Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Нарын шаардык кеңешинин I V чакырылыштагы кезектеги I сессиясы
2017-жылдын 10-январы № 2
Нарын шаардык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 37-беренесине жана Нарын шаардык Кеңешине Регламентине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгын билдирген эсептөө комиссиясынын 2017-жылдын 10-январындагы № 1,2 протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаардык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө Нарын шаардык Кеңешинин I V чакырылыштагы биринчи (уюштуруу) сессиясындагы эсептөө комиссиясынын отурумунун №1, 2 протоколдору бекитилсин.(протоколдор тиркелет)
2. Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы болуп, «Биримдик» фракциялардын коалициясынан «Кыргызстан социал- демократиялык партиясы » саясий партиясынын депутаты Ботоканов Жыргалбек Садыкович шаардык Кеңештин биринчи уюштуруу сессиясына катышкан 30 депутатынын 29 (жыйрма тогузунун) добушун алгандыгына байланыштуу, Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы болуп шайланды.
Сессиянын төрагасы | Н. Өмүракунов |
ЭСЕПӨӨ КОМИССИЯСЫНЫН ЗАСЕДАНИЕСИНИН
№1 ПРОТОКОЛУ
Нарын шаары
10-январь 2017-жылы
Нарын шаардык Кеңешинин IV чакырылыштагы I-сессиясында ачык добуш менен шайланышкан эсептөө комиссиясынын төмөндөгү мүчөлөрүнө
1. Казиева Э
2. Жумакадырова Н
3. Курманов Д
4. Токошев А
5.Иманкулов А
иш бөлүштүрүү боюнча уюштуруу заседаниеси өткөрүлүп, заседание
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эсептөө комиссиянын төрагалыгына Курманов Д
Эсептөө комиссиянын катчылыгына Жумакадырова Н
Эсептөө комиссиянын мүчөлөрү болуп төмөндөгүлөр
Токошов А
Иманкулов А
Казиева Э шайланды.
2. Эсептөө комиссиясынын №1 протоколун бекитип берүү жагын Нарын шаардык Кеңешинин I- сессиясынан суралсын.
Кол койгондор:
Нарын шаардык Кеңешинин I- сессиясында ачык добуш менен шайланышкан эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү:
1. Эсептөө комиссиясынын төрагасы Курманов Д ____________(колу)
2.Эсептөө комиссиясынын катчысы Жумакадырова ____________
Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү
3.Токошов А ____________
4.Казиева Э ____________
5.Иманкулов А ____________
ЭСЕПТӨӨ КОМИССИЯСЫНЫН ЗАСЕДАНИЕСИНИН
№2 ПРОТОКОЛУ
Нарын шаары
10-январь 2017- жыл
Нарын шаардык Кеңешинин IV чакырылыштагы I Нарын шаардык Кеңешинин төрагасына көрсөтүлгөн талапкердин добушуна берилген бюллетендерди эсептегенде жыйынтыгы төмөндөгүдөй болуп чыкты:
Берилген бюллетень -30
Добуш бергени -30
Жараксыз бюллетень -0
Нарын шаардык Кеңешинин төрагасына «Биримдик » фракциялардын коалициясынан көрсөтүлгөн талапкер Ж.Ботоканов берилген добуш берүүнүн жыйынтыгын эсептегенде төмөнкүдөй болду
Макул 29
Каршы 1
Жогорудагы жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча эсептөө комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаардык Кеңешинин төрагасына «Биримдик» фракциялардын коалициясынан көрсөтүлгөн талапкер Ж.Ботоканов шаардык Кеңештин 30 депутатынан 29 колдоп добуш бергени белгиленсин.
Эсептөө комиссиясынын №2 протоколун бекитип берүү жагы депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин I- сессиясынан суралсын.
Эсептөө комиссиясынын төрагасы Курманов Д ____________(колу)
Эсептөө комиссиясынын катчысы Жумакадырова Н ____________
Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү
Иманкулов А ____________
Токошев А ____________
Казиева Э ____________