Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-сентябры № 25-12
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Х. Абдуллаев көчөсүнүн №15-үйүнүн тургуну Юсупов Махаммадусмон Рахманалиевичтин арызын кароо жөнүндө
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Х. Абдуллаев көчөсүнүн №15-үйүнүн тургуну Юсупов Махаммадусмон Рахманалиевичтин өзү жашап жаткан жеке менчик 419 м2 турак үй багытындагы жер тилкесинин ичинен 80 м2 жер тилкесинин багытын соода дүкөнү багытына өзгөртүүгө макулдук сурап жазган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин 49-беренесин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30.05.2008-жылдагы №252-токтомун жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Х. Абдуллаев көчөсүнүн №15-үйүнүн тургуну Юсупов Махаммадусмон Рахманалиевичтин өзү жашап жаткан жеке менчик 419 м2 турак үй багытындагы жер тилкесинин ичинен 80 м2 жер тилкесинин багыты айыл өкмөтүнүн архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда соода дүкөнү багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Аталган жерди курулуштук багытын өзгөртүү маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннанов |