ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХV сессиясы
2018-жылдын 27-ноябры №15/6
Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндөгү” кодексине ылайык Ленин айыл өкмөтүндө бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияны түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “ Бузуулар жөнүндөгү” кодексине ылайык Ленин айыл өкмөтүндө бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияны түзүү жөнүндө Ленин айылдык кенешинин төрагасынын орун басары С.Мамыровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,
Ленин айылдык Кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтүндө бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча сандык курамы 7 адамдан турган комиссия төмөндөгүдөй болуп түзүлсүн. (тиркеме №1тиркелет).
2. Ленин айыл өкмөтүндө Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу жобого ылайык иш алып баруу жагы түзүлгөн комиссия курамына милдеттендирилсин.
3. Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын,Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө”кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алып иш жүргүзсүн , ошондой эле жылына бир жолудан 15-январдан кеч эмес өткөн календардык жылда аткарган иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүү кенешке киргизсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин мыйзам жана укук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Б.Арынбаев |
|
|
| Ленин айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезекcиз XV отурумунун 2018-жылдын 27-ноябрындагы № 15/6 токтомуна № 1 тиркеме.
|
Ленин айыл өкмөтүндөгү бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамы:
1.А.Арзиева-Ленин айыл өкмөтүнүн экономист-статисти
2.Б.Токтобаева-Балдар бакчасынын тарбиячысы
3.Б.Субанов-Айылдык кенештин депутаты
4.К.Кадыров-Гагарин айылынын жамаат башчысы
5.Б.Айдаралиев-Айылдык кенештин депутаты
6.З.Курбанов-Мурдаш айылынын айыл башчысы
7.А.Матеипов- Согонду айылынын айыл башчысы
Жооптуу катчысы:
| З.Дубанаева |