Загрузка документа…
КАРА_КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-ноябры №12/4
Кара-Кулжа айыл аймагында бузуулар жөнүндөгү комиссиянын жобосу жана комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” кодексинин 313-беренесин жетекчиликке алып, жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 17-октябрындагы № 01-18/126 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобосун бекитүү жөнүндө” буйругунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа айыл аймагында бузуулар жөнүндөгү комиссиянын жобосу №1 тиркемеге ылайык бекитилсин (№1 тиркеме жобо тиркелет).
2. Кара-Кулжа айыл өкмөтүндө бузуулар жөнүндө ишти кароо боюнча төмөндөгүдөй Комиссиянын курамы бекитилсин;
1) Б.Жээнбеков- айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, комиссиясынын төрагасы;
2)Бөрүбаев Абай- айылдык кеңешинин депутаты, төраганын орун басары;
3) Бактыбек уулу Эрмек- айыл өкмөтүнүн юристи комиссиянын катчысы;
Комиссиясынын мүчөлөрү;
4) Шарипов Мамат- айылдык кеңешинин депутаты;
5) Байымбетов Тыныбек- айылдык кеңешинин депутаты;
6) Жөржөев Нуркамил- айылдык кеңештин депутаты;
7) Кадыр уулу Тыныбек- айыл өкмөтүнүн жер адиси;
8) Жороев Арзибек “Кара-Кулжа Тазалык” Муниципалдык ишканасынын жетекчиси;
9) Абдилкадыр уулу Биймырза - “Кара-Кулжа Таза Суу” Муниципалдык ишканасынын жетекчиси;
10) Жумабаев Айтмамат- Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы;
11) Аданбаев Акболуш- “Калпак” коомдук бирикмесинин төрагасы;
12) Таиров Эрмен- аксакалдар сотунун мүчөсү;
13) Матаипов Төлөгөн- милицияанын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү;
3. Комиссиянын курамы Кара-Кулжа айыл аймагында бузуулар жөнүндөгү Типтүү Жобону аткарууга алышсын.
Тѳрага | Б. Саипов |
|
|
№ 12 / 4 токтомуна № 1-тиркеме
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын
ЖОБОСУ
1. Жалпы жоболор
1.Ушул типтүү жобо Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн алдындагы бузуулар жөнүндө кодексинин айрым беренелерин кароо боюнча түзүлгөн комиисиясынын иш аракетин аныктайт.
2. Комиссия жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү колегиялдуу орган болуп саналат.
3. Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана персоналдык курамы жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.
4. Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргы Республикасынын Кониституциясын, Бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
6. Комиссия жергиликттүү кеңештин алдында отчет берет. Комиссия жыл сайын 15-январдан кеч эмес өткөн календарлык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүү кеңешке киргизет.
7. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык жана техникалык жактан камсыз кылуу жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
2. Комиссияны түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтотуунун тартиби
8. Комиссия так санда, 5-13 адамдан, комиссиянын төрагасынын, төрагасынын орун басарынын, катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.
9. Жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилүүчү комиссиянын курамына төмөндөгүлөр кирет;
ü Жергиликтүү кеңештин депутаттары,
ü Муниципалдык кызматчылар,
ü Айыл аймагынын чегинде жашаган жарандык коомдун жана жергиликтүү жамаатын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).
Комиссиянын төрагасы комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен, ал эми комиссиянын катчысы айыл өкмөтүнүн (аппарат кызматкери) муниципалдык кызматчысы болгон комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен дайындалат.
10. Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамаатын өкүлдөрүнөн 21 жашка толгон, атайын орто жана (же) жогору билимдүү Кыргыз Республикасынын жараны комиссиянын мүчөсү боло алат.
11. Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамаатын өкүлдөрүнөн:
ü Соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган;
ü Соттуулугу бар же мыйзамда аныкталган тартипте алынбаган же жоюлбаган сотуулугу бар;
ü Акталбаган негиздер боюнча соттук куугунтуктоосу (жазык иши) токтотулган, мурда жазык жоопкерчилигине тартылган;
ü Медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган адамдар комиссиянын мүчөсү боло албайт.
12. Комиссиянын иштеп жаткан курамынын ыйгарым укуктары жергиликтүү кеңеш комиссияны түзүү жөнүндө чечим кабыл алган күндөн тартып башталат жана комиссиянын жаңы курамы бекитилген күндөн тартып токтотулат.
13. Комиссиянын ыйгарым укуктары:
ü Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамаатын өкүлү болуп эсептелген комиссиянын мүчөсү өз ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу жазуу жүзүндө арыз берген учурда;
ü Комиссиянын мүчөсү муниципалдык кызматын токтоткондо;
ü Комиссиянын мүчөсүнө карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенде;
ü Күчүнө кирген соттун чечими менен комиссиянын мүчөсү болуп эсептелген адам аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген, дайынсыз жок болгон же өлгөн деп табылганда;
ü Медициналык корутундуга ылайык комиссиянын мүчөсүнүн ден соолугунун абалы ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган учурда;
ü Комиссиянын мүчөсү болгон адам комиссиянын мүчөсүнүн намысын жана кадыр баркын кетирүүчү жоосун жасаган учурда;
ü Комиссиянын мүчөсү өлгөндө;
ü Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жерге туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде;
ü Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо же чет мамлекеттин жарандыгын алганда;
ü Жергиликтүү кеңештин депутаты катары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганда;
ü Жарандык коом жана жергиликтүү жамаат тарабынан өз өкүлүн кайра чакырып алганда токтотулат.
14. Комиссиянын жаңы мүчөсү комиссиянын мурдагы мүчөсүнүн ыйгарым укутарын токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан 15 календарлык күндөн кеч эмес бекитилет.
15. Комиссиянын ыйгарым укуктары комиссия өз ыйгарым укуктарын аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарганда жергиликтүү кеңештин чечими менен токтотулушу мүмкүн.
16. Комиссиянын жаңы курамы Комиссиянын мурдагы курамынын ыйгарым укуктары токтотулгандан 5 календарлык күндөн кеч эмес түзүлөт.
3.Комиссиянын ишинин тартиби
17. Комиссиянын ыйгарым укуктары Кодексте каралган.
18. Комиссия бузуулар жөнүндө иштерди отурумдарда карайт. Комиссиянын отурумдары зарылчылыгына жараша (материалдардын түшүшүнө карата) өткөрүлөт. Комиссиянын отурумдарынын мезгилдүүлүгү бузуулар жөнүндө иштерди кароонун мыйзам тарабынан аныкталган мөөнөттөрүн сактоо камсыз кылынгандай болууга тийиш.
19. Эгерде Комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн үчтөн экиси катышса, Комиссиянын отуруму укуктуу болот.
Эгерде Комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе, чечим кабыл алынды деп эсептелет.
20. Бузуулар жөнүндө ишти Комиссия иштин материалдары келип түшкөндөн баштап 10 (он күндүк) мөөнөттө, Кодексте аныкталган тартипте карайт.
21. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары өз чечимдери менен Бузуулар жөнүндө протокол түзүү боюнча ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмегин аныктайт.
22. Комиссия чечимди аныктама же токтом түрүндө.
23. Комиссия, Бузуу жөнүндө ишти карап чыгып;
1) Төмөндөнү токтомдордун бирин чыгарат;
ü Жаза чарасын колдонуу жөнүндө;
ü Туумду кошуп эсептөө жөнүндө (Бузуулар жөнүндө кодекстин 29-беренеси);
ü Иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө;
2) Ишти кароо Комиссиянын компетенсиясына кирбей тургандыгы ачыкталган кезде ишти ведемстволук караштуулугу боюнча өткөрүп берүү жөнүндө аныктама чыгарат.
24. Иш боюнча чыгарылган токтомго даттануу тартиби, жаза чаралары жана кошумча укуктук кесепеттер жөнүндө токтомду аткаруунун тартиби Кодексте (Бузуулар жөнүндө) каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
4. Комиссиянын мүчөлүрүнүн укуктары жана милдеттери
25. Комиссиянын ишмердүүлүгүн Комиссиянын төрагасы уюштурат.
26. Бузуу жөнүндө иштерди кароодо Комиссиянын мүчөлөрү бирдей укука ээ.
27. Комиссиянын мүчөлөрү, төмөндөгүлөргө милдеттү;
ü Комиссия тарабынан каралып жаткан бузуу жөнүндө иштердин материалдары менен таанышууга;
ü Бузуу жөнүндө иштер боюнча илктөөгө жана далилдерге баа берүүгө катышууга;
ü Комиссиянын чечимдерин чыгарып жатканда талкулоого жана добуш берүүгө катышууга;
ü Жүрүм-турумдун этикасынын эрежелерин сактоого;
ü Комиссиянын отурумдарынын протоколуна кол коюуга;
28. Комиссиянын мүчөлөрү, төмөндөгүлөргө укуктуу;
ü Бузуу жөнүндө иштерге катышып жаткан адамдарга суроолорду берүүгө;
ü Бузуу жөнүндө иштер боюнча кабыл алынып жаткан чечимдер боюнча сунуштарды киргизүүгө;
ü Кодексте каралган башка укуктарга;
29. Комиссиянын төрагасы, Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары, төмөндөгүлөргө милдеттүү:
ü Комиссиянын ишмердүүлүгүн пландаштыруу, уюштуруу жана жетектөө;
ü Комиссиянын отурумдарына төрагалык кылуу;
ü Комиссиянын отурумунун күн тартибин бекитүү;
ü Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго), ошондой эле Комиссиянын башка документерине кол коюу;
ü Комиссиянын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүү;
30. Комиссиянын төрагасы, Комиссиянын мүчөсүнүн укуктарынан сырткары, төмөндөгүдөй укуктарга ээ;
ü Өз компетенсиясынын чегинде Комиссиянын атынан ишеним катсыз аракеттерди жасоого жана мамлекеттик бийликтин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары жана жарандар менен болгон мамилелерде Комиссиянын кызыкчылыктарын билдирүүгө;
ü Комиссиянын ыйгарым укуктарына кирген маселелер бонча тапшырмаларды берүүгө;
ü Ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка укуктарга;
31. Комиссиянын төрагасынын орун басары, Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары;
ü Бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын отурумунда кароого алдын ала даярдоону уюштурат;
ü Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
ü Комиссиянын төрагасы жок болгон учурда, анын ыйгарым укуктарын ишке ашырат;
ü Ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка милдеттерди аткарат.
32. Комиссиянын катчысы, Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттерин аткаруудан сырткары;
ü Бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын кароосуна даярдоону уюштурат;
ü Өз ишмердүүлүгүн Комиссиянын төрагасынын жетекчилиги астында ишке ашырат;
ü Комиссиянын төрагасынын тапшырмасын аткарат;
ü Келип түшкөн материалдарды, билдирүүлөрдү жана арыздарды, ошондой эле бузуу жагдай бар экендигин көрсөткөн, массалык маалымат каражаттарында (анын ичинде интернетте) жарыяланган кабарларды кабыл алат жана каттайт;
ü Бузуулар жөнүндө протоколдорду, Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорду жана аныктамаларды Кодекстин жана ушул Жобонун талаптарына ылайык даярдоону жана тариздөөнү камсыз кылат;
ü Комиссиянын мүчөлөрүн, бузуулар жөнүндө өндүрүшкө катышып жатышкан адамдарды талаптагыдай ишти кароонун убактысы жана оорду тууралуу кабарландырат, аларды комиссиянын кароосуна киргизилген иштердин материалдары менен тааныштырат;
ü Комиссиянын отурумдарынын протоколун жүргүзөт жана тариздейт, аларга кол коет;
ü Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго) кол коет;
ü Аныктамалардын жана токтомдордун көчүрмөлрүн тиешелүү адамдарга белгиленген мөөнөттөрдө тапшырууну жана жеткирүүнү камсыз кылат;
ü Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорго жана аныктамалар боюнча даттанууларды кабыл алат, аларды кароону уюштурат;
ü Комиссиянын тарабынан чыгарылган аныктамалардын жана токтомдордун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт;
ü Комиссиянын иш кагаздарынын жүргүзүлүшүн жана сакталышын камсыз кылат;
ü Бузуулар жөнүндө иштерди кароонун тажрыйбасын иликтейт жана жалпылайт, Комиссиянын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдайт;
ü Отчеттуулукту жана статистикалык отчетуулукту жүргүзөт;
ü Кодекске жана ушул Жобого ылайык башка милдеттерди аткарат.
33. Комиссиянын катчысы убактылуу жок болгон учурда анын милдеттерин Комиссиянын төрагасынын тапшыруусу боюнча Комиссиянын мүчөлөрүнүн бири аткарып турат.
34. Эгерде Комиссиянын мүчөлөрү;
ü Бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдан, жабырлануучунун, анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, коргоочусунун, адвокатынын, о.э күбөсүнүн, экспертин, адистин, котормочунун туугандары болушса;
ü Иштин чечилишине тике же кыйыр түрдө кызыктар болушса, алардын бузуулар жөнүндө ишти кароого акысы жок.
5. Комиссиянын иш кагаздарын жүргүзүү
35. Иш кагаздарын жүргүзүүгө жалпы жетекчилик Комиссиянын төрагасы тарабынан ишке ашырылат, ал бул иштин абалы үчүн жоопкерчилик тартат.
36. Эсеп журналдарынын сакталышы, аларга маалыматтардын өз убагында жана анык, так киргизилиши үчүн жоопкерчиликти Комиссиянын катчысы тартат.
37.Бузуулар жөнүндө иш өндүрүшүнүн катышуучуларына бардык зарыл документтерди жөнөтүү Комиссиянын катчысы тарабынан жүрүзүлөт.
38. Бузуулар жөнүндө иштер боюнча кабарламалар ишти кароонун датасы дайындалгандан кийинки күндөн кеч эмес жиберилиши керек. Жиберилген кабарлама адреске тапшырылбай калганы билинген учурда, Комиссиянын жооптуу катчысы ошол замат тапшырылбай калуунун себебин аныктоого, бул тууралуу Комиссиянын төрагасына билдирүүгө, анын көрсөтмөсү боюнча кабарламанын өз убагында тапшырылышын камсыз кылуучу чараларды көрүүгө милдеттүү.
Комиссиянын отурумуна келбеген адамдардын кабарламаларынын айрым бөлүгү ишке тигилет (делого).
39. Бузуу жасалган жерде, айып пул өндүргөн учурда айып пулду төлөө банк картасын пайдалануу менен терминал аркылуу жүргүзүөт. Ал эми төлөөнүн мындай формасы мүмкүн болбогондо, Комиссиянын катчысы бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамга кабыл алынган үлгүдөгү, атайын финансылык отчеттуулуктун документи болуп эсептелүүчү жана эки нускада түзүлүүчү айып пул дүмүрчөгүн (Квитансия) берет.
40. Жоопкерчиликке тартылып жаткан адам салынган айып пулу ыктыярдуу төлөөгө макулдугун билдирип, айып пул дүмүрчөгүнүн (квитансия) биринчи нускасына кол коет, экинчи нускасы жаза чарасы колдонулуп жаткан адамга берилет.
41. Комиссиянын катчысы бузуулар жөнүндө иштерди түзүүнү, аларды төмөндөгүдөй хронологиялык тартипте топтоштуруп тигүүнү камсыздайт;
ü Бузуулар жөнүндө протокол жана ишке байланыштуу башка материалдар;
ü Отурумдун процессинде ишке кошулган, келип түшкөн иретинде жайгаштырылган бардык документер;
ü Белгиленген тартипте кол коюлаган комиссиянын отурумунун протоколу;
ü Ишти кароонун жыйынтыгында отурумда чыгарылган аныктамалар, токтомдор, бардык документер көктөмөгө, алардын тексти көрүнүп тургудай болуп көктөлөт;
42. Комиссия тарабынан каралган баардык иштер эсепке алынууга жатат. Иштин номуру каттоо журналындагы катар номурун жана келип түшкөн жылды камтыйт.
43. Бузуулар жөнүндө протокол түзүүчү кызмат адамдары бузуулар жөнүндө каралган иштер тууралуу маалыматтарды комиссия менен ай сайын салыштырып турушат.
44. Комиссия ай сайын Комиссия таарабынан салынган айып пулдардын келип түшүшүн райондук казына (райондук финансы бөлүмү) бүлүмү менен салыштырып текшерип турат.
45. Комиссия төмөндөгүдөй эсеп журналдарын жүргүзө алат;
ü Бузуулар жөнүндө иштерди эсепкеалуу журналы;
ü Айып пул салынган адамдарды эсепке алуу журналы;
ü Бузууну жасоо үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдарга жиберилген кабарламаларды эсепке алуу журналы;
46. Журналдардын барактары номурланган, көктөлгөн, мөөр менен бекитилген болууга тийиш. Эсеп журналындагы бардык жазуулар окуй алгыдай даана, көк же сыя көк түстөгү сыя (паста) менен жазылат.
47. Журналдарды сактоо мөөнөтү 3 жыл. Бузуулар жөнүндө иштерди сактоо мөөнөтү 5 жыл. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганда алар тизме боюнча архивке тапшырылат.
48. Эсепке алуу журналдары ички колдонуунун документери болуп эсептелет жана мекеме-уюмдарга, жеке жарандарга, кызмат адамдарына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан сырткары, Комиссиянын төрагасынын уруксатысыз берилбейт.