Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-декабры №XVII-8
Кыргыз Республикасынын Жер жана Жарандык Кодекстерине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу Өз алдынча башкаруу», Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнундө» Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 «Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө» Жобону бекитүү тууралуу токтомуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык «Курулуш жана жер пайдалануу» комиссиясы тууралуу жобону бекитүү жөнүндөгү жобону бекитүү жөнүндө Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча комиссиясынын берген сунушун карап чыгып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Курулуш жана жер пайдалануу» комиссиясы тууралуу жобо бекитилсин (Жобо тиркелет).
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А.Гафаров |
| Ноокат шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-декабрындагы V чакырылыш XVII сессиясынын №XVII-8 токтомуна №1 тиркеме
|
«Курулуш жана жер пайдалануу» комиссиясы тууралуу ЖОБО
Бул жобо Кыргыз Республикасынын Жер жана Жарандык Кодекстерине. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу Өз алдынча башкаруу», Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнундө» Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 «Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө» Жобону бекитүү тууралуу токтомуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты
I. Жалпы жоболор жана комиссияны түзүү тартиби
1. Ноокат шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссия (мындан ары -комиссия) өз иш-аракетин Ноокат шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү, ошондой эле жерлерди пайдалануу шарттарын аныктоо же өзгөртүү менен байланышкан маселелерди чечүүдө Ноокат шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун коллегиялдуу
органы болуп саналат.
2. Жергиликтүү ыйгарым укуктуу органдын (мэрия) сунушу боюнча Ноокат шаардык Кеңешинин токтому менен комиссиянын курамы бекитилет. Комиссиянын курамына (№2-тиркемеге ылайык) түзүлөт.
3. Ноокат шаарынын муниципалдык менчик департамента комиссиянын ишмердүүлүгүн уюштурууну камсыздоону жүзөгө ашырат. Ноокат шаарынын Муниципалдык менчик департаментинин жер маселелери боюнча адиси комиссиянын катчысы болуп эсептелет.
4. Комиссиянын төрагасы жана анын орун басары мэрдин сунушу менен, жалпы комиссиянын курамындагы мучөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен шайланат.
II. Комиссиянын ишмердүүлүгү
5. Комиссия төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
а) комиссия жер участоктун планын жана ага тиркелген бардык материалдарды алгандан кийин 3 иш күндүн ичинде карайт;
б) жер участокторуна менчик же ижара укуктарды сатуу мүмкүндүгү женүндө чечимдерди кабыл алат;
в) соодага коюлуучу жер участокторуна укуктардын түрүн (менчик, ижара), аны берүү ыкмаларын (аукцион, конкурс же түз сатуу), аукциондук кадамды (эгер аукцион өткөрүлгөн учурда), конкурстун шарттарын жана аларды өткөрүү үчүн башка зарыл мүнөздөмөлөрдү аныктайт;
г) соода же түз сатуу өткөрүлгөндө тооруктун ар бир предмета боюнча старттык бааны комиссия көз каранды эмес баалоочулардын корутундусунун негизинде белгилейт.
д) соодага жана түз сатууларга коюлучу жер участокторунун наркынын көлөмдерүн аныктайт;
е) Жашап жаткан турак жайлардын мыйзамдаштырылбай (токтом чыкпай) калгандарын Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык мыйзамдаштырууга уруксат берет;
ж) Шаар аймагындагы аркандай багыттагы курулуштарды курууга жана жер участокунун максаттык пайдалануу багытын белгилөө же өзгөртүү;
з) Жерлерди муниципалдык баланска алуу мүмкүндүгү женүндө чечимдерди кабыл алат;
к) Жер мыйзамдарын бузуу менен пайдалынылган жерлерге мыйзам бузуу меселелерди жана жер участокко укук берүүгө байланышкан башка маселелерди; ушул Жободо жана башка нормативдик укуктук актыларда каралган компетенциясынын чегинде карайт.
6. Комиссиянын укугу:
а) Ноокат шаарынын мэриясынын тийиштүү кызматтарынан, бөлүмдөрүнөн жана чарба жүргүзүп жаткан субьекттерден отурумда карала турган маселелерге таандык документтерди, корутундуларды, экспертизанын актыларын жана башка материалдарды алууга;
б)Өзгөчө учурларда мурда кабыл алынган чечимдерди кайра кароого жана кароонун жыйынтыктары боюнча мурда кабыл алынган чечимдерди күчүнө калтыруу же аларды жокко чыгаруу жана башка чечим кабыл алуу жөнүндө жаңы чечимдерди кабыл алууга;
в) Эгер комиссиянын кароосуна материалдарды Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын бузуу менен даярдаса, Ноокат шаардык мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин дисциплинардык жоопко тартуу жөнүндө өтүнүүгө;
г)Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы жер комиссиясынын комиссиянын мүчөлөрү үч жолу комиссиянын жыйындарына келбесе, аны алмаштыруу жөнүндө Ноокат шаардык мэриясына өтүнүүгө;
III. Комиссиянын ишин уюштуруу тартиби
7. Комиссия өз ишмердүүлүгүн отурум формасында жүзөгө ашырат. Отурумдардын жыйынтыктары протокол түзүү менен ишке ашырылат, аларга комиссиянын катчысы. төрагасы жана катышкан бардык мүчөлөр кол коюшат.
Ар бир каралган маселелер боюнча чечимдер чыгарылганда бирдиктүү протокол түзүлөт, комиссиянын төрагасы, катышкан бардык мүчөлөрү жана катчысы кол коюшкандан кийин толуктоолорду, ондоолорду киргизүүгө. жекече протоколдорду түзгөнгө жол берилбейт.
8. Комиссиянын отурумдары комиссиянын төрагасы аныктаган күндөрдө бир айда бир жолу өткөрүлөт.
9. Комиссиянын төрагасы комиссиянын отурумун өткөрөт, эгер ал жок болсо. комиссиянын төрагасынын орун басарлары өткөрөт.
10. Эгер отурумда комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса комиссия чечим кабыл алууга укуктуу.
11. Комиссиянын чечимдери катышып жаткандардын көпчүлүгүнүн добуштары менен ачык добуш берүү менен, жөнөкөй жол аркылуу кабыл алынат. Добуштар тең болгон учурда комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
12. Ноокат шаардык муниципалдык менчик департаментинин архивинде комиссиянын отурумунун протоколдору жана комиссиянын иш-аракети менен байланышкан башка материалдар мыйзам тарабыда белгиленген тартипте сакталат.
13. Комиссиянын протоколуна комиссиянын төрагасы, катчысы жана отурумда катышкан мүчөлөрү кол коюшат.
IV. Отурумдарды өткөрүү тартиби
14. Комиссиянын мүчөлөрү отурумна өткөрүүгө 3 күн калганда ыйгарым укуктуу орган тарабынан маалмат бөлүшөт жана отурумдун материалдары менен камсыз кылынат.
15. Отурум башталганда төрагалык кылуучу талкуулануучу маселенин мүнөзүнө жана ыйгарым укуктуу органдардан жана эксперттерден келип түшкөн расмий корутундулардын мазмунуна карата иш тартибин аныктайт.
16. Комиссия отурумунда төмөндөгү маселелерди карайт жана проткол түзүп чечим чыгарат.
а) женилдетилген типтеги обьектилереге, жер участокко менчик же ижара укугун берүү мүмкүндүгү жөнүндө чечим чечим кабыл алат. Кабыл алынган чечим Ноокат шаарынын мэри тарабынан бекитилет.
б) Шаар аймагындагы аркандай багыттагы курулуштарды курууга жана жер участокторунун максаттуу пайдалануу багытын белгилөө же өзгөртүү боюнча чечим кабыл алат. Кабыл алынган чечим Ноокат шаарынын мэри тарабынан бекитилет. (“№3- тиркемеге ылайык жарандардын арыздары кабыл алынат №4- тиркемеге ылайык протокол түзүлөт” таризделет ):
в) Жашап жаткан турак жайлардын мыйзамдаштырылбай (токтом чыкпай) калгандарын Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык мыйзамдаштырууга уруксат берүү боюнча чечим кабыл алат. Кабыл алынган чечим Ноокат шаарынын мэри тарабынан бекитилет. (“№5- тиркемеге ылайык жарандардын арыздары кабыл алынат №6-тиркемеге ылайык протокол түзүлөт” таризделет ):
г) Жерлерди муниципалдык баланска алуу мүмкүндүгү женүндө чечимдерди кабыл алат. Кабыл алынган чечим Ноокат шаарынын мэри тарабынан бекитилет. (№7-тиркемеге ылайык протокол түзүлөт” таризделет ):
д) Жер мыйзамдарын бузуу менен пайдалынылган жерлерге мыйзам бузууну белгиленген мөөнөтө чектетүү жөнүндө, чечим кабылалат. Кабыл алынган чечим мөөтүндө аткарылбаса тиешелүү тармактарга шаардык мэрия же муниципалдык менчик департамент тарабынан мыйзам чегинде чараларды көрүү багытында өткөрүлүп берилет. (№8-тиркемеге ылайык протокол түзүлөт” таризделет ):
17. Жыйында каргалган маселелер боюнча кандайдыр бир тоскоолдуктар жаралып, комиссия чечим кабыл улууга мүнкүн эмес жагдайда кеңеш берүү укугу бар мекемеге кырдаал баяндалган кат жолдонот жана каттын жобунун негизинде чечим кабыл алат.
18. Комиссиянын отурумунда кабыл алынган чечимдин негизинде Ноокат шаардык мэриясынын муниципалдык менчик департаменти 5 (беш) жумушчу күн ичин чечимди аткарат.
19.Ноокат шаардык мэриясы комиссияга отурумдарды өткөрүү, архивди жайгаштыруу жана башка иш-аракет үчүн зарыл жайларды берет.
V. Комиссиянын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу
20. Эгер комиссиянын мүчөсү түз каржылык кызыкчылыкка же арызы каралып жаткан жак менен туугандык мамиледе болсо, ал бул маселени кароого катышуудан бошотулат жана добуш берүүдө катышууга укугу жок.
21. Комиссиянын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу төмөнкү учурларда болот:
а) Ноокат шаардык Кеңешинин төрагасынын чечими боюнча жана Ноокат шаардык мэриясынын сунушу менен;
б) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча. Ноокат шаардык мэриясынын сунушу боюнча;
Ноокат шаардык кеңешинин жооптуу катчысы: |
М.Ярматов |
| Ноокат шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-декабрындагы V чакырылыш XVII сессиясынын №XVII-8 токтомуна №2 тиркеме
|
«Курулуш жана жер пайдалануу» комиссиясынын КУРАМЫ
1. Комиссиянын төрагасы-1
2. Комиссиянын төрагасынын орун басарлары-1
3. Комиссиянын катчысы, ММДнин жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси -1
Комиссиянын мүчөлөрү;
-Ноокат шаардык кенешинин депутаттарынан шайланган кварталдыры боюча 1 ден депутат жалпы -4;
-Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынан -1
-Архитектура жана шааркурулуш башкармалыгынан -1
-Шаардын тазалык менен камсыз кылган ишканадан -1
-Ноокат шаардык мэриясынын салык иштери боюнча адис -1
- Каралып жаткан кварталдын ТОС башчысы -1
-Коомдук, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлү-( шаардык мэриянын сунушу менен )
Кеңеш берүүчү укугу бар мекемелер
-Ноокат суу канал ишканасы
-Ноокат райондук мамлекеттик өрткө каршы кызматы
-Ноокат райондук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы
-Ноокат райондук мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуну
-Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы
| Ноокат шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-декабрындагы V чакырылыш XVII сессиясынын №XVII-8 токтомуна №3 тиркеме
|
Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департамнтинин директоруна
____________________________________
(арыз ээсинин аты-жөнү)
______________________________________
(жашаган жери)
Тел.:__________________________________
АРЫЗ
Ноокат шаарынын аймагындагы ________________ көчөсүндө жайгашкан______________ чарчы метр жеке менчик №______ Мам АКТымдагы __________________ максаттуу пайдалануу багытындагы (жер аянтымдын же жер аянтымдагы курулушумдун) _______________ чарчы метринин, максаттуу пайдалануу багытын _________________________ деп (өзгөртүп берүүңүздү же курулуш курууга уруксат беруүңүздү) суранам.
Тиркелген документтердин тизмеги:
1) _______________________________________________________________
2) _______________________________________________________________
3) _______________________________________________________________
4) _______________________________________________________________
Арыз ээсинин колу ________________________________________________
(инициалдары жана фамилиясы)
20__-жылдын “___” __________________
Арыз катталган дата жана номери
20__-жылдын “___” __________________ № ______
__________________________________________________________________
(арызды кабыл алган адамдын кызмат орду, инициалдары,
фамилиясы жана колу)
| Ноокат шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-декабрындагы V чакырылыш XVII сессиясынын №XVII-8 токтомуна №4 тиркеме
|
Курулуш жана жер пайдалануу» комиссиясынын, жерлердин максаттуу багытын өзгөртүү боюнча жыйынын
ПРОТОКОЛУ
20__-жылдын “___” __________________ № ______
«
Комиссиянын курамы:___ киши
Төрага _______________________________________________________
Катчы __________________________________________________________
Комиссиянын мүчөлөрү ____________________________________________
Учурдагы максаттуу пайдалануу багыты:_______________________________
Өзгөрө турган максаттуу пайдалануу багыты:__________________________
Менчик ээсинин аты жөнү____________________________________________
Обьекттин жайгашкан жеринин дареги_________________________________
Обьекттин мүнөздөмөсү (аянты, жыл ж.б.) _____________________________
__________________________________________________________________
№ № | Максаттуу пайдалануу багытын өзгөртүү боюнча тиешилүү мекеме ишканларды корутундулары | Корутунду берген мекемемелердин аталыштары жана берилген жылы, айы, күнү, № |
1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
Иш жөнүндө маалымат _________________________________________________
_____________________________________________________________________
Кошумча талаптар: ____________________________________________________
__________________________________________________________________________________________________________________________________________
Эскерүү___________________________________________________________________________________________________________________________________
Чечим____________________________________________________________________________________________________________________________________
Комиссиянын төрагасы ____________________________________
(аты-жөнү) (колу)
Комиссиянын катчысы ____________________________________
(аты-жөнү) (колу)
Комиссиянын мүчөлөрү____________________________________
(аты-жөнү) (колу)
| Ноокат шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-декабрындагы V чакырылыш XVII сессиясынын №XVII-8 токтомуна №5 тиркеме
|
Ноокат шаарынын мэрине
____________________________________
(арыз ээсинин аты-жөнү)
______________________________________
(жашаган жери)
Тел.:__________________________________
АРЫЗ
Ноокат шаарынын аймагындагы ________________ көчөсүндө жайгашкан _______жылдан ашуун убакыттан бери____________________________________
жашап келе жаткан турак жайым ________________________________________ себептер менен жеке менчигимме каттоо жөнүндө токтом чыкпай калгандыктан жеке менчике болгон укугумду каттоо жөнүндөгү токтом чыгарып берүүңүздү суранам.
Тиркелген документтердин тизмеги:
1) _______________________________________________________________
2) _______________________________________________________________
3) _______________________________________________________________
4) _______________________________________________________________
Арыз ээсинин колу ________________________________________________
(инициалдары жана фамилиясы)
20__-жылдын “___” __________________
Арыз катталган дата жана номери
20__-жылдын “___” __________________ № ______
__________________________________________________________________
(арызды кабыл алган адамдын кызмат орду, инициалдары,
фамилиясы жана колу)
| Ноокат шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-декабрындагы V чакырылыш XVII сессиясынын №XVII-8 токтомуна №6 тиркеме
|
“Курулуш жана жер пайдалануу» комиссиясынын, жашап жаткан турак жайын мыйзамдаштыруу боюнча жыйынын
ПРОТОКОЛУ
20__-жылдын “___” __________________ № ______
«
Комиссиянын курамы:___ киши
Төрага _______________________________________________________
Катчы __________________________________________________________
Комиссиянын мүчөлөрү ____________________________________________
Менчик (арыз) ээсинин аты жөнү______________________________________
Обьекттин жайгашкан жеринин дареги_________________________________
Обьекттин мүнөздөмөсү (аянты, жыл ж.б.) _____________________________
__________________________________________________________________
№ № | Турак жайды мыйзамдаштыруу боюнча тиешелүү иш кагаздар | Иш кагаздардын берилген жылы, айы, күнү, № |
11 |
|
|
22 |
|
|
33 |
|
|
Иш жөнүндө маалымат _________________________________________________
__________________________________________________________________________________________________________________________________________
Кошумча талаптар: ____________________________________________________
__________________________________________________________________________________________________________________________________________
Эскерүү_________________________________________________________________Чечим__________________________________________________________________
Комиссиянын төрагасы ____________________________________
(аты-жөнү) (колу)
Комиссиянын катчысы ____________________________________
(аты-жөнү) (колу)
Комиссиянын мүчөлөрү____________________________________
(аты-жөнү) (колу)
| Ноокат шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-декабрындагы V чакырылыш XVII сессиясынын №XVII-8 токтомуна №7 тиркеме
|
Курулуш жана жер пайдалануу» комиссиясынын, жерлерди муниципалдык баланска алуу боюнча жыйынын
ПРОТОКОЛУ
20__жылдын “___” __________________ № ______
«
Комиссиянын курамы:___ киши
Төрага _______________________________________________________
Катчы __________________________________________________________
Комиссиянын мүчөлөрү ____________________________________________
Обьекттин жайгашкан жеринин дареги_________________________________
Обьекттин мүнөздөмөсү (аянты, жыл ж.б.) _____________________________
__________________________________________________________________
№ № | Муниципалдык баланска алуу боюнча тиешелүү иш кагаздар | Иш кагаздардын берилген жылы, айы, күнү, № |
11 |
|
|
22 |
|
|
33 |
|
|
Иш жөнүндө маалымат _________________________________________________
________________________________________________________________________
Кошумча талаптар: ____________________________________________________
__________________________________________________________________________________________________________________________________________
Эскерүү___________________________________________________________________________________________________________________________________
Чечим____________________________________________________________________________________________________________________________________
Комиссиянын төрагасы ____________________________________
(аты-жөнү) (колу)
Комиссиянын катчысы ____________________________________
(аты-жөнү) (колу)
Комиссиянын мүчөлөрү____________________________________
(аты-жөнү) (колу)
| Ноокат шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-декабрындагы V чакырылыш XVII сессиясынын №XVII-8 токтомуна №8 тиркеме
|
Курулуш жана жер пайдалануу» комиссиясынын, жер мыйзамдарын бузууну четтетүү боюнча жыйынын
ПРОТОКОЛУ
20__-жылдын “___” __________________ № ______
«
Комиссиянын курамы:___ киши
Төрага _______________________________________________________
Катчы __________________________________________________________
Комиссиянын мүчөлөрү ____________________________________________
Менчик ээсинин (мыйзам бузуучу) аты жөнү_____________________________
Обөекттин жайгашкан жеринин дареги_________________________________
Обөекттин мүнөздөмөсү (аянты, жыл ж.б.) _____________________________
__________________________________________________________________
№ № | Муниципалдык баланска алуу боюнча тиешелүү иш кагаздар | Иш кагаздардын берилген жылы, айы, күнү, № |
11 |
|
|
22 |
|
|
33 |
|
|
Иш жөнүндө маалымат _________________________________________________
________________________________________________________________________
Кошумча талаптар: ____________________________________________________
________________________________________________________________________Эскерүү___________________________________________________________________________________________________________________________________