Загрузка документа…
ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-августу №86
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы №19 токтому менен бекитилген жерлерди бир категориядан башкасына которуунун бир түрүнөн башка түрүнө которуу ( трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобону жетекчилике алып, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-статьясына ылайык Өмүралиев айылдык кенешинин VII чакырылышынын он сегизинчи кезексиз кенешмеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өмүралиев айыл өкмөтүнө караштуу жерлер контуру: №523-0.9, №585-8.9, №585-4.1, №580-10.5, №668-0.4, №557-2.2, №672-5.0, №471-5.2, №764-1.4 , №545- №198-5,1. Сугат айдоо жер участоктору 1990- жылга чейин калктуу конушту кенейтүү үчүн кеткендигине байланыштуу калктуу конуш категориясына которулсун.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнун башчысы К.Айталиевке жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Тѳрага | У.Алмолдоев |