен айылдык Кеңештин жооптуу катчысына жазуу түрүндө берилүүгө тийиш.
8.12 Айылдык Кеңеш жылына кеминде бир жолу тийиштүү аймактагы иштин абалы жөнүндө айыл өкмөт башчысынын маалыматын угат.
8.13 айыл өкмөт башчысына өзүнүн милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн ишеним билдирбөө жөнүндө чечим айылдык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын 3/2 добуш берүүсү менен кабыл алынат.
8.14 айыл өкмөт башчысы тарабынан киргизилген айылдык бюджет жана аны аткаруу жөнүндө отчет, аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программалары айылдык кеңеш тарабынан карап чыгууга жатат жана айылдык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын тең жарымынан ашыгы ага добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет.
8.15 Алдыдагы финансылык жылга айыл өкмөтүнүн бюджетти кабыл алуу процесси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте башталат.
9-глава. Айылдык Кеңештин токтом долбоорлорун карап чыгуунун тартиби.
9.1 айылдык Кеңештин токтомдору депутаттар тарабынан талкуулангандан кийин сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добуш берүүсү менен кабыл алынат.
9.2 Туруктуу комиссиялардын курамын өзгөртүү тууралуу, ошондой эле мурда кабыл алынган токтомдорду өзгөртүүлөр тууралуу, токтом көпчүлүк добуш берүү менен кабыл алынат.
9.3 айылдык Кеңештин сессиясынын күн тартибинде каралуучу маселелер депутаттардын көпчүлүгүнүн макулдугу менен каралат, токтом кабыл алынат жана ага айылдык Кеңештин төрагасы кол коет.
9.4 Депутаттын билдирүүсү же анын жазуу же оозеки түрүндө билдирилген макулдугу токтом менен кошо сессиянын протоколунда чагылдырылат.
9.5 Токтом долбоору ар бир пункту боюнча талкууланат жана жалпы кабыл алынат.
Райондук кенештин сессиясынын жумушчу органы
10.1 Айылдык кенештин сессиясын уюштуруу иштерин тутумдаштуруу максатында жумушчу органды –
секретариатты, зарылчылык болгондо, эсептөө жана башка комиссияларды түзөт.
Жумушчу орган – сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добуш берүүсү менен бекитилет.
10.2 Сессиянын секретариаты айылдык кенештин депутаттары менен биргеликте сессиянын жүрүшүн стенограммасын алып барат, чыгып сүйлөгөндөрү тактайт, регламенттин сакталышын көзөмөлдөйт,
депутаттарга түшүндүрмө берет.
10.3 Секретариат айылдык кенештин депутаттары менен биргеликте сессиянын протоколун тариздейт.
Айылдык кенештин отрумунун протоколунда: отрумду өткөрүү күнү, убактысы жана орду; отрумга
катышкан депутаттардын саны; сессиянын күн тартибинде коюлган маселелер; ошол отрум үчүн
депутаттардын арасына таратылган документтердин аталышы жана редакциясы; сессияда төрагалык
кылуучунун жана чыгып сүйлөөчүлөрдүн аты-жөнү; добушка коюлган бардык маселелер менен
сунуштар; добуш берүүнүн натыйжасы жана кабыл алынган чечимдер чагылдырылып көрсөтүлөт.
Протоколго сессиянын отрумунда төрагалык кылуучу кол коет жана алардан жазып алууларды
тариздөө, айылдык кенештин жооптуу катчысынын уруксаты менен, айылдык кенештин депутаттары
тарабынан жүргүзүлөт.
Көчүрмөсүн алуу жөнүндө маалымат өзүнчө журналда катталат.
10.4 Айылдык кенештин депутаты өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөзүнүн стенограммасы менен таанышууга жана
аны жарыялаганга чейин стенограмманынын көчүрмөсүн алууга укуктуу.
11-глава. Айылдык Кеңештин депутатынын сессия учурунда укуктары жана милдеттери
11.1 Айылдык Кеңештин депутаты сессиянын жумушчу органына шайланат же шайланышы мүмкүн, ошондой эле ошол органга оз талапкерлерин көрсөтүшү мүмкүн. Депутаттарды көрсөтүлгөн укуктарын ишке ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана башка Мыйзам актыларынын ошондой эле типтүү айылдык Кеңештин Регламентине ылайык ишке ашат.
12-глава. Коомдук угуулар.
12.1 айылдык Кеңештин төрагасы жана анын коомдук башталгычтагы орун басары, айылдык Кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары өзүнүн алып баруусундагы маселелер боюнча коомдук угууларды өткөрүүнү демилгелеши мүмкүн. Коомдук угуулар Кыргыз Республикасынын шартына ылайыкташтырылган жана эл аралык практакаларынын негизинде иштелип чыгылган жобонун негизинде өткөрүлүшү мүмкүн.
IV БӨЛҮК. Айылдык Кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоону уюштуруунун жол-жобосу жана тартиби.
13-глава. Айылдык Кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоонун тартиби.
13.1 айылдык Кеңештин төрагасы жогорку билимдүү жетекчилик иш тажырыйбасы эске алынып депутаттар тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен көпчүлүк фракциялардын же көпчүлүк коалициясы аркылуу райондук Кеңештин депутаттардын ичинен алардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн жашыруун добушу менен ошол Кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат. Жалпы депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.
13.2 Көрсөтүлгөн талапкер өз талапкерлигин алып коюуга укуктуу.
13.3 Көрсөтүлгөн талапкер жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизилет.
13.4 айылдык Кеңештин төрагасынын коомдук башталгычтагы орун басары сессияда жогорку же атайын орто билимин жана жетекчилик иш тажырыйбасын эске алып депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен депутаттардын ичинен шайланат. Жалпы депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет. Төраганын коомдук башталгычтагы орун басары ачык добуш менен шайланат.
13.5 айылдык Кеңештин төрагасынын коомдук башталыштагы орун басары Кеңештин төрагасынын тапшырмасын аткарат, ал жок болгон же өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда анын ордуна иштейт.
13.6 айылдык Кеңештин коомдук башталгычтагы орун басары өзүнүн ээлеген кызмат ордунан айылдык Кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бошотулушу мүмкүн.
13.7 айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ишин коомдук башталышта жүзөгө ашырат.
14-глава. Жашыруун добуш берүүнү уюштуруунун тартиби.
14.1 айылдык Кеңештин биринчи сессиясында жашыруун добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү үчүн 3-5 депутат санында эсептөө комиссиясы түзүлөт.
14.2 Эсептөө комиссиясы өзүнүн отурумунда милдеттерди бөлүштүрөт (төраганы, катчыны жана мүчөлөрдү
бекитет). Жабык добуш берүү үчүн бюллетендерди, урнаны жана кабинаны даярдайт.
14.3 Добуш берүүнү камсыз кылуу үчүн эсептөө комиссиясы сессияда катышкан депутаттардын тизмесин тактайт. Эсептөө комиссиясы жашыруун добуш берүүнүн материалдарынын сакталышын камсыз кылат жана айылдык Кеңештин аппаратына өткөрүп берет.
14.4 айылдык Кеңештин төрагалыгынын кызматына талапкерлер алфавиттик тартипте бюллетенге киргизилет. Добуш берүүнүн натыйжасы добуш берүүчүнүн бюллетендерди эсептеп чыгуунун жыйынтыгы боюнча чыгарылат.
14.5 Бюллетенге талапкердин паспорттук маалыматтарынын же инсандын баштапкы күбөлүктөрүнүн негизинде аты-жөнү жазылат. Бюллетенге кандайдыр бир башка маалымат киргизүүгө жол бербейт.
14.6 Ар бир талапкер боюнча «Макул», «Каршы», «Жараксыз бюллетен» бюллетендерди эсептөө комиссиясы жыйынтыктайт, проткол менен бекемдейт жана бекитүү үчүн сессиянын кароосуна алып чыгат.
14.7 Добуштардын алда канча көп санын алган айылдык Кеңештин төрагалыгынын кызматына талапкер төрт жылдык мөөнөткө айылдык Кеңештин төрагалыгына шайланды деп эсептелет.
14.8 Төраганын коомдук башталгычтагы орун басары кызматына талапкерлер ачык добуш берүүгө коюлат. Добуш берүүлөрдү өткөрүү жана натыйжасын эсептеп чыгарууну эсептөө комиссиясы жүргүзөт.
14.9 Сессияда катышкан депутаттардын алда канча көп добуштарынын санын алган талапкер айылдык Кеңештин төрагасынын коомдук башталгычтагы орун басарлык кызматына шайланат.
15-глава. Айылдык Кеңештин финансы-чарбалык иш-аракети жана мүлкү.
15.1 айылдык Кеңештин мүлкү оперативдик башкаруу укугуна берилген жана төмөндөгүлөрдөн түзүлөт:
- Оперативдик башкаруу укукгуна берилген мүлктөрдөн;
- Бюджеттик каражатынын негизинде ээ болгон, ошону менен катар чарбачылык иш аракеттерден түшкөн кирешенин эсебинен алынган мүлктөрдөн;
- Республикалык жана жергиликтүү бюджеттен түшкөн каражаттар жана башка кирешелерден;
- Кошумча төлөм кызматын көрсөтүү боюнча иш-аракетинен түшкөн кирешелерден;
- Кредиттер, гранттар ж.б. заемдук каражаттардан;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы тарабынан тыюу салынбаган башка негиздерде ээ болгон мүлктөрдөн;
16-глава. Айылдык Кеңештин ыйгарым укуктарын токтотулушу.
16.1 айылдык Кеңештин ыйгарым укуктары айылдык кеңештин жаңы курамы түзүлүшүнө, Кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негиздеринде
токтотулат.
16.2. Айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда төмөндөгүдөй учурда таркатылышы мүмкүн:
1) айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын добуштарынын үчтөн экиден кем эмес көпчүлүгү тарабынан кабыл алынган чечим боюнча;
2) Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” мыйзамдарында каралган учурларда, Премьер-министрдин же Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Президент тарабынан;
3) Кең-Арал айыл аймагынын чек араларынын өзгөрүшүнө алып келген кайра уюштуруу учурларында;
16.3. Өзүн-өзү таратуу жөнүндө айылдык кеңештин чечими кеңештин төрагасы тарабынан Жарлык чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине жиберилет.
16.4. Чек араны өзгөртпөстөн администрациялык-аймактык бирдиктин атын өзгөртүү кайра уюштуруу болуп саналбайт жана айылдык кеңешти таратууга алып келбейт. Кыргыз Республикасынын Президентинин кайра уюштурууга байланыштуу айылдык кеңешти таратуу жөнүндө Жарлыгы, эгерде Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” тууралуу Мыйзамдын өзүндө башкача каралбаса тиешелүү администрациялык-аймактык бирдик жөнүндө мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 10 күндөн кечиктирилбестен чыгарылышы керек.
16.5. Айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатуунун жогоруда көрсөтүлгөн учурларынын кайсынысында болсо да Президенттин мөөнөтүнөн мурда таркатуу жөнүндө Жарлыгы расмий жарыяланган күндөн тартып таркатылды деп эсептелет.
16.6. Айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылган учурларда мүлктүн жана документтеринин сакталышына жоопкерчиликти “Кең-Арал” айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы өз мойнуна алат.