Загрузка документа…
ТАЛДУУ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-ноябры №2
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттигинин бузуулар жөнүндөгү “Типтүү Жобого” негиз, Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө даярдалган “Жобосун” бекитүү максатында, Талдуу-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндөгү даярдалган Жобосу бекитилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн расмий www.talduubulak.kg веб –сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талдуу-Булак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Осмонкуловко жүктөлсүн.
Тѳрага | Б. Матишев |
| БЕКИТЕМИН: Талдуу-Булак айылдык Кеңешинин төрагасы: ____________________ Б.С.Матишев ______ _____________ 2018-жыл.
|
Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу Жобо
1. Жалпы жобо
1.Ушул жобо Кыргыз Республикасынын бузулуулар жөнүндөгү Кодексинде каралган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузулуулар жөнүндөгү комиссияларын түзүү боюнча Типтүү жобого негиз Талдуу-Булак айылдык Кеңеши тарабынан Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн бузулууларды кароо комиссиясы түзүлөт жана комиссиянын иштөө тартиби бекитилет.
2.Комиссия туруктуу иштөөчү коллегиялдуу орган болуп эсептелет.
3.Комиссия жөнүндө Жобо, анын сандык жана персоналдык курамы жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.
4.Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын бузулуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчилике алуу менен иш алып барат.
5.Комиссия кодексте каралган бузулуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
6. Комиссия Талдуу-Булак айылдык Кеңешинин алдында жылдын 15-январынан кечиктирилбестен өткөн календардык жылда аткарылган иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүү кеңешке киргизет.
7. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
2. Комиссия түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтотуунун тартиби:
8.Комиссия так санда 5-7адамдан, Комиссиянын төрагасы, төраганын орун басары, катчысынан жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.
9.Жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилүүчү Комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
- жергиликтүү кеңештин депутаттары:
- муниципалдык кызматчылар:
- айыл аймагынын чегинде жашаган жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү ( макулдашуу менен)
Комиссиянын төрагасы комиссиянын мүчөлөрунүн ичинен, ал эми Комиссиянын катчысы айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчысы болгон комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен дайындалат.
10. Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн 21 жашка толгон, атайын орто же жогорку билими бар Кыргыз Республикасынын жараны мүчө боло алат.
11. Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн:
- соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган :
- соттуулугу бар же мыйзамда аныкталган тартипте алынбаган же жабылбаган соттуулугу бар:
- акталбаган негиздер боюнча соттук куугунтуктоосу ( жазык иши) токтотулган, мурда жазык жоопкерчилигине тартылган:
- медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган: адамдар Комиссиянын мүчөсү боло албайт.
12. Комиссиянын иштеп жаткан курамынын ыйгарым укуктары жергиликтүү кеңеш Комиссияны түзүү жөнүндө чечим кабыл алган күндөн тартып башталат жана Комиссиянын жаңы курамы бекитилген күндөн тартып токтотулат.
13. Комиссиянын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарына:
- Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлү болуп эсептелген Комиссиянын мүчөсү өз ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу кагаз жүзүндө арыз берген учурда:
- Комиссиянын мүчөсү муниципалдык кызматын токтоткон учурда:
- Комиссия мүчөсүнө карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенде:
- күчүнө кирген соттун чечими менен Комиссиянын мүчөсу болуп эсептелген адам аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген, дайынсыз жок болгон же өлгөн деп табылганда:
- медициналык корутундуга ылайык Комиссиянын мүчөсүнүн ден соолугунун абалы ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган учурда:
- Комиссиянын мүчөсү болуп эсептелген адам Комиссиянын мүчөсүнүн намысын жана кадыр-баркын кетирүүчү жоосун жасаган учурда: - Комиссия мүчөсү өлгөндө:
- Комиссия мүчөсү Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жерге туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде:
- Комиссия мүчөсү Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда:
- жергиликтүү кеңештин депутаты катары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аятаганда:
- жарандык коом же жергиликтүү жамаат тарабынан өз өкүлүн чакырып алганда:
токтотулат.
14. Комиссиянын жаңы мүчөсү Комиссиянын мурдагы мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан 15 календардык күндөн кеч эмес бекитилет.
15. Комиссиянын ыйгарым укуктары Комиссия өз ыйгарым укуктарын аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарганда жергиликтүү кенештин чечими менен токтотулушу мүмкүн.
16. Комиссиянын жаңы курамы Комиссиянын мурдагы курамынын ыйгарым укуктары токтотулгандан 5 календардык күндөн кеч эмес түзүлөт.
3. Комиссиянын ишинин тартиби
17.Комиссиянын ыйгарым укуктары Кодексте аныкталган.
18. Комиссия бузуулар жөнүндө иштерди отурумдарда карайт Комиссиянын отурумдары зарылчылыгына жараша (материалдардын түшүшүнө карап) өткөрүлөт. Комиссиянын отурумунун мезгилүүлүгү бузуулар жөнүндө иштерди кароонун мыйзам тарабынан аныкталган мөөнөттөрүн сактоо камсыз кылгандай болууга тийиш.
19. Эгерде Комиссиянын мүчөлөрүнун үчтөн экиси катышса , Комиссиянын отуруму укуктуу болот.
21.Эгерде Комиссиянын мүчөлөрунун жарымынан көбү добуш берсе чечим кабыл алынды деп эсептелет.
22. Бузуулар жөнундө ишти Комиссия иштин материалдары келип түшкөндөн баштап он күндүк мөөнөттө, Кодексте аныкталган тартипте карайт.
23.Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы өз чечимдери менен бузуулар жөнүндө протокол түзүүбоюнча ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмесин аныктайт.
24. Комиссия чечимди аныктама же токтом түрүндө чыгарат.
25. Комиссия бузуу жөнүндө ишти карап чыгып төмөндөгу ,
а) токтомдордун бирин чыгарат.
- жаза чарасын колдонуу жөнүндө:
- туумду кошуп эсептөо жөнүндө( Кодекстин 29-беренеси)
- иш боюнча өндүрүштүү кыскартуу жөнүндө:
- б) ишти кароо Комиссиянын компетенциясына кирбей тургандыгы аныкталган кезде, ишти ведемстволук кароого өткөрүп берүү жөнундө аныктама чыгарат.
26. Иш боюнча чыгарылган токтомго даттануу тартиби, жаза чаралары жана кошумча укуктук кесепеттер жөнундө токтомду аткаруунун тартиби Кодексте көрсөтүлгөн тартипте жүзөгө ашырылат.
4. Комиссиянын мүчөлөрүнүн укутары жана милдеттери
27. Комиссиянын ишмердигин комиссиянын төрагасы уюштурат,
28. Бузуу жөнундөгү иштерди кароодо Комиссиянын мүчөлөрү бирдей укукка ээ.
29. Комиссиянын мүчөлөрү төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- Комиссия тарабынан каралып жаткан бузуу жөнундө иштердин материалдары менен таанышууга:
-бузуу жөнүндө иштер боюнча иликтөөгө жана далилдерге баа берүугө катышууга:
- жүрүм –турумдун этикасынын эрежелерин сактоого:
- Комиссиянын отурумдарынын протоколуна кол коюуга.
Төмөндөгүлөргө укуктуу:
- бузуу жөнүндө иштерге катышып жаткан адамдарга суроолорду берүүгө,
-бузуу жөнундө иштер боюнча кабыл алынып жаткан чечимдер боюнча сунуштарды кийирүүгө:
--Кодексте каралган башка укуктарга.
30.Комиссиянын төрагасы, Комиссиянын мучөлөрүнүн милдеттеринен башка төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- Комиссиянын ишмердүүлүгүн пландаштыруу, уюштуруу жана жетектөө,
-Комиссиянын отурумдарында төрагалык кылуу:
-Комиссиянын отурумунун күн тартибин бекитүү:
- Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктама жана токтомдорго) ошондой эле Комиссиянын башка документтерине кол коюу:
-Комиссиянын ишмердүулүгүнө көзөмөл жүргүзүү,
Комиссиянын төагасы, Комиссиянын мүчөлөрүнүн укуктарынан сырткары төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- өз компетенциясынын чегинде Комиссиянын атынан ишеним катсыз аракеттерди жасоого жана мамлекеттик бийликтин органдары. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, жана жарандар менен болгон мамиледе комиссиянын кызыкчылыктарын билдирүүгө:
- Комиссиянын ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча тапшырмаларды берүүгө:
- Кодекске ылайык башка укуктарга:
31. Комиссиянын төрагасынын орун басары Комиссиянын мүчөсүнөн сырткары
- бузулуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын отурумунда кароого алдын ала даярдоону уюштурат,
-Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат,
-Комиссиянын төрагасы жок болгон учурда анын ыйгарым укуктарын ишин аткарат.,
-ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка функцияларды аткарат,
32. Комиссиянын катчысы, Комиссиянын мүчөсүнөн сырткары:
-бузулуулар жөнүндөгү иштерди Комиссиянын кароосуна даярдоону уюштурат:
-өз ишмердүүлүгүн Комиссиянын төрагасынын жетекчилигинин астында ишке ашырат,
-Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат,
- келип түшкөн материалдарды, билдирүүлөрдү жана арыздарды ошондой эле бузуулар жагдайы бар экендигин көрсөткөн, массалык маалымат каражаттарында( анын ичинде интернетте) жарыяланган кабарларды кабыл алат жана каттайт.
-бузуулар жөнүндө протоколду, Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорду жана аныктамаларды Кодекстин жана ушул Жобонун талаптарына ылайык даярдоону жана тариздөөнү камсыз кылат.
-Комиссиянын мүчөлөрун, бузуулар жөнүндө өндүрүшкө катышып жатышкан адамдарды талаптагыдай ишти кароонун убактысы жана орду тууралуу кабарландырат, аларды Комиссиянын кароосуна киргизилген иштердин материалдары менен таныштырат. - Комиссиянын отурумдарынын протоколун жүргүзөт жана тариздейт, аларга кол коет.,
-Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге аныктамаларга жана токтомдорго кол коет:
-аныктамалардын жана токтомдордун көчүрмөлөрүн тиешелүү адамдарга ьелгиленген мөөнөттө тааныштырууну же жөнөтүүнү камсыз кылат.
- Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорду жана аныктамаларга даттанууларды кабыл алат аларды кароону уюштурат:
- Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорду жана аныктамалардын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
-Комиссиянын иш кагаздарынын жүргүзүлүшун жана сакталышын көзөмөлдөйт:
-бузуулар жөнүндө иштерди кароонун тажрыйбасын иликтейт жана жалпылайт:
-комиссиянын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдайт:
- отчеттулукту жана статистикалык атчеттулукту жүргүзөт,
- Кодексте жана ушул Жобого ылайык башка милдеттерди жүргүзөт.
Комиссиянын катчысы уьактылуу жок болгон учурда анын милдеттерин комиссиянын төрагасынын тапшыруусу мененкомиссиянын мүчөлөрүнун бири аткарат.
33. Эгерде Комиссиянын мүчөлөрү :
-бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдардын жабырлануучунун , анынмыйзамдуу өкүлдөрүнүн, коргоочусунун,өкүлүнүн, ошондой эле күбөсүнүн, эксперттин, адистин, котормочунун туугандары болушса:
-иштин чечилишине тике же кыйыр түрдө кызыкдар болушса:
- алардын бузуулар жөнүндө иштерди кароого акысы жок.
5. Комиссиянын иш кагаздарын жүргүзүү
34. Иш кагаздарын жүргүзүүгө жалпы жетекчилик Комиссиянын төрагасы тарабынан ишке ашырылат, ал бул иштин абалы үчүн жоопкерчиликти тартат.
35. Эсеп журналдарынын сакталышы, аларга маалыматтардын өз убагында жана анык, так киргизилиши үчүн жоопкерчиликти Комиссиянын катчысы тартат.
36.Бузуулар жөнүндө иш өндүрүшүнүн катышуучуларына бардык зарыл документтерди жөнөтүу Комиссиянын катчысы тарабынан жүргүзүлөт.
37. Бузуулар жөнүндө иштер боюнча кабардамалар ишти кароонун датасы дайындалгандан кийинки күндөн кеч эмес жиберилиши керек.
Жиберилген кабарлама адресатка тапшырылбай калганы билинген учурда Комиссиянын жооптуу катчысы ошол замат тапшырылбай калуунун себептерин аныктоого , бул тууралуу Комиссиянын төрагасына билдиүүгө, анын көрсөтмөсү боюнча кабарламанын өз убагында тапшырылышын камсыз кылуучу чараларды көрүүгө милдеттүү.
Комиссиянын отурумуна келбеген адамдардын кабарламаларынын айрыма бөлүгү ишке тигилет.
38. Бузуу жасалган жерде айып пул өндүрүлгөн учурда айып пулду төлөө банк картасын пайдалануу менен терминал аркылуу, ал эми төлөөнүн мындай формасы мүмкун болбогондо, Комиссиянын катчысы бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамга кабыл алынган үлгүдөгү атайын финансылык отчеттулук болуп эсептелүүчү жана эки нускада түзүлүүчү айып пул дүмүрчөсүн (квитанция) берет. Жоопкерчиликке тартылып жаткан адамга кабыл алынган үлгүдөгү атайын финансылык отчеттуулук документи болуп эсептелүүчү жана эки нускада жүргүзүлүүчү айып пул дүмүрчөсү н( квитанциясын) берет.Жоопкерчиликке тартылып жаткан адам айып пулду ыктыярдуу төлөөгө макулдугун билдирипайып пул дүмурчөгүнүн ( квитанциянын) биринчи нускасына кол коет, экинчи нускасы жаза чарасы колдонулуп жаткан адамга берилет.
39. Комиссиянын катчысы бузуулар жөнундө иштерди түгүзүүнү атайын төмөндөгүдөй хронологиялык тартипте топтоштуруп тигүүнү камсыздайт:
- бузуулар жөнундө протокол жана ишке байланыштуу башка материалдар:
-отурумдун процесинде ишке кошулган, келип түшкөн иретинде жайгаштырылган бардык документтер:
-белгиленген тартипте кол коюлган комисииянын отурумунун протоколу.
- ишти кароонун жыйынтыгында отурумда чыгарылган аныктамалар, токтомдор.
Бардык документтер көктөмөлөргө алардын тексти көрүнүп тургандай болуп көктөлөт.
40. Комиссия тарабынан каралган бардык иштер эсепке алынууга жатат. Иштин номуру каттоо журналындагы катар номурун жана келип түшкөн жылды камтыйт.
41.Бузуулар жөнүндө протокол түзүүчү кызмат адамдары бузуулар жөнүндө каралган иштер тууралуу маалыматтарды Комиссия менен ар ай сайын салыштырып турушат.
42. Комиссия ай сайын Комиссия тарабынан салынган айып пулдардынкелип түшүшүн казначылыктын райондук бөлүмү менен салыштырып текшерип турут.
43. Комиссия төмөнкүдөй эсеп журналдарын жүргүзө алат.
-бузуулар жөнүндө эсепке алуу журналы,
-айып пул салынган адамдарды эсепке алуу журналы:
-бузууну жасоо үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдарга жиберилген кабарламаларды эсепке алуу журналы:
Журналдардын барактарыномурланган, көктөлгөн,мөөр менен бекитилген болууга тийиш, эсеп журналынадагы бардык жазуулар окуй алгыдай даана көк же сыя көк түстөгү сыя (паста) менен жазылууга тийиш.
44. Журналдарды сактоо мөөнөтү 3 жыл. Бузуулар жөнүндөгү иштерди сактоо мөөнөтү 5 жыл. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганда алар тизим боюнча архивге тапшырылат.
45.Эсепке алуу журналдары ички колдонуунун документтери болуп эсептелет жана мекеме- уюмдарга, жеке жарандарга же кызмат адамдарына , Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан сырткары, Комиссиянын төрагасынын уруксатысыз берилбейт.