Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 5-июну № 315
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым
чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүү жөнүндө
Билим берүүгө чыгымдарды каржылоо боюнча бюджеттик милдеттенмелерди тартипте келтирүү жана алардын бюджеттик мүмкүнчүлүктөрүнө шайкеш келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 302 “Айыл аймактарынын жана шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу билим берүү уюмдарын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык бөлүмдөрү аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 2-пункту менен бекитилген Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарынын чыгымдарын түзүү жана аткаруу тартиби ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда берилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 2-пункту менен бекитилген Ченемдик каржылоонун механизми жайылтылбаган Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарынын тизмеги ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;
- 2-пунктунун үчүнчү абзацындагы “билим берүү уюмдарынын” деген сөздөр “жалпы билим берүүчү уюмдарынын” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 6-пунктунда:
экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
“- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги аркылуу республикалык бюджеттен төмөнкүлөр каржыланат:
коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө, имараттарды жана жайларды күтүүгө чыгымдардан тышкары мамлекеттик жалпы билим берүүчү уюмдардын чыгымдары;
райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) алдындагы борбордоштурулган бухгалтерияларынын райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) жана методикалык иштердин чыгымдары;
мектепке чейинки, мектептен тышкары жана башка билим берүү уюмдарынын эмгек акы төлөө фонду боюнча чыгымдары;
- 2014-жылы мектепке чейинки, мектептен тышкаркы жана башка билим берүү уюмдарынын эмгек акысын жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөрдөн башка жалпы билим берүүчү уюмдардын коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрүн жана имараттар менен жайларды күтүү чыгымдарын, ошондой эле бардык чыгымдарын каржылоо функциясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында сакталат;
үчүнчү абзацындагы “билим берүү уюмдарынын” деген сөздөр “жалпы билим берүүчү уюмдарынын” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Райондук (шаардык) билим берүү бөлүмүнүн (башкармалыгынын) борбордоштурулган бухгалтерияларынын типтүү штаттарында:
эскертүүнүн 2-пункту төмөнкү мазмундагы 2-1, 2-2 жана 2-3-пункттар менен толукталсын:
“2-1. Кароолчунун кызматы борбордоштурулган бухгалтериялардын жумуш убагын кошпогондо сменада 1 бирдик эсебинде дем алыш жана майрам күндөрүндөгү ишин эске алуу менен киргизилет.
2-2. Жеңил автомобиль айдоочунун штаты жеңил автомобили бар болсо киргизилет.
2-3. Кызматтык жайларды тазалоочу жана от жагуучу штаттык бирдиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-октябрындагы № 627 “Кенже жана техникалык тейлөөчү кызматкерлердин убактысынын, ишинин, санынын типтүү ченемдерин бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык белгиленет.”.
Эскертүү төмөнкү мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
“4. Жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынан билим берүү уюмдарынын чыгымдарын каржылоо жүктөлгөн шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) борбордоштурулган бухгалтерияларынын штатына жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен жалпы билим берүүчү уюмдардын 130 класска 1 кызмат эсебинде жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында 22 топко 1 кызмат эсебинде бухгалтерлердин штаттык кызматы кошумча киргизилиши мүмкүн.”.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-сентябрындагы № 563 “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарын каржылоонун ченемдик принцибине которуу жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 2-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
“- казыначылык тутумунда кошумча билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнөн түшкөн каражаттарды эсепке алуу жана тейлөө үчүн максаттуу эсептерди жалпы билим берүү уюмдарында ачышсын, аны пайдалануу чыгымдардын сметасын бекитпестен бюджеттик классификацияга ылайык ишке ашырылат;”;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жалпы билим берүүчү уюмдарда кошумча билим берүү кызматтары жөнүндө жободо:
6-пункт төмөнкү мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын:
«Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги кошумча билим берүү кызматтарынын тизмегин кеңейтүүгө укуктуу.”,
11-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“- класстардын толуусунун эсептик көрсөткүчү (2-тиркеме);”;
22-пунктта “Казыначылыктагы эсепке алуу эсебине” деген сөздөр “Казыначылык эсебине” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- Жалпы билим берүүчү уюмдарда кошумча билим берүү кызматтары жөнүндө жобонун 1-тиркемесинде:
11-пункттун таблицасындагы “эсептик нормативи” деген сөздөр “эсептик көрсөткүчү” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 15-пунктта:
3-пункчасынын бешинчи абзацындагы жана 4-пунктчасынын жетинчи абзацындагы “нормативдик саны” деген сөздөр “санынын эсептик көрсөткүчү” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- Жалпы билим берүүчү уюмдарда кошумча билим берүү кызматтары жөнүндө жобонун 2-тиркемесинде:
2-тиркеменин аталышында “чектик нормативдик” деген сөздөр алып салынсын;
таблицадагы “чектик нормасы” деген сөздөр “эсептик көрсөткүчү” деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- ушул токтомдун 1-пунктунун он экинчи, он үчүнчү, он төртүнчү абзацтарына ылайык борбордоштурулган бухгалтериялардын штаттык бирдиктери 2013-жылдын 1-ноябрынан тартып киргизилери, аларды киргизүү менен байланышкан чыгымдар республикалык бюджеттин “Билим берүү” бөлүмүндө каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылары;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кирешесине киреше салыгын чегерүү билим берүүчү уюмдар жайгашкан жери боюнча жүргүзүлөрү.
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- билим берүү уюмдарын обочолонгон бөлүм катары эсепке алуу каттоосун жүргүзсүн;
- 2014-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынан, ошондой эле ата-энелердин жана балдардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн каражаттарынан мектепке чейинки билим берүү жана балдарды мектепке даярдоо уюмдарын каржылоо механизмдерин өзгөртүү боюнча сунуштарды киргизсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-июнундагы №315 токтомуна 1-тиркеме |
1. Ушул Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын чыгымдарын түзүү жана аткаруу тартиби (мындан ары - Тартип) республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынан жалпы билим берүү уюмдарынын чыгымдарын каржылоо механизмин аныктайт.
2. Жалпы билим берүү уюмдарынын чыгымдар сметасын түзүү жана бекитүү мөөнөттөрү боюнча жалпы жол-жоболор “Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (мындан ары - Финмин) бекитүүчү бирдиктүү бюджеттик классификация боюнча аныкталат.
3. Стандарттын жана окуучулардын санынын негизинде райондор (шаарлар) боюнча жалпы билим берүү уюмдарынын жалпы чыгымдарын аныктоо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин (мындан ары - БИМ) функциясы болуп эсептелет, ал эми БИМ аныктаган бюджеттин чегинде уюмдардын чыгымдар сметасын түзүү жана бекитүү райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) (мындан ары - Р(Ш)ББ) жана жалпы билим берүү уюмдарынын функциясы болуп эсептелет.
4. БИМ республикалык бюджеттин каражаттарынан Р(Ш)ББ аркылуу чыгымдарды экономикалык классификациялоонун төмөнкү беренелери боюнча окуу процессин камсыздоо менен байланышкан жалпы билим берүү уюмдарынын чыгымдарын каржылайт:
Чыгымдарды экономикалык классификациялоонун коддору | Чыгымдардын аталышы |
2111 | Эмгек акы |
2121 | Социалдык фондго төгүмдөр |
2211 | Кызматтык иш сапарларга чыгымдар |
2213 | Ижара акысы |
2214 | Транспорттук кызмат көрсөтүүлөр |
2215 | Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу |
22151 | Башка кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу |
22152 | Мүлктүн учурдагы ремонту |
22155 | Учурдагы чарбалык максаттар үчүн предметтерди жана материалдарды сатып алуу |
22156 | Башка кызматтарга төлөө менен байланышкан чыгымдар |
2217 | Медикаменттерди жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алуу |
2218 | Тамак-аш азыктарын сатып алуу |
2821 | Учурдагы түрдүү башка чыгымдар |
5. Жергиликтүү бюджеттен жалпы билим берүү уюмдарынын имараттарын кармоого учурдагы чыгымдар каржыланат:
Чыгымдарды экономикалык классификациялоонун коддору | Чыгымдардын аталышы |
2212 | Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жана байланыш кызматтары |
22152 | Мүлктү учурдагы оңдоо |
22155500 | Көмүр сатып алуу |
22155600 | Отундун башка түрлөрүн сатып алуу |
22153 | Мүлктүн абалын кармап туруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр |
3111 | Имараттар жана курулмалар |
3112 | Машиналар жана жабдуулар |
6. Жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан жергиликтүү кеңештердин чечими боюнча ушул Тартиптин 5-пунктунда көрсөтүлгөндөр менен катар эле жалпы билим берүү уюмдарынын чыгымдары каржыланышы мүмкүн.
7. Капиталдык салымдарга чыгымдар тиешелүү максаттуу программаларды ишке ашырууда республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынан жүргүзүлөт.
8. Бишкек шаарынын билим берүүсүнө чыгымдар Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин каражаттарынан каржыланат.
9. Жалпы билим берүү уюмдарына чыгымдар төмөнкүдөй эки методиканын негизинде эсептелет:
- бардык жалпы билим берүүчү уюмдар үчүн - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген окуучулардын санына жана Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарынын бюджеттик каржылоо стандарттарынын шкаласына (мындан ары - стандарт) жараша каржылоонун ченемдик принцибинин негизинде;
- каржылоонун ченемдик принциби жайылтылбаган жалпы билим берүү уюмдары үчүн - сарптоолордун бардык беренелери боюнча чыгымдарды эсептөө жолу менен колдонулуудагы жол-жоболорго жараша.
§ 1. Келерки жылга жалпы билим берүү уюмдарынын чыгымдар сметасынын долбоорун түзүү
10. Р(Ш)ББнын функциялары:
10.1. Жалпы билим берүү уюмдары үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн келерки жылга бекитилген стандартынын, ошондой эле окуу жылынын башталышына карата окуучулардын санынын негизинде, уюмдун тиби жана окутуу баскычтары боюнча республикалык бюджеттин каражаттарына болгон керектөөлөрү төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында:
- i-жалпы билим берүү уюму боюнча келерки жылга стандартты камсыз кылууга республикалык бюджеттин каражаттарына керектөөлөр;
- j-баскыч боюнча келерки жылга жалпы билим берүү уюмдарынын стандартында эмгек акы төлөөгө чыгымдар;
- окуу жылынын башталышына карата j-баскычтагы i-жалпы билим берүү уюмунун окуучуларынын саны;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 “Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы райондорунда жашаган адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө” токтомуна ылайык бийик тоолуу жана алыскы шарттарда
иштегендиги үчүн жалпы билим берүү уюмдарынын персоналынын эмгек акысына кошумча төлөөнүн коэффициенти;
- жалпы билим берүү уюмдарынын стандартына i-жалпы билим берүүчү уюм үчүн масштаб коэффициенти;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы райондорунда жашаган адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуна ылайык жалпы билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына бийик тоолуу жана алыскы шарттарда иштегендиги үчүн үстөк;
- келерки жылга жалпы билим берүү уюмдарынын стандартында I баскычтагы окуучулардын тамактануусуна чыгымдар;
- Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жайгашкан жалпы билим берүү уюмдарынын I баскычтагы окуучуларынын тамактануусуна чыгымдар үчүн жогорулатуучу 1,43 коэффициенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-апрелиндеги № 206 "Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган адамдарды мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө" токтомуна ылайык белгиленет;
- окуу жылынын башталышына карата i-жалпы билим берүү уюмунун 1 баскычтагы окуучуларынын саны;
- j-баскыч боюнча келерки жылга жалпы билим берүү уюмдарынын стандартында эмгек акы төлөөгө, учурдагы оңдоо жүргүзүүгө жана 1 баскычтагы окуучулардын тамактануусунан сырткаркы калган чыгымдар.
10.2. Филиалы бар жалпы билим берүү уюмдарын стандарт боюнча каржылоого керектөөлөрдүн эсеби тиешелүү түзөтүүчү коэффициенттерди колдонуу менен башкы уюм жана филиал боюнча өз-өзүнчө жүргүзүлөт.
10.3. Келерки жылга стандартты камсыздоого республикалык бюджеттин каражаттарына район (шаар) боюнча суммалык керектөөлөр чыгымдардын төмөнкү негизги багыттарына карата БИМге берилет:
- эмгек акы төлөөгө чыгымдар;
- окуучулардын тамактануусуна чыгымдар;
- калган чыгымдар (эмгек акыга жана окуучулардын тамактануусуна чыгымдарды кошпогондо).
10.4. Каржылоонун ченемдик принциби жайылтылбаган жалпы билим берүү уюмдары үчүн келерки жылга бюджеттик каражаттар боюнча чыгымдардын сметасынын долбоору чыгымдардын беренелери боюнча түзүлөт:
- эмгек акы төлөө фондуна чыгымдар - окуу жылынын башталышына карата тарификациялык тизмеге жана штаттык жүгүртмөгө ылайык;
- тамактанууга чыгымдар - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тамактануунун акчалай ченемдерине ылайык;
- калган чыгымдар (эмгек акы төлөөгө жана окуучулардын тамактануусуна чыгымдарды кошпогондо) - колдонулуудагы ченемдерди эске алуу менен керектөөлөр боюнча.
10.5. Районго (шаарга) карата каржылоонун ченемдик принциптери жайылтылбаган жалпы билим берүү уюмдарынын бюджеттик каражаттары боюнча чыгымдар сметасынын топтомо долбоору БИМге берилет.
11. Ушул Тартиптин 10.3-пунктунда көрсөтүлгөн чыгымдардын негизги багыттарына карата стандарт боюнча каржылоонун ченемдик принциптери жайылтылбаган жалпы билим берүү уюмдарынын чыгымдар сметасынын республика боюнча топтомо долбоорлору жана чыгымдардын негизги багыттарына карата стандарт боюнча жалпы билим берүү уюмдарынын керектөөлөрү БИМ тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен календарлык планга ылайык мөөнөттө Финминге берилет.
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен календарлык планга ылайык мөөнөттө Финмин эмгек акыга, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөргө жана башка учурдагы чыгымдарга бөлүнгөн келерки жылга жалпы билим берүү уюмдарынын чыгымдары боюнча контролдук көрсөткүчтөрдү БИМге жеткирет.
§ 2. Келерки жылга жалпы билим берүү уюмдарынын бюджеттик каражаттары боюнча чыгымдар сметасын түзүү жана бекитүү
13. БИМдин функциялары:
13.1. Республикалык бюджетти бекиткенден кийин БИМ район (шаар) боюнча келерки жылга жалпы билим берүү уюмдарынын бюджеттик чыгымдары боюнча контролдук көрсөткүчтөрдү ушул Тартиптин 10.3-пунктунда көрсөтүлгөн чыгымдардын негизги багыттарына карата стандарт боюнча керектөөлөргө жараша аныктайт.
13.2. Мында бюджеттик чыгымдар I баскычтагы окуучулардын тамактануусуна стандарт боюнча керектөөнүн толук көлөмүндө аныкталат, эмгек акы төлөөгө
– ушул Тартиптин 40 жана 41-пункттарына ылайык өтмө жоболорду эске алуу менен стандарт боюнча керектөөгө жараша, ал эми калган чыгымдарга – ушул Тартиптин 13.3-пунктуна ылайык эсептелген керектөөнү жабуу ченемин эске алуу менен.
13.3. Калган чыгымдар (эмгек акы төлөөгө жана окуучулардын тамактануусуна чыгымдарды кошпогондо) стандарт боюнча республиканын жалпы билим берүү уюмдары үчүн керектөөлөрдү жабуунун бирдиктүү ченеми БИМ тарабынан бекитилет жана төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында:
р - калган чыгымдардын (эмгек акы төлөөгө жана окуучулардын тамактануусуна чыгымдарды кошпогондо) стандарт боюнча керектөөлөрдү жабуунун республика боюнча бирдиктүү ченеми;
- келерки жылга жалпы билим берүү уюмдарынын калган чыгымдары боюнча (эмгек акы төлөөгө жана окуучулардын тамактануусуна чыгымдарды кошпогондо) контролдук көрсөткүчтөр;
- калган чыгымдардын (эмгек акы төлөөгө жана окуучулардын тамактануусуна чыгымдарды кошпогондо) стандарт боюнча республикалык бюджеттин каражаттарына жалпы билим берүү уюмдарынын республика боюнча топтомо керектөөсү.
13.4. Финансылык коркунучтары бар айрым райондордун (шаарлардын) жалпы билим берүү уюмдары үчүн БИМ үч жылдык мезгилге ушул Тартиптин 39 жана 40-пункттарына ылайык дотацияларды аныктайт.
Финансылык коркунуч деп каражаттарга иш жүзүндөгү керектөөлөргө салыштырганда, стандарт боюнча эсептелген жалпы билим берүү уюмдарынын бюджетинин тартыштыгы түшүнүлөт.
13.5. Каржылоонун ченемдик методу жайылтылбаган жалпы билим берүү уюмдарынын бюджеттик чыгымдары боюнча контролдук көрсөткүчтөр келерки жылга чыгымдардын экономикалык классификациясына ылайык райондор (шаарлар) боюнча аныкталат.
14. Р(Ш)ББнын функциялары:
14.1. Р(Ш)ББ ар бир билим берүү уюмуна карата бюджеттик чыгымдар боюнча контролдук көрсөткүчтөрдүн тизмегин жүргүзөт. Мында эмгек акы төлөөгө жана I баскычтагы окуучулардын тамактануусуна бюджеттик чыгымдар стандарт боюнча керектөөлөрдүн толук көлөмүндө, калган чыгымдар боюнча бюджеттик чыгымдар - керектөөлөрдү жабуу ченемин эске алуу менен аныкталат.
14.2. Финансылык коркунучтары бар жалпы билим берүү уюмдары үчүн Р(Ш)ББ ушул Тартиптин 39 жана 40-пункттарына ылайык район (шаар) үчүн БИМ тарабынан бөлүнгөн дотацияларды бөлүштүрөт.
14.3. Р(Ш)ББ ар бир жалпы билим берүү уюму боюнча келерки жылга алардын өтүнмөсүнө ылайык контролдук көрсөткүчтөрдүн чегинде чыгымдар сметасын түзөт. Келерки жылга бюджеттик каражаттар боюнча жалпы билим берүү уюмдарынын сметалары Р(Ш)ББнын жетекчиси тарабынан бекитилет.
14.4. Казыначылык тутумунда эсеби бар жалпы билим берүү уюмдары чыгымдар сметасын өз алдынча түзүшөт.
14.5. Бюджеттик классификациянын коддоруна карата бюджеттик каражаттар боюнча райондун (шаардын) топтомо чыгымдар сметасы Р(Ш)ББнын жетекчиси тарабынан бекитилет жана БИМге берилет.
14.6. Жалпы билим берүү уюмдарынын сметасы жана бюджеттик каражаттар боюнча райондун (шаардын) топтомо чыгымдар сметасы Казыначылыкка берилет.
15. БИМ ай сайын, учурдагы айдын 25ине чейин кварталдык бюджеттин чегинде жалпы билим берүү уюмдарын каржылоого Финминге өтүнмө берет.
16. Финмин БИМдин өтүнмөсүнүн негизинде каржылоо планын бекитет, ал Борбордук казыначылыкка берилет.
17. БИМ каржылоо планына ылайык Р(Ш)ББ боюнча бөлүштүрөт жана каржылоого документтерди тариздейт.
18. Казыначылык билим берүү уюмдарын каржылоо үчүн Р(Ш)ББнын эсебин ачат.
19. Р(Ш)ББ бюджеттик каражаттарды билим берүү уюмдары боюнча бөлүштүрөт.
20. Казыначылык тутумунда эсеби бар жалпы билим берүү уюмдары боюнча каржылоо суммасы өтүнмөгө ылайык ушул эсепке которулат. Билим берүүнүн калган уюмдары боюнча каржылоо Р(Ш)ББнын казыначылык эсептеринде эсепке алынат.
21. Мында Р(Ш)ББнын борбордоштурулган бухгалтериясы чыгымдардын сметасын аткаруу жөнүндө андан ары отчет түзүү үчүн ар бир жалпы билим берүүнүн уюму боюнча өз-өзүнчө чыгымдардын эсебин жүргүзөт.
22. Р(Ш)ББнын борбордоштурулган бухгалтериясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча салык төлөөчүлөрдөн киреше салыгын төлөөдөгү которуучу тапшырманы казыначылыктын региондук бөлүмүнө берет.
23. Билим берүү уюмдарынын бекитилген чыгымдар сметасынын көлөмүн көбөйтүүдө же азайтууда жаңы смета тиешелүү мезгилге каржылоонун такталган планы катары аныкталат. Чыгымдар сметасын тактоо Финмин менен макулдашуу боюнча БИМ тарабынан жүргүзүлөт.
24. Чыгымдар сметасына өзгөртүүлөр төмөнкү себептер боюнча киргизилет:
- бюджетти бекиткенден кийин жаңы ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга же колдонулуудагысын өзгөртүүгө байланыштуу;
- жаңы окуу жылынын башталышына карата класс-комплекттердин санын көбөйтүүгө (азайтууга) алып келген окуучулардын санын көбөйтүүдө (азайтууда);
- республикалык бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүүгө байланыштуу.
25. Окуучулардын санынын жана класс-комплекттердин санынын өзгөрүшүнө байланыштуу жалпы билим берүү уюмдарынын чыгымдар сметасын тактоо жалпы билим берүү уюмдарынын ортосунда бюджетти кайра бөлүштүрүү жолу менен жүргүзүлөт.
26. Жалпы билим берүү уюмдары Финмин бекиткен казыналык жол-жоболорго ылайык Казыначылык тутумунда эсеп ачууга жана стандарт боюнча аныкталган чыгымдардын чегинде өз алдынча бухгалтерия түзүүгө укуктуу.
27. Жалпы билим берүү уюмдары кызмат көрсөтүүчүлөр менен келишимдерди өз алдынча түзүшөт.
28. Жалпы билим берүү уюмдары Р(Ш)ББ жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген келерки жылга бюджеттик чыгымдар боюнча контролдук көрсөткүчтөрдүн чегинде республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттары боюнча чыгымдардын өзүнчө сметаларын өз алдынча түзүшөт.
29. Жалпы билим берүү уюмдарынын чыгымдарынын сметалары республикалык бюджеттин каражаттары боюнча Р(Ш)ББнын жетекчиси жана жергиликтүү бюджеттин каражаттары боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысы тарабынан бекитилет.
30. Бюджетти аткаруу процессинде Р(Ш)ББ жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жалпы билим берүү уюмдарынын эсебине өтүнмөгө ылайык каражат которушат.
31. Жалпы билим берүү уюмдары Р(Ш)ББга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына бюджеттик мекемелер үчүн Финмин белгилеген форма боюнча жана мөөнөтүндө отчет беришет.
32. Жалпы билим берүү уюмдарынын каражаттарын эсепке алуу жана отчеттуулук белгиленген казыначылык жол-жоболору боюнча ишке ашырылат.
33. Р(Ш)ББ билим берүүнүн тейленген уюмдары боюнча отчет, ошондой эле район (шаар) боюнча топтомо отчет түзөт.
34. Р(Ш)ББнын отчетторунун негизинде республикага карата БИМ республикалык бюджеттин каражаттары боюнча топтомо отчеттук маалымат түзөт.
35. Квартал сайын Р(Ш)ББ Финминдин аймактык бөлүмдөрүнөн билим берүү боюнча мамлекеттик бюджетти аткаруу жөнүндө топтомо маалыматка аларды киргизүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан билим берүү уюмдарын каржылоо тууралуу маалыматтарды алышат.
36. БИМ жана Финминдин аймактык бөлүмдөрү белгиленген мөөнөт жана форма боюнча Финминге жалпы билим берүүчү (республикалык жана жергиликтүү) уюмдар боюнча отчет беришет.
37. Республикалык бюджеттен каржылоого билим берүү уюмдарын которуу Финмин белгилеген жол-жоболорго ылайык 2013-жылдын 1-августунан тартып ишке ашырылат.
38. 2013-жылдын август-декабрында БИМ 2013-жылга мурда бекитилген чыгымдар сметасы боюнча Р(Ш)ББ аркылуу билим берүү уюмдарын каржылоону ишке ашырышат.
39. Финансылык коркунучтары бар жалпы билим берүү уюмдары үчүн БИМ жана Р(Ш)ББ үч жылдык өтмө мезгилге уюштуруучулук түзүмдү жана чыгымдарды оптималдаштыруу үчүн стандарт боюнча аныкталган бюджеттен тышкаркы дотацияны, 2014-жылы - каржылоо тартыштыгынын 70 пайызына чейин, 2015-жылы - 50 пайызына чейин, 2016-жылы - 30 пайызына чейин белгилөөгө укуктуу.
40. Жалпы билим берүүчү уюмдарга дотациялар стандарт боюнча эсептелген эмгек акы төлөө фондунун өсүшүн чектөөнүн эсебинен жалпы бюджеттик чыгымдардын чегинде бөлүнөт. 2014-жылы тарификация боюнча эмгек акы төлөө фондуна карата эмгек акы фондунун өсүшүн чектөө - 10 пайыздан көп эмес, 2015-жылы - 20 пайыздан көп эмес, 2016-жылы - 30 пайыздан көп эмес белгиленген.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-июнундагы № 315 токтомуна 2-тиркеме |
Райондун (шаардын) аталышы | Айыл аймагынын аталышы | Мектептин аталышы | |
1 | 2 | 3 | |
Кемин | Ак-Түз | Ак-Түз айылынын орто мектеби | |
Кемин | Кара-Булак | Кара-Булак айылынын орто мектеби | |
Кемин | Чоң-Кемин | Тар-Суу айылынын орто мектеби | |
Кемин | Алмалы | Алмалы айылынын орто мектеби | |
Кемин | Кемин | Нур айылынын орто мектеби | |
Кемин | Орловка | Подгорный айылынын орто мектеби | |
Кемин | Чоң-Кемин | Калмак-Ашуу айылынын негизги мектеби | |
Жайыл | Кара-Суу | Кара-Суу айылынын орто мектеби | |
Жайыл | Полтавка | Малтабар айылынын орто мектеби | |
Жайыл | Сары-Коо | Ийри-Суу айылынын негизги мектеби | |
Жайыл | Сары-Коо | Жон-Арык айылынын орто мектеби | |
Жайыл | Талды-Булак | Бекитай айылынын орто мектеби | |
Панфилов | Курама | Молдокулов атындагы орто мектеп | |
Панфилов | Курама | А. Раимкулов атындагы орто мектеп | |
Панфилов | Күрпүлдөк | Ж. Болотбеков атындагы орто мектеп | |
Панфилов | Фрунзе | Чолок-Арык айылынын башталгыч мектеби | |
Ысык-Ата | Юрьевка | Ысык-Ата курортунун орто мектеби | |
Ысык-Ата | Ысык-Ата | О. Жакишев атындагы орто мектеп | |
Чүй | Кегети | А. Токоев атындагы орто мектеп | |
Чүй | Он-Бир-Жылга | Б. Маленов атындагы башталгыч мектеп | |
Чүй | Шамшы | Чоң-Жар айылынын негизги мектеби | |
Чүй | Ибраимов | Ж. Саадаев атындагы негизги мектеп | |
Чүй | Ибраимов | Султан айылынын негизги мектеби | |
Москва | Ак-Суу | Усубалиев атындагы орто мектеп | |
Москва | Ак-Суу | Ленин атындагы орто мектеп | |
Москва | Ак-Суу | Артыкбаев атындагы орто мектеп | |
Москва | Сретенка | Т. Арыков атындагы орто мектеп | |
Москва | Петровка | «Кызыл-Туу» башталгыч мектеби | |
Москва | Чапаев | «Кызыл дыйкан» негизги мектеби | |
Москва | Предтеченск | Ш. Баялиев атындагы орто мектеп | |
Ак-Суу | Эңилчек | Эңилчек айылынын негизги мектеби | |
Ак-Суу | Жыргалаң шахтасы | Т. Асанбаев атындагы орто мектеп | |
Жети-Өгүз | Ак-Шыйрак | Негизги мектеп-интернат | |
Тоң | Улахол | Сагынтай атындагы орто мектеп | |
Түп | Сан-Таш | Каркыра айылынын негизги мектеби | |
Кадамжай | Көтөрмө | Кара-Шоро айылынын башталгыч мектеби | |
Баткен | Кыштут | А. Топчуев атындагы орто мектеп | |
Баткен | Ак-Татыр | Ж. Момунов атындагы орто мектеп | |
Баткен | Cуу-Башы | К. Абдраимов атындагы орто мектеп | |
Баткен | Кыштут | Таян орто мектеби | |
Лейлек | Ак-Суу | А. Шаматов атындагы орто мектеп | |
Лейлек | Катраң | Астидобут атындагы башталгыч мектеп | |
Лейлек | Маргун | Г. Үсөнов атындагы башталгыч мектеп | |
Лейлек | Сумбула | Дейнөө айылынын негизги мектеби | |
Сүлүктү ш. | Сүлүктү ш. | Кайымкулов атындагы № 6 орто мектеп | |
Сүлүктү ш. | Сүлүктү ш. | Бектемиров атындагы № 8 орто мектеп | |
Аксы | Ак-Жол | Жуманазаров атындагы башталгыч мектеп | |
Аксы | Ак-Жол | Орозалиев атындагы негизги мектеп | |
Аксы | Кара-Суу | Кулназаров атындагы орто мектеп | |
Аксы | Кербен ш. | К. Өмүралиев атындагы негизги мектеп | |
Аксы | Кербен ш. | Мамай атындагы негизги мектеп | |
Базар-Коргон | Акман | Мураталиев атындагы негизги мектеп | |
Базар-Коргон | Акман | Абдрахманов атындагы башталгыч мектеп | |
Базар-Коргон | Сейдикум | Дукур айылынын башталгыч мектеби | |
Базар-Коргон | Талды-Булак | Кыргоо айылынын № 46 орто мектеби | |
Ноокен | Достук | А. Осмонов атындагы № 41 негизги мектеп | |
Ноокен | Сакалды | Бобуй айылынын башталгыч мектеби | |
Сузак | Кыз-Көл | О. Сейдакматов атындагы орто мектеп | |
Сузак | Кызыл-Туу | Акчалуу айылынын башталгыч мектеби | |
Сузак | Сузак | А. Сабитов атындагы негизги мектеп | |
Сузак | Багыш | Багыш айылынын негизги мектеби | |
Сузак | Барпы | О. Садырбаев атындагы башталгыч мектеп | |
Тогуз-Торо | Каргалык | М. Жаңыбаев атындагы орто мектеп | |
Тогуз-Торо | Тогуз-Торо | Ыдырыс атындагы орто мектеп | |
Тогуз- Торо | Тогуз-Торо | Аскалуу айылынын башталгыч мектеби | |
Токтогул | Үч-Терек | Ы. Дүйшеев атындагы башталгыч мектеп | |
Чаткал | Чаткал | Б.Шерматов атындагы башталгыч мектеп | |
Чаткал | Каныш-Кыя | Чакмак-Суу айылынын негизги мектеп | |
Чаткал | Каныш-Кыя | А. Айымбетов атындагы негизги мектеп | |
Чаткал | Каныш-Кыя | Башкы-Терек айылынын орто мектеп | |
Чаткал | Каныш-Кыя | К. Акназаров атындагы орто мектеп | |
Чаткал | Каныш-Кыя | Кайың-Суу айылынын орто мектеби | |
Чаткал | Каныш-Кыя | А. Баймырзаев атындагы орто мектеп | |
Чаткал | Чаткал | К. Усупбеков атындагы орто мектеп | |
Кара-Көл ш. | Кара-Көл ш. | Мамытов атындагы № 7 башталгыч мектеп | |
Кара-Көл ш. | Кара-Көл ш. | Бабакан атындагы № 8 башталгыч мектеп | |
Ала-Бука | Көк-Таш | У. Азимов атындагы башталгыч мектеп | |
Ала-Бука | Көк-Серек | У. Тойчубеков атындагы башталгыч мектеп | |
Ат-Башы | Талды-Суу | С. Райымбеков атындагы орто мектеп | |
Жумгал | Жумгал | Лама айылынын орто мектеби | |
Жумгал | Түгөл-Сай | Садырбаев атындагы орто мектеп | |
Жумгал | Көк-Ой | Кожоналиев атындагы орто мектеп | |
Жумгал | Кабак | Кызыл-Октябрь айылынын негизги мектеби | |
Кочкор | Ак-Кыя | Т. Темирова атындагы орто мектеп | |
Кочкор | Кара-Суу | Абдыкеримов атындагы орто мектеп | |
Кочкор | Семиз-Бел | Арсы айылынын орто мектеби | |
Кочкор | Сары-Булак | У. Бейшеев атындагы орто мектеп | |
Кочкор | Сары-Булак | Шамен атындагы негизги мектеп | |
Кочкор | Чолпон | Ак-Чий айылынын негизги мектеби | |
Нарын | Орток | А. Алсеитов атындагы орто мектеп | |
Нарын | Орток | М. Кенжакунов атындагы орто мектеп | |
Нарын | Дөбөлү | Алыш айылынын орто мектеби | |
Нарын | Дөбөлү | К. Абиров атындагы орто мектеп | |
Нарын | Чет-Нура | К. Күчүков атындагы башталгыч мектеп | |
Нарын | Чет-Нура | Төш-Булак айылынын башталгыч мектеби | |
Нарын | Ак-Кудук | С. Мамбетов атындагы орто мектеп | |
Нарын | Достук | Достук айылынын орто мектеби | |
Ак-Талаа | Баетов | Б. Мүсүралиев атындагы орто мектеп | |
Ак-Талаа | Ак-Чий | М. Балбаков атындагы орто мектеп | |
Ак-Талаа | Ак-Чий | С. Жусупбаев атындагы орто мектеп | |
Ак-Талаа | Жерге-Тал | И. Молдобаев атындагы орто мектеп | |
Ак-Талаа | Үгүт | Т. Оторов атындагы орто мектеп | |
Алай | Талды-Суу | Арча-Булак айылынын № 44 негизги мектеби | |
Алай | Алай | Ленин атындагы № 14 орто мектеп | |
Алай | Алай | Таргалак айылынын № 49 башталгыч мектеби | |
Алай | Алай | М.Абдыразаков атындагы № 51 башталгыч мектеби | |
Алай | Будалык | Кум-Шоро айылынын № 32 орто мектеби | |
Алай | Будалык | Будалык айылынын № 48 башталгыч мектеби | |
Алай | Будалык | Ж. Кыпыев атындагы № 30 орто мектеп | |
Алай | Бүлөөлү | Б. Нарматов атындагы № 36 орто мектеп | |
Алай | Бүлөөлү | А. Арзиев атындагы № 37 орто мектеп | |
Алай | Бүлөөлү | Ж. Исаев атындагы № 38 орто мектеп | |
Алай | Кабылан-Көл | Күңгөй айылынын № 52 башталгыч мектеби | |
Алай | Ленин | Төө-Ашкан айылынын № 47 башталгыч мектеби | |
Алай | Корул | М. Маназаров атындагы № 45 негизги мектеп | |
Алай | Гүлчө | А. Ысманов атындагы № 9 орто мектеп | |
Алай | Гүлчө | А. Мадалиев атындагы № 10 негизги мектеп | |
Алай | Жошолу | С. Төрөшев атындагы № 22 орто мектеп | |
Кара-Кулжа | Кара-Кулжа | К. Ормокеев атындагы орто мектеп | |
Кара-Кулжа | Кеңеш | Т. Сыдыков атындагы орто мектеп | |
Кара-Кулжа | Ылай-Талаа | Ж. Айтбаев атындагы негизги мектеп | |
Кара-Кулжа | Ылай-Талаа | Т. Назаров атындагы башталгыч мектеп | |
Кара-Кулжа | Ылай-Талаа | Ж. Ибраимов атындагы негизги мектеп | |
Кара-Кулжа | Сары-Булак | И. Орозалиев атындагы орто мектеп | |
Кара-Кулжа | Сары-Булак | Ж. Калматаев атындагы башталгыч мектеп | |
Кара-Кулжа | Капчыгай | Ничке-Суу айылынын башталгыч мектеби | |
Кара-Кулжа | Алайкуу | Бөрү-Токой айылынын башталгыч мектеби | |
Кара-Суу | Ак-Таш | А. Сулайманов атындагы орто мектеп | |
Кара-Суу | Папан | Бөдөнө айылынын №135 башталгыч мектеби | |
Кара-Суу | Сарай | Миялы айылынын негизги мектеби | |
Кара-Суу | Сарай | № 131 негизги мектеп | |
Ноокат | Кеңеш | Ак-Терек айылынын башталгыч мектеби | |
Ноокат | Зулпуев | Кара-Кой айылынын башталгыч мектеби | |
Ноокат | Мирмахмудов | Капчыгай айылынын башталгыч мектеби | |
Ноокат | Найман | Улуу-Тоо айылынын орто мектеби | |
Ноокат | Исанов | Кичикалай айылынын башталгыч мектеби | |
Ноокат | Кыргыз-Ата | Чоң-Кыштоо айылынын башталгыч мектеби | |
Ноокат | Жаңы-Ноокат | Агарт айылынын башталгыч мектеби | |
Ноокат | Көк-Жар | Дедек–Бүбү айылынын негизги мектеби | |
Өзгөн | Ийри-Суу | Октябрь Туусу айылынын башталгыч мектеби | |
Өзгөн | Ийри-Суу | Ийри-Суу айылынын № 2 башталгыч мектеби | |
Өзгөн | Кызыл-Октябрь | А. Жунусов атындагы негизги мектеп | |
Өзгөн | Куршаб | Ш. Эгемжаров атындагы орто мектеп | |
Өзгөн | Куршаб | Кайнар айылынын башталгыч мектеби | |
Чоң-Алай | Чоң-Алай | Кулчу айылынын негизги мектеби | |
Чоң-Алай | Кашка-Суу | Жайылма айылынын орто мектеби | |
Талас | Осмонкулов | Ак-Коргон айылынын орто мектеби | |
Талас | Бекмолдо | Хан-Бүргө айылынын орто мектеби | |
Бакай-Ата | Акназаров | Мүзүралиев атындагы негизги мектеп | |
Манас | Үч-Коргон | Б. Миршакиров атындагы башталгыч мектеп |
”.