Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-сентябры № 25-18
С.Юсупова айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын жыйынтыгында айыл өкмөтүнүн бюжетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
С. Юсупова айыл өкмөтү тарабынан даярдалып, айыл өкмөтүнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнүн 2016-жылга индикативдик божомолуна ылайык даярдалып, айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары тарабынан айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын жыйынтыгында айыл өкмөтүнүн киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүүнү карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С.Юсупова айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын жыйынтыгында жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын кирешелеринен кошумча 665,2 миң сом №1 тиркемеге карата бекитилсин. (№1 тиркеме тиркелет).
2. С.Юсупова айл өкмөтүнүн 2016-жылдын жыйынтыгында жергиликтүү бюджетинин чыгашаларына кошумча каражат 665.2 миң сом №2 тиркемеге карата бекитилсин. (№2 тиркеме тиркелет).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнын башчысы Р.Базарбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннанов |
| С. Юсупова айылдык Кеңешинин 4-чакырык 25-сессиясынын № 25-18-токтомуна №1-тиркеме |
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын ичинде айылдык бюджетинин каражаттарынын кирешелеринин планы, жыл башына бекитилген планга карата 665,2 миң сом кошумча суммасы төмөндөгүчө:
№
| Кирешелердин аталышы | Алымча (миң сом) | Кошумча (миң сом) |
1 | Атайын каражаттар | +200,0 | |
2 | Айыл чарбасы эмес жерлердин жер салыгы | +200,0 | |
3 | Калктуу конуштар жашаган жерлердин ижара акысы | +58,5 | |
4 | Административдик жарыйма | 256,7 | |
5 | Айыл чарбасы эмес жерлерди сатуу | -50,0 | |
Кирешелердин жыйынтыгы: | -50,0 | +715,2 | |
Бардыгы: | +665,2 | ||
| С. Юсупова айылдык Кеңешинин 4-чакырык 25-сессиясынын № 25-18-токтомуна №2-тиркеме |
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын ичинде жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын чыгаша бөлүгүнүн каржылоосуна 665,2 миң сом кошумча суммасы төмөндөгүчө:
Берененин аталышы | Берене | Алымча(-) | Кошумча(+) |
Социалдык жардам | |||
Соц жардам | 27213100 | +100,0 | |
Ж К Х | |||
Ар түрдүү чыгым | 22154900 | +365,2 | |
Билим берүү | |||
Тамак ашка | 22181100
| +200,0 | |
Бардыгы: +665,2 | |||