Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-декабры № ХVIII-9
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-июнундагы №315 токтомунун 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-июлундагы №482 токтомдоруна ылайык 136 класс комлектке 1 штат бирдиги жана 22 группага 1 штат бирдиги жергиликтүү бюджеттен кошумча каржылоо көрсөтүлгөн. Ноокат шаарынын аймагындагы “Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде” штат бирдигин бекитип берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3 бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагындагы балдар бакчаларына 2 (эки) штат бирдиги бекитилип берилсин.
-Ноокат шаар мэриясынын 2019-жылдын бюджетинин 2111 беренеси эсебинен эмгек акысы үчүн 267 000 сом;
-2121 беренеси эсебинен соц.фонд үчүн 46 800 сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Гафаров |