Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-сентябры № 25-17
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүнүн тургуну Солихожаев Мухторхон Хомитхоновичтин арызын кароо жөнүндө
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүнүн тургуну Солихожаев Мухторхон Хомитхоновичтин айыл өкмөтүнүн Араван айылындагы жеке менчик (аталган жер аянтына 25.12.2015-жылы серия Ч№632074 сандуу мамлекеттик акты берилген) 2850 м2 турак үй багытындагы жер тилкесине турак үй жана кошумча курулуштар курууга макулдук сурап жазган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин 49-беренесин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30.05.2008-жылдагы №252-токтомун жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүнүн тургуну Солихожаев Мухторхон Хомитхоновичтин айыл өкмөтүнүн Араван айылындагы жеке менчик (аталган жер аянтына 25.12.2015-жылы серия Ч№632074 сандуу мамлекеттик акты берилген) 2850 м2 турак үй багытындагы жер тилкесине айыл өкмөтүнүн архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда турак үй жана кошумча курулуштар курууга макулдук берилсин.
2. Аталган жерге турак үй жана кошумча курулуштар куруу маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннанов |