Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-декабры №80
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтомуна ылайык, Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Өзгөрүш айылындагы Ж.Шеркулов орто мектебинин эски имаратынын алдындагы 0,20 га жер аянтын “Холисхон апа” балдар бакчасын куруу үчүнөткөрүпберүүжөнүндөгү арызын карап жана талкуулап, Дөң-Булак айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Өзгөрүш айылындагы Ж.Шеркулов орто мектебинин эски имаратынын алдындагы 0,20 га жер аянты “Холисхон апа” балдар бакчасын куруу үчүнөткөрүпберилсин.
2. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына жер аянтынын мыйзамдуу жагын карап, тиешелүү ишканалардан корутунду, аныктамаларды алып, жер аянтын бектип берүү жагы жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | П.А.Эсеналиев |