Загрузка документа…
ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 07-декабры №3
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 313-беренесин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-апрелиндеги №120-р буйругун аткаруу максатында Эмгек-Талаа айылдык кенешинин XXVII чакырылыштагы кезектеги XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу жобосу Эмгек-Талаа айыл аймагында бекитилсин жана комиссия түзүлсүн (комиссия курамы тиркелет).
2. Бул токтомго ылайык иш алып баруу жагы Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы А.Осмоновага тапшырылсын.
Тѳрага | Т. Кожогелдиев |
Нарын районунун Эмгек-Талаа
айылдык кенешинин кезектеги
сессиясынын № 3 токтомуна
тиркеме
7-декабрь 2018-жыл
Эмгек-Талаа айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамы.
Жапаров Кубанбек Бакасович- аксакалдар сотунун төрагасы, комиссиянын төрагасы Кенешов Замирбек Асанович- айыл өкмөтүнүн аскердик каттоо кызматкери, комиссиянын катчысы.
Мүчөлөрү:
Абдыбалиева Турсун Мухамедовна- айылдык кенештин депутаты
Абдырасулов Нурбек Аскарбекович- айылдык кенештин депутаты
Керимбаев Эркинбек Молдобаевич- коомдук уюмдун төрагасы
Үсөнова Алтын Турганалиевна- аялдар кенешинин төрайымы
Өмүрова Нуржан Буудай чиевна- аялдар кенешинин мүчөсү
Төрага Т. Кожогелдиев