Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 08-декабры №81
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014 – жылдын 3 – мартындагы №114 токтомунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2014 – жылдын 24 – мартындагы № 13 – 7/11 токтомунун, Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын 2017 – жылдын 4 – апрелиндеги №27 – токтомунун жана Бешкент айыл Өкмөтүнүн 2017 – жылдын _____________________ буйругунун негизинде, Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Бешкент айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо жумуштары боюнча жасалган материалдарын, жана калктуу коңуштардын сырткы чек арасын тактоо материалынын баяндамасын карап чыгып, Бешкент айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Бешкент айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо жана калктуу коңуштардын сырткы чек арасын тактоо материалдары бекитилсин.
2. Бешкент айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо боюнча Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материалдарынын негизинде Сүлүктү Лейлек аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасына жерди эсепке алуу иш кагаздарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырылсын.
3. Токтомду бекитип берүү жагы Лейлек райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
4. Токтомду көзөмөлдөө жагы Бешкент айыл Өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Тѳрага | О. Баховотдинов |
|
|