Загрузка документа…
ЖЕРГЕТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-январы №2
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрь айындагы № 571 токтому менен бекитилген «Муниципалдык менчикте турган жер участокторун менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө» типтүү ЖОБОну бекитиүү тууралуу токтомун жетекчиликке алып, депутаттардын Жергетал айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергетал айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги айыл чарба багытындагы эмес МТФ участогундагы №1966 чөйрөсызыгындагы аянты 1 га жер участогу аукцион аркылуу сатууга уруксат берилсин.
2. Аукцион аркылуу сатылуучу жер мамлекеттик газеталарга жарыя берилсин.
3. Муниципалдык менчиктеги айыл чарба багытындагы эмес 1 га жер аянтын аукцион аркылуу сатуу үчүн комиссия курамы түзүлсүн.
4. Көз карандысыз эксперттер аркылуу аукцион аркылуу сатылуучу 1 га жердин баштапкы баасы аныкталсын.
5. Аукциондун кадамы 400 (төрт жүз )сом жана аукционго катышуучулардын шерт пулу баштапкы баанын 10% деп белгиленсин.
6. Аукцион өткөрүү үчүн аукциончу дайындалып, келишимдин негизинде аукциончуга акча каражаты төлөнүп берилсин.
7. Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алып аткару жагы Жергетал айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сакеевке жүктөлсүн.
Тѳрага | Ж. Молдояров |
|
|