Загрузка документа…
МАЙМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31-марты №1
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы №633 катар сандуу токтому менен бекитилген “Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндөгү” типтүү жобонун негизин карап Талас өнүктүрүү фондусунан бөлүнүүчү акча каражатын Маймак айылынын тургундарынын 2017-жылдын 15-мартындагы жалпы чогулушунун чечиминин негизинде максаттуу жумшоо багытында Маймак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Маймак айылына жаңыдан таза суу берүү системасын толугу менен орнотуу үчүн скважина, хлоратор, резервуар курууга уруксат берилсин
2. Жогоруудагы аталган курулуштарды куруу үчүн Талас облусундагы өнүктүрүү фондунан жалпы сметалык баасы 2,725035 сом акча каражаты суралсын.
3. 2017-жылдын 15 мартындагы Маймак айыл тургундарынын жыйынынын негизинде Маймак айылына таза суу киргизүү үчүн төмөнкү курамдагы демилгелүү топ бекитилсин.
1. Абдраимов Нарбек –топтун төрагасы
2. Нусубалиева Бурулкан Береновна -мүчө
3. Кудайбергенов Джусупбек - мүчө
4. Атчабарова Сулухан - мүчө
5. Ташибекова Айнагуль -мүчө
4. Токтомдун аткарылышын контролдоо жагы айылдык Кенешинин муниципалдык менчик, айыл чарба жана суу чарба комиссиясына тапшырылсын.
5. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Н.Абдраимовго тапшырылсын.
Тѳрага | Д. Кудайбергенов |
|
|