Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-ноябры №15/3
Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндөгү” кодексине ылайык Ленин айыл өкмөтүндө бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Жобону бекитүү тууралуу Ленин айылдык кенештин төрагасынын орун басары С.Мамыровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ленин айылдык Кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтүндө бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Жобо бекитилсин /.(тиркеме №1тиркелет).
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин мыйзам жана укук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Б.Арынбаев |
|
|
| Ленин айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XV отурумунун 2018-жылдын 27-ноябрындагы № 15/3 токтомуна №1 тиркеме.
|
Ленин айылдык кенешинин алдында бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу
Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде (мындан ары - Кодекс) каралган Кыргыз Республикасынын Ленин айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларын (мындан ары - Комиссия) түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин аныктайт.
2. Комиссия жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлөт жана туруктуу коллегиялдуу орган болуп эсептелет.
3. Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана персоналдык курамы жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.
4. Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конститутциясын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
6. Комиссия жергиликтүү кеңештин алдында отчет берет. Комиссия жыл сайын, 15-январдан кеч эмес өткөн календарлык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүү кеңешке киргизет.
7. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материлдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
Ø Комиссияны түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтотуу тартиби.
8. Комиссия так санда 5-11 адамдан, Комиссиянын төрагасынын, төраганын орун басарынын, катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.
9. Жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилүүчү Комиссиянын курамына төмөндөгүлөр киришет:
ü Жергиликтүү кеңештин депутаттары;
ü Муниципалдык кызматкерлер;
ü Шаардын, айыл аймагынын чегинде жашаган жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча);
ü Комиссиянын төрагасы комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен, ал эми Комиссиянын катчысы мэриянын (айыл өкмөтүнүн) муниципалдык кызматчысы болгон комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен дайындалат.
10. Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн 21 жашка толгон, атайын орто жана (же) жогорку билимдүү Кыргыз Республикасынын жараны комиссиянын мүчөсү боло алат.
11. Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн:
Ø Соттун чечими менен аракетке жөндөсүз же аракети чектелген деп табылган;
Ø Соттуулугу бар же мыйзамдааныкталган тартипте алынбаган же жабылбаган соттуулугу бар;
Ø Акталбаган негиздер боюнча соттук куугунтуктоосу (жазык иши) токтотулган, мурда жазык жоопкерчилигине тартылган;
Ø Медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган;
Ø адамдар Комиссиянын мүчөсү боло албайт.
12. Комиссиянын иштеп курамынын ыйгарым укуктары жергиликтүү кеңеш Комиссияны түзүү жөнүндө чечим кабыл алган күндөн тартып башталат жана Комиссиянын жашы курамы бекитилген учурдан тартып токтотулат.
13. Комиссиянын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары ошондой эле:
Ø Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлү болуп эсептелген Комиссиянын мүчөсү өз ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу жазуу жүзүндө арыз берген учурда;
Ø Комиссиянын мүчөсү муниципалдык кызматын токтоткондо;
Ø Комиссиянын мүчөсүнө карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенде;
Ø Күчүнө кирген соттун чечими менен Комиссиянын мүчөсү болуп эсептелген адамаракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген, дайынсыз жок болгон же өлгөн деп табылганда;
Ø Медициналык корутундуга ылайык Комиссиянын мүчөсүнүн ден соолугунун абалы ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган учурда;
Ø Комиссиянын мүчөсү болуп эсептелген адам Комиссиянын мүчөсүнүн намысын жана кадыр-баркын кетирүүчү жосун жасаган учурда;
Ø Комиссиянын мүчөсү өлгөндө;
Ø Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жерге туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде;
Ø Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо же чет мамлекеттин жарандыгын алганда;
Ø Жергиликтүү кеңештин депутаты катары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганда;
Ø Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамаат тарабынан өз өкүлүн кайра чакырып алгандатоктотулат.
14. Комиссиянын жаңы мүчөсү Комиссиянын мурдагы мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечим кабыл алгандан 15 календарлык күндөн кеч эмес бекитилет.
15. Комиссиянын ыйгарым укуктары Комиссия өз ыйгарым укуктарын аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарганда жергиликтүү кеңештин чечими менен токтотулушу мүмкүн.
16. Комиссиянын жаңы курамы Комиссиянын мурдагы курамынын ыйгарым укуктары токтотулгандан 5 календарлык күндөн кеч эмес түзүлөт.
Ø Комиссиянын ишинин тартиби
17. Комиссиянын ыйгарым укуктары Кодексте аныкталган.
18. Комиссия бузуулар жөнүндө иштерди отурумдарда карайт. Комиссиянын отурумдары зарылчылыгына жараша (материалдардын түшүшүнө карата) өткөрүлөт. Комиссиянын отурумдарынын мезгилдүүлүгү бузуулар жөнүндө иштерди кароонун мыйзам тарабынан аныкталган мөөнөттөрүн сактоо камсыз кылгандай болууга тийиш.
19. Эгерде Комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн үчтөн экиси катышса, Комиссиянын отуруму укуктуу болот.
Эгерде Комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе чечим кабыл алынды деп эсептелет.
20. Бузуулар жөнүндө ишти Комиссия иштин материалдары келип түшкөндөн баштап он күндүк мөөнөттө, Кодексте аныкталган тартипте карайт.
21. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары өз чечимдери менен бузуулар жөнүндө протокол түзүү боюнча ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмегин аныктайт:
22. Комиссия чечимди аныктама же токтом түрүндө чыгарат.
23. Комиссия, бузуу жөнүндө ишти карап чыгып;
А) төмөндөгү токтомдордун бирин чыгарат:
1) жаза чарасын колдонуу жөнүндө
2) туумду кошуп эсептөө жөнүндө
3) иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө
Б) ишти кароо Комиссиянын компетенциясына кирбей тургандыгы аныкталган кезде, ишти ведамстволук караштуулугу боюнча өткөрүп берүү жөнүндө аныктама чыгарат.
24. Иш боюнча чыгарылган токтомго даттануу тартиби, жаза чаралары жана кошумча укуктук кесепеттер жөнүндө токтомду аткаруунун тартиби Кодексте каралган тартиптежүзөгө ашырылат.
Ø Комиссиянын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
25. Комиссиянын ишмердүүлүгүн Комиссиянын төрагасы уюштурат. 26. Бузуу жөнүндө иштерди кароодо Комиссиянын мүчөлөрү бирдей укукка ээ.
27. комиссиянын мүмөлөрү:
Төмөндөгүлөргө милднттүү
Ø Комиссия тарабынан каралып жаткан бузуу жөнүндө иштердин материалдары менен таанышууга;
Ø бузуу жөнүндө иштер боюнча иликтөөгө жана далилдерге баа берүүгө катышууга;
Ø жүрүм-турумдун этикасынын эрежелерин сактоого;
Ø Комиссиянын отурумдарынын протоколдоруна кол коюуга.
Ø Төмөндөгүлөргө укуктуу
Ø бузуу жөнүндө иштерге катышып жаткан адамдарга суроолорду берүүгө;
Ø бузуу жөнүндө иштер боюнча кабыл алынып жаткан чечимдер боюнча сунуштарды кийирүүгө;
Ø Кодексте каралган башка укуктарга.
28. Комиссиянын төрагасы, Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары төмөндөгүлөргө милдеттүү;
Ø Комиссиянын ишмердүүлүгүн пландаштыруу, уюштуруу жана жетектөө;
Ø Комиссиянын отурумдарында төрагалык кылуу;
Ø Комиссиянын отурумунун күн тартибин бекитүү;
Ø Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго), ошондой эле Комиссиянын башка документтерине кол коюу;
Ø Комиссиянын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүү.
Комиссиянын төрагасы, Комиссиянын мүчөсүнүн укуктарынан сырткары төмөнкүдөй укуктарга ээ:
Ø Өз компетенциясынын чегинде Комиссиянын атынан ишеним катсыз аракеттерди жасоого жана мамлекеттик бийликтин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары жана жарандар менен болгон мамилелерде Комиссиянын кызыкчылыктарын билдирүүгө;
Ø Комиссияныныйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча тапшырмаларды берүүгө;
Ø Ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка укуктарга.
29. Комиссиянын төрагасынын орун басары Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары:
Ø бузуу жөнүндө иштерди Комиссиянын отурумунда кароого алдын-ала даярдоону уюштурат;
Ø Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
Ø Комиссиянын төрагасы жок болгон учурда анын ыйгарым укуктарын ишке ашырат;
Ø Ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка функцияларды аткарат.
30. Комиссиянын катчысы, Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттерин аткаруудан сырткары:
Ø бузуу жөнүндө иштерди Комиссиянын кароосуна даярдоону уюштурат;
Ø өз ишмердүүлүгүн Комиссиянын төрагасынын жетекчилигинин астында ишке ашырат;
Ø Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
Ø Келип түшкөн материалдарды, билдирүүлөрдү жана арыздарды, ошондой эле бузуу жагдайы бар экендигин көрсөткөн, массалык маалымат каражаттарында (анын ичинде Интернетте) жарыяланган кабарларды кабыл алат жана каттайт;
Ø Бузуулар жөнүндө протоколдорду, Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорду жана аныктамаларды Кодекстин жана Ушул Жобонун талаптарына ылайык даярдоону жана тариздөөнү камсыз кылат;
Ø Комиссиянын мүчөлөрүн, бузуу жөнүндө өндүрүшкө катышып жатышкан адамдарды талаптагыдай ишти кароонун убактысы жана орду туралуу кабарландырат, аларды Комиссиянын кароосуна киргизилген иштердин материалдары менен тааныштырат;
Ø Комиссиянын отурумдарынын протоколдорун жүргүзөт жана тариздейт, аларга кол коет;
Ø Комиссия тарабынан чыгарылган чечимге (аныктамаларга жана токтомдорго) кол коет;
Ø Аныктамаларга жана токтомдордун көчүрмөлөрүн тиешелүү адамдарга белгиленген мөөнөттө тапшырууну же жөнөтүүнү камсыз кылат;
Ø Комиссия тарабынан чыгарылган аныктамаларга жана токтомдорго даттанууларды кабыл алат, аларды кароону уюштурат;
Ø Комиссия тарабынан чыгарылган аныктамаларга жана токтомдордун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт;
Ø Комиссиянын иш кагаздарынын жүргүзүлүшүн жана сакталышын камсыз кылат;
Ø бузуу жөнүндө иштерди кароонун тажырыйбасын иликтейт жана жалпылайт, Комиссиянын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдайт;
Ø отчеттуулукту жана статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт;
Ø Ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка милдеттерди аткарат;
Комиссиянын катчысы убактылуу жок болгон учурда анын милдеттерин комиссиянын төрагасынын тапшыруусу боюнча Комиссиянын мүчөлөрүнүн бири аткарып турат.
31. Эгерде Комиссиянын мүчөлөрү:
Ø Бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын, жабырлануучунун, анын мыйзамдуу өкүлүнүн, коргоочусунун, өкүлүнүн, адвокатынын, ошондой эле күбөсүнүн, эксперттин, адистин, котормочунун туугандары болушса:
Ø Иштин чечилишине тике же кыйыр түрдө кызыктар болушса;
алардын бузуу жөнүндө иштерди кароого катышууга акысы жок.
Ø Комиссиянын иш кагаздарын жүргүзүү
32. Иш кагаздарын жүргүзүүгө жалпы жетекчилик Комиссиянын төрагасы тарабынан ишке ашырылат, ал бул иштин абалы үчүн жоопкерчилик тартат.
33. Эсепке алуу журналдары ички колдонуунун документтери болуп эсептелет жана мекеме-уюмдарга, жеке жарандарга же кызмат адамдарына, Кыргыз Республикасынын мызамдарында каралган учурлардан сырткары, Комиссиянын төрагасынын уруксатысыз берилбейт.