ТоктомКүчүндө

Жергетал айылдык кеңешинин 2018-жылдын 03-апрелиндеги №17 «Жергетал айыл аймагы боюнча муниципалдык кызматтардын кошумча реестрин бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция03.04.2018 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ЖЕРГЕТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жергетал айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IХ сессиясы

 

2018-жылдын 03-апрели №17

Жергетал айыл аймагы боюнча муниципалдык кызматтардын кошумча реестрин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы №302 «Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө» жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы №6 «Кыргыз Республикасында» жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндөгү токтомдорун жетекчиликке алып, карап, талкуулап чыгып Жергетал айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Жергетал айыл аймагында кошумча кызмат көрсөтүүлөрдүн реестри №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.         Бекитилген реестирдеги кызмат көрсөтүүлөр айыл өкмөтү тарабынан жүргүзүлсүн.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

Тѳрага

Ж. Молдояров