Загрузка документа…
ЫЛАЙ ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-ноябры №10/6
Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” кодексинин 313-беренесин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөкараштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 17-октябрындагы № 01-18/126 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралууТиптүү жобосун бекитүү жөнүндө” буйругунун негизинде Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айыл аймагында бузуулар жөнүндө комиссиянын жобосутиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Ылай-Талаа айыл өкмөтүндө бузуулар жөнүндөиштикарообоюнча төмөндөгүдөйкомиссиянынкурамыбекитилсин:
1) Ш.Бекиев-айыл өкмөтүнүнбашчысынын орун басары, комиссиянын төрагасы;
2) Карабаев Садык-айылдык кеңештиндепутаты, төраганынорунбасары;
3) Исаев Бакыт-айыл өкмөтүнүнжерадиси, комиссиянынкатчысы;
Комиссиянын мүчөлөрү:
4) Ж.Ибраимов-жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы;
5) А.Бердибеков-Ылай-Талаа СООПВ башчысы;
6) А.Бакиров-милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү;
7) Б.Джолоев- милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү;
8) Т.Намашамов-айылдык кеңештиндепутаты;
9) С.Дыйканов-айылдык кеңештиндепутаты.
3. Комиссиянын курамы Ылай-Талаа айыл аймагында бузуулар жөнүндөгүТиптүүжобонуаткаруугаалышсын.
4. Ушул токтомду жана тиркемедеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобону Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн ylai-talaa-aimak.kgвеб сайтына расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ылай-Талаа айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ылай-Талаа айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, Кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Токтом Кыргыз Республикасынын Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүнylai-talaa-aimak.kg веб сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Тѳрага | Н. Жолдошов |
| Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин кезектеги Х сессиясынын (VI чакырылыш) 21-ноябрь 2018-жылдагы № 10/6 токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча
комиссиялары тууралуу
ТИПТҮҮ ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Типтүү жобоКыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде (мындан ары - Кодекс) каралган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнчакомиссияларын (мындан ары - Комиссия)түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин аныктайт.
2. Комиссия жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет.
3. Комиссия жөнүндөжобо, анын сандык жана персоналдык курамы жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.
4. Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобонужетекчиликке алат.
5. Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
6. Комиссия жергиликтүү кеңештиналдында отчет берет. Комиссия жыл сайын, 15-январдан кеч эмес өткөн календарлык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүү кеңешке киргизет.
7. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
2. Комиссияны түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтотуунун тартиби
8. Комиссия так санда, 5-11 адамдан, Комиссиянын төрагасынын, төрагасынын орун басарынын, катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.
10. Жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилүүчү Комиссиянынкурамына төмөндөгүлөр киришет:
- жергиликтүү кеңештиндепутаттары;
- муниципалдык кызматчылар;
- шаардын, айыл аймагынын чегинде жашаган жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).
Комиссиянынтөрагасыкомиссиянынмүчөлөрүнүничинен, ал эми Комиссиянын катчысы мэриянын (айыл өкмөтүнүн) муниципалдык кызматчысы болгон комиссиянынмүчөлөрүнүничинен дайындалат.
11. Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн21 жашка толгон, атайын орто жана (же) жогорку билимдүү Кыргыз Республикасынын жараны Комиссиянын мүчөсү боло алат.
12. Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн:
- соттун чечими менен аракеткежөндөмсүзжеаракеткежөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган;
- соттулугу бар же мыйзамда аныкталган тартипте алынбаган же жабылбаган соттулугу бар;
- акталбаган негиздер боюнча соттук куугунтуктоосу (жазык иши) токтотулган, мурда жазык жоопкерчилигине тартылган;
- медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган
адамдар Комиссиянын мүчөсү боло албайт.
13. Комиссияныништеп жаткан курамынын ыйгарым укуктары жергиликтүү кеңеш Комиссияны түзүү жөнүндө чечим кабыл алган күндөн тартып башталат жана Комиссиянын жаңы курамы бекитилген учурдан тартып токтотулат.
14. Комиссиянынмүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары ошондой эле:
- жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлү болуп эсептелген Комиссиянын мүчөсү өз ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу жазуу жүзүндо арыз берген учурда;
- Комиссиянын мүчөсү муниципалдык кызматын токтоткондо;
- Комиссиянын мүчөсүнө карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенде;
- күчүнө кирген соттун чечими менен Комиссиянын мүчөсү болуп эсептелген адам аракеткежөндөмсүзжеаракеткежөндөмдүүлүгү чектелген, дайынсыз жок болгон же өлгөн деп табылганда;
- медициналык корутундуга ылайык Комиссиянын мүчөсүнүн ден соолугунун абалы ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылганучурда;
- Комиссиянын мүчөсү болуп эсептелген адам Комиссиянын мүчөсүнүннамысын жана кадыр-баркын кетирүүчү жосун жасаган учурда;
- Комиссиянын мүчөсү өлгөндө;
- Комиссиянын мүчөсү КыргызРеспубликасынынчегинен сырткары жерге туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде;
- Комиссиянын мүчөсү КыргызРеспубликасынынжарандыгынан чыкканда, КыргызРеспубликасынынжарандыгын жоготкондо же чет мамлекеттин жарандыгын алганда;
- жергиликтүү кеңештин депутаты катары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганда;
- жарандык коом жана жергиликтүү жамаат тарабынан өз өкүлүн кайра чакырып алганда
токтотулат.
15. Комиссиянын жаңы мүчөсү Комиссиянын мурдагы мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан 15 календарлык күндөн кеч эмес бекитилет.
16. Комиссиянын ыйгарым укуктары Комиссия өз ыйгарым укуктарын аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарганда жергиликтүү кеңештинчечими менен токтотулушу мүмкүн.
17. Комиссиянын жаңы курамы Комиссиянын мурдагы курамынын ыйгарым укуктары токтотулгандан 5 календарлык күндөн кеч эмес түзүлөт.
3. Комиссиянынишининтартиби
18. Комиссиянын ыйгарым укуктарыКодексте аныкталган.
19. Комиссия бузуулар жөнүндө иштерди отурумдарда карайт.Комиссиянынотурумдары зарылчылыгына жараша (материалдардын түшүшүнө карата)өткөрүлөт. Комиссиянынотурумдарынын мезгилдүүлүгүбузуулар жөнүндө иштерди кароонун мыйзам тарабынан аныкталган мөөнөттөрүн сактоо камсыз кылынгандай болууга тийиш.
20. Эгерде Комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн үчтөн экиси катышса, Комиссиянын отуруму укуктуу болот.
Эгерде Комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе чечим кабыл алынды деп эсептелет.
21. Бузуулар жөнүндө ишти Комиссия иштин материалдары келип түшкөндөн баштап он күндүк мөөнөттө, Кодексте аныкталган тартипте карайт.
22. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары өз чечимдери менен бузуулар жөнүндө протокол түзүүбоюнчаыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмегин аныктайт.
23. Комиссия чечимди аныктама же токтом түрүндө чыгарат.
24. Комиссия, бузуу жөнүндө ишти карап чыгып:
а) төмөндөгү токтомдордун бирин чыгарат:
1) жазачарасынколдонуужөнүндө;
2) туумду кошуп эсептөө жөнүндө (Кодекстин 29-беренеси);
3) ишбоюнчаөндүрүштүкыскартуужөнүндө.
б) ишти кароо Комиссиянын компетенциясына кирбей тургандыгы ачыкталган кезде,ишти ведомстволук караштуулугу боюнча өткөрүп берүү жөнүндө аныктама чыгарат.
25. Иш боюнча чыгарылган токтомго даттануу тартиби, жаза чаралары жана кошумча укуктук кесепеттер жөнүндө токтомду аткаруунун тартиби Кодексте каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
4. Комиссиянын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
26. Комиссиянын ишмердүүлүгүн Комиссиянын төрагасы уюштурат.
27. Бузуу жөнүндө иштерди кароодо Комиссиянын мүчөлөрү бирдей укукка ээ.
28. Комиссиянын мүчөлөрү:
Төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- Комиссия тарабынан каралып жаткан бузуу жөнүндө иштердин материалдары менен таанышууга;
- бузуу жөнүндө иштер боюнча иликтөөгө жана далилдерге баа берүүгө катышууга;
- Комиссиянынчечимдерин чыгарып жатканда талкуулоого жана добуш берүүгө катышууга;
- жүрүм-турумдун этикасынын эрежелерин сактоого;
- Комиссиянынотурумдарынын протоколуна кол коюуга.
Төмөндөгүлөргө укуктуу:
- бузуу жөнүндө иштерге катышып жаткан адамдарга суроолорду берүүгө;
- бузуу жөнүндө иштер боюнча кабыл алынып жаткан чечимдер боюнча сунуштарды кийирүүгө;
- Кодексте каралган башка укуктарга.
29. Комиссиянын төрагасы, Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары, төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- Комиссиянынишмердүүлүгүн пландаштыруу, уюштуруу жана жетектөө;
- Комиссиянынотурумдарында төрагалык кылуу;
- Комиссиянынотурумунун күн тартибин бекитүү;
- Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго), ошондой эле Комиссиянын башка документтерине кол коюу;
- Комиссиянынишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүү.
Комиссиянын төрагасы, Комиссиянын мүчөсүнүн укуктарынан сырткары, төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- өз компетенциясынынчегиндеКомиссиянын атынан ишеним катсыз аракеттерди жасоого жана мамлекеттик бийликтин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары жана жарандар менен болгон мамилелерде Комиссиянын кызыкчылыктарын билдирүүгө;
- Комиссиянын ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча тапшырмаларды берүүгө;
- ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка укуктарга.
30. Комиссиянынтөрагасынын орун басарыКомиссиянынмүчөсүнүнмилдеттеринен сырткары:
- бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын отурумунда кароого алдын-ала даярдоону уюштурат;
- Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
- Комиссиянын төрагасы жок болгон учурда анын ыйгарым укуктарын ишке ашырат;
- ушул Жобого жана Кодекске ылайык башкафункциялардыаткарат.
31. Комиссиянын катчысы, Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттерин аткаруудан сырткары:
- бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын кароосуна даярдоону уюштурат;
- өз ишмердүүлүгүн Комиссиянын төрагасынын жетекчилигинин астында ишке ашырат;
- Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
- келип түшкөн материалдарды, билдирүүлөрдүжана арыздарды, ошондой эле бузуу жагдайы бар экендигин көрсөткөн,массалык маалымат каражаттарында (анын ичинде Интернетте)жарыяланган кабарларды кабыл алат жана каттайт;
- бузуулар жөнүндо протоколдорду, Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорду жана аныктамаларды Кодекстин жана ушул Жобонун талаптарына ылайык даярдоону жана тариздөөнү камсыз кылат;
- Комиссиянын мүчөлөрүн, бузуулар жөнүндө өндүрүшкө катышып жатышкан адамдарды талаптагыдайишти кароонун убактысы жана орду тууралуу кабарландырат, аларды Комиссиянын кароосуна киргизилген иштердин материалдары менен тааныштырат;
- Комиссиянынотурумдарынын протоколун жүргүзөт жана тариздейт, аларга кол коет;
- Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго) кол коет;
- аныктамалардын жана токтомдордун көчүрмөлөрүн тиешелүү адамдарга белгиленгенмөөнөттөрдө тапшырууну же жөнөтүүнү камсыз кылат;
- Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорго жана аныктамаларгадаттануулардыкабылалат, алардыкароонууюштурат;
- Комиссия тарабынан чыгарылган аныктамалардын жана токтомдордун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт;
- Комиссиянын иш кагаздарынын жүргүзүлүшүн жана сакталышын камсыз кылат;
- бузуулар жөнүндө иштерди кароонун тажрыйбасын иликтейт жана жалпылайт, Комиссиянын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдайт;
- отчеттуулукту жана статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт;
- Кодекске жана ушул Жобого ылайык башка милдеттерди аткарат.
Комиссиянын катчысы убактылуу жок болгон учурда анын милдеттерин комиссиянын төрагасынын тапшыруусу боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн бири аткарып турат.
32. Эгерде Комиссиянын мүчөлөрү:
- бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын, жабырлануучунун, анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, коргоочусунун, өкүлүнүн, адвокатынын, ошондой эле күбөсүнүн, эксперттин, адистин, котормочунун туугандары болушса;
- иштин чечилишине тике же кыйыр түрдө кызыкдар болушса,
алардын бузуулар жөнүндө иштерди кароого катышууга акысы жок.
5. Комиссиянын иш кагаздарын жүргүзүү
33. Иш кагаздарын жүргүзүүгө жалпы жетекчилик Комиссиянын төрагасы тарабынан ишке ашырылат, ал бул иштин абалы үчүн жоопкерчилик тартат.
34. Эсеп журналдарынын сакталышы, аларга маалыматтардын өз убагында жана анык, так киргизилиши үчүн жоопкерчиликти Комиссиянын катчысы тартат.
35. Бузуулар жөнүндө иш өндүрүшүнүн катышуучуларына бардык зарыл документтерди жөнөтүү Комиссиянын катчысы тарабынан жүргүзүлөт.
36. Бузуулар жөнүндө иштер боюнча кабарламалар ишти кароонун датасы дайындалгандан кийинки күндөн кеч эмес жиберилиши керек(№3-тиркеме).
Жиберилген кабарлама адресатка тапшырылбай калганыбилинген учурда, Комиссиянын жооптуу катчысы ошол замат тапшырылбай калуунун себептерин аныктоого, бул тууралуу Комиссиянын төрагасына билдирүүгө, анын көрсөтмөсү боюнча кабарламанын өз убагында тапшырылышын камсыз кылуучу чараларды көрүүгө милдеттүү.
Комиссиянын отурумуна келбеген адамдардын кабарламаларынын айырмабөлүгү ишке тигилет.,
37. Бузуу жасалган жерде айып пул өндүргөн учурда айып пулду төлөө банк картасын пайдалануу менен терминал аркылуу жүргүзүлөт, ал эми төлөөнүн мындай формасы мүмкүн болбогондо, Комиссиянын катчысыбузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамга кабыл алынган үлгүдөгү, атайын финансылык отчеттулуктун документи болуп эсептелүүчү жана эки нускада түзүлүүчүайып пул дүмүрчөгүн (квитанциясын) берет. Жоопкерчиликке тартылып жаткан адам салынган айып пулду ыктыярдуу төлөөгө макулдугун билдирип айып пул дүмүрчөгүнүн (квитанциясынын) биринчи нускасына кол коет, экинчи нускасы жаза чарасы колдонулуп жаткан адамга берилет.
38. Комиссиянын катчысы бузуулар жөнүндө иштерди түзүүнү, аларды төмөндөгүдөй хронологиялык тартипте топтоштуруп тигүүнү камсыздайт:
- бузуулар жөнүндө протокол жана ишке байланыштуу башка материалдар;
- отурумдун процессинде ишке кошулган, келип түшкөн иретинде жайгаштырылган бардык документтер;
- белгиленген тартипте кол коюлган комиссиянын отурумунун протоколу;
- ишти кароонун жыйынтыгында отурумда чыгарылган аныктамалар, токтомдор.
Бардык документтер көктөмөгө алардын тексти көрүнүп тургандай болуп көктөлөт.
39. Комиссия тарабынан каралган бардык иштер эсепке алынууга жатат.Иштин номуру каттоо журналындагы катар номурун жана келип түшкөн жылды камтыйт.
40. Бузуулар жөнүндө протокол түзүүчү кызмат адамдары бузуулар жөнүндө каралган иштер тууралуу маалыматтарды Комиссия менен ай сайын салыштырып турушат.
41. Комиссия ай сайын Комиссия тарабынан салынган айып пулдардын келип түшүшүн казначылыктын райондук (шаардык) бөлүмү менен салыштырып текшерип турат.
42. Комиссия төмөнкүдөй эсеп журналдарынжүргүзө алат:
- бузуулар жөнүндо иштерди эсепке алуу журналы;
- айып пул салынган адамдарды эсепке алуу журналы;
- бузууну жасоо үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдарга жиберилген кабарламаларды эсепке алуу журналы (№4-тиркеме).
43. Журналдардын барактары номурланган, көктөлгөн, мөөр менен бекитилген болууга тийиш,эсеп журналындагы бардык жазуулар окуй алгыдай даана, көк же сыя көк түстөгү сыя (паста) менен жазылат.
44. Журналдарды сактоо мөөнөтү 3 жыл.Бузуулар жөнүндо иштерди сактоо мөөнөтү 5 жыл.Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганда алар тизим боюнча архивге тапшырылат.
45. Эсепке алуу журналдарыички колдонуунун документтери болуп эсептелет жана мекеме-уюмдарга, жеке жарандарга же кызмат адамдарына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан сырткары, Комиссиянын төрагасынын уруксатысыз берилбейт.
Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы: С.Осмоналиев