ТоктомКүчүндө

Кеңеш айылдык кеңешинин 2016-жылдын 12-январындагы № 2 «Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө» токтому

Редакция12.01.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы

 

2016-жылдын 12-январы № 2

Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, КРнын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү" мыйзамынын 4-главасынын 38-беренесинин 1-пунктуна ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жабык-жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча көпчүлүк депутаттардын "макул" деп добушун алган талапкер Мамажунусова Айгүл Арановна КРнын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү" мыйзамынын 4-главасынын 38-беренесинин 1-пунктуна ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп шайланды деген эсептөө комиссиясынын № 1, 2, 3-протоколу бекитилсин.

Макул-21

Каршы-жок.

2. Токтом бирдобуштанкабылалынды.

 

Төрага

М. Ташбаев

 

Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин (6-чакырылышы) кезектеги биринчи сессиясында шайланган эсептөө комиссиясынын

№ 1- ПРОТОКОЛУ

12.01.2017-жыл

Куу-майдан айылы.

Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин (6-чакырылышынын) кезектеги биринчи сессиясында шайланган эсептөө комиссиясынын төрагасын жана катчысын шайлоо боюнча өз ара пикир алышуудан кийин төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Мамажунусова А-эсептөө комиссиясынын төрагасы.

2.Нурматов О-эсептөө комиссиясынын катчысы.

3.Молдобаев М-эсептөө комиссиясынын мүчөсү болуп шайланышсын.

 

Колго салынды макул -21 киши, каршы, калыс жок Бир добуштан кабыл алынды.

 

Эсептөө комиссиянын төрагасы: Мамажунусова А.

катчысы: Нурматов О.

мүчөсү: Молдобаев М.

 

Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин (6-чакырылышынын) кезектеги биринчи сессиясында шайланган эсептөө комиссиясынын

№ 2- ПРОТОКОЛУ

12.01.2017-жыл.

Куу-майдан айылы.

Заседаниеге катышкандар: Мамажунусова А

Нурматов О

Молдобаев М.

Күн тартибинде:

Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндөгү жабык-жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө.

 

1. Жабык-жашыруун добуш берүү үчүн таркатылган бюллетендердин саны-21

2. Урнаны ачканда чыккан бюллетендердин саны-21

3. Кеңеш айылдык кеңешинин төрагалыгына талапкер Абдибает уулу Маратбекке макул деп добуш бергендердин саны-18, Кудайназаров Нурланбекке макул деп добуш бергендердин саны-3.

4. Жабык-жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча көпчүлүк депутаттардын “макул” деп добуш берүүсүнүн негизинде Кеңеш айылдык кеңешинин төрагалыгына Абдибает уулу Маратбек шайланды деп эсептелсин.

5.Эсептөө комиссиясынын № 2-протоколун бекитип берүү жагы Кеңеш айылдык кеңешинин сессиясынан суралсын.

 

Эсептөө комиссиянын төрагасы: Мамажунусова А.

катчысы: Нурматов О.

мүчөсү: Молдобаев М.

 

Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин (6-чакырылышынын) кезектеги биринчи сессиясында шайланган эсептөө комиссиясынын

№ 3- ПРОТОКОЛУ

12.01.2017-жыл.

Куу-майдан айылы.

 

Заседаниеге катышкандар:

Мамажунусова А.

Нурматов О.

Молдобаев М.

Күн тартибинде:

Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндөгү жабык-жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө.

1. Жабык-жашыруун добуш берүү үчүн таркатылган бюллетендердин саны-21

2. Урнаны ачканда чыккан бюллетендердин саны-21

3. Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарлыгына талапкер Мамажунусова Айгүл Арановнага макул деп добуш бергендердин саны-21.

4. Жабык-жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча көпчүлүк депутаттардын “макул” деп добуш берүүсүнүн негизинде Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарлыгына Мамажунусова Айгүл Арановна шайланды деп эсептелсин.

5. Эсептөө комиссиясынын № 3-протоколун бекитип берүү жагы Кеңеш айылдык кеңешинин сессиясынан суралсын.

Эсептөө комиссиянын төрагасы: Мамажунусова А.

катчысы: Нурматов О.

мүчөсү: Молдобаев М.