Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-декабры №XVII-9
Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматка жетүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү тартибин жөнгө салган башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алып, Ноокат шаардык мэриясынын «Тейлөө борбору» жөнүндө жобону бекитүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча комиссиясынын берген сунушун карап чыгып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаардык мэриясынын «Тейлөө борбору» жөнүндө жобо бекитилсин. (Жобо тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А.Гафаров |
| Ноокат шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-декабрындагы V чакырылыш XVII сессиясынын №XVII-9 токтомуна №1 тиркеме
|
Ноокат шаардык мэриясынын «Тейлөө борбору» жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
Ушул Жобо «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана Ноокат шаардык мэриясынын «Тейлөө борборунун» (мындан ары – «Тейлөө борбору») иш тартибин жөнгө салат.
1. «Тейлөө Борбору» Ноокат шаарынын мэринин буйругу менен төмөнкү максаттарда түзүлөт:
- Ноокат шаардык мэриясынын кызмат көрсөтүүлөрүнө жетүүнү жөнөкөйлөтүү;
- мэриянын түзүмдөрүнүн, коомдук уюмдардын жана МСКнын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу;
- кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнүн мөөнөттөрүн, жол-жоболордун санын кыскартуу;
- Ноокат шаардык мэриясынын кызмат көрсөтүүлөрүн берүүдө коррупциялык укук бузуу көрүнүштөрүн, администрациялык тоскоолдуктарды жокко чыгаруу үчүн шарттарды түзүү;
- кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар менен өз ара байланыштарды кыскартуу;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү бир орундан берүү;
- алуучулар үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун ыңгайлуулугун жогорулатуу.
2. «Тейлөө борборунун» жобосу Ноокат шаарынын мэри тарабынан бекитилет.
3. «Тейлөө борбору» өз ишинде төмөнкү ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алат:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы.
2. «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
3. «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
4. «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматка жетүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү тартибин жөнгө салган башка ченемдик укуктук актылар.
4. «Тейлөө борборунун» иши Ноокат шаардык мэриясынын 1-кабатында (коридор) жайгашкан өзүнчө имаратта фронт кеңсе түрүндө уюштурулат.
5. «Тейлөө борборунда» 4 ге чейинки жумуш орду каралган. 2ке чейинки жумуш орундары Ноокат шаардык мэриясынын адистери үчүн 1 жумуш орду ММДнын адиси үчүн, 1 жумуш орду чакырылган мамлекеттик органдардын (архитектура, мамлекеттик каттоо ж.б.у.с.) адистери үчүн каралат. Мындан тышкары, коомдук уюмдардын (Аялдар кеңеши, Аксакалдар соту, жаштардын уюмдары ж.б.у.с.) отурумдары үчүн орун уюштурулат.
6. «Тейлөө борбору» Ноокат шаардык мэриясынын аппарат жетекчисинин алдында отчеттуу болот.
II. «Тейлөө борборунун» функциялары
7. «Тейлөө борбору» төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
- Ноокат шаардык мэриясынын, муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын ишине тийиштүү маселелер боюнча жарандарга жана уюмдарга түшүндүрүү-кеңеш берүү иштерин жүргүзүү;
- жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын (даттанууларын жана арыздарын) кабыл алуу;
- муниципалдык кызмат көрсөтүүнү алууга берилген арыздарды кабыл алуу аркылуу «бирдиктүү терезе» принциби боюнча муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү реестрине кирген муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү жана кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжасын берүү;
- кызмат көрсөтүүнүн аткаруучусу менен кызмат көрсөтүүнү алууга документтерди кабыл алуу жана алуучуга кызмат көрсөтүүнүн натыйжасын берүү боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө тийиштүү макулдашуулар бар болгондо мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр, муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын кызмат көрсөтүүлөрү боюнча арыздарды кабыл алуу жана кызмат көрсөтүүнүн натыйжаларын берүү.
8. Берилүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги Ноокат шаарынын мэри тарабынан бекитилет. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр “Тейлөө борбору” тарабынан муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү реестрине ылайык берилет.
9. «Тейлөө борборунда» төмөнкү кызмат көрсөтүүлөр берилет, бирок ушулар менен гана чектелбейт:
1. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгон жарандарды эсепке тургузуу. 2. Жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүүгө муктаж болгон жарандарды кезекке тургузуу. 3. Жеке турак жай курууга жер участогун берүү. 4. Жарандарга жанаша жайгашкан жер участогун пайдалануу же менчик укугун берүү 5. Муниципалдык менчикте турган жер участокторун жеке жана юридикалык жактарга ижарага же менчикке берүү. 6. Муниципалдык менчикте турган турак эмес имараттарды жана кыймылсыз мүлк обөекттерин жеке жана юридикалык жактардын сурамы боюнча пайдаланууга жана ижарага берүү.
7. Муниципалдык жерде өсүп турган көп жылдык өсүмдүктөрдү кыюуга уруксаттарды берүү.
__________________________________
10. Берилүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги Ноокат шаарынын мэринин буйругу менен толукталышы мүмкүн.
III. «Тейлөө борборунун» түзүмү жана штаттык ырааттамасы
11. Тейлөө борборунун штаттык ырааттамасы 3ке чейинки бирдиктен турат:
| Кызмат орду | Бирдиктердин саны |
1. | ММД адиси (Ноокат шаардык мэриясынын муниципалдык менчик департаментинин адиси) | 1 |
2. | Ноокат шаардык мэриясынын жалпы бөлүмүнүн башкы адиси | 1 |
3. | Салык иштери боюнча адиси | 1 |
|
|
|
|
|
|
12. Жалпы бөлүмдүн адиси төмөнкү функцияларды аткарат:
- Ноокат шаардык мэриясынын тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдү берүү маселеси боюнча жарандарга жана уюмдарга түшүндүрүү-кеңеш берүү иштерин жүргүзөт;
- мэриянын жана кеңештин, муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин бөлүмдөрү, кызматкерлери менен ишти координациялайт, ошондой эле аймактык башкаруу органдары менен өз ара иш-аракеттерди макулдашат;
- Тейлөө борборуна түшүндүрмө, маалыматтык жана башка материалдарды жайгаштыруу жолу менен Ноокат шаардык мэриясынын тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдүн берилишин маалыматтык колдоону камсыз кылат;
- арыздын зарыл болгон талаптарга шайкеш келүүсүн, ошондой эле кызмат көрсөтүүнү алуучу тарабынан кызмат көрсөтүүнүн акыркы натыйжасын берүү үчүн зарыл болгон документтердин толук берилгенин текшерет;
- арыз менен берилген документтердин пакетине тиркелген документтердин түп нускалары менен көчүрмөлөрүн салыштырып текшерет;
- кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларга кызмат көрсөтүүнү алууга берилген арыздын акыркы натыйжасы даяр болгону тууралуу маалымат берет.
- Ноокат шаардык мэриясынын, муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын ишине тийиштүү маселелер боюнча жарандар жана уюмдар менен түшүндүрүү-кеңеш берүү иштерин жүргүзүү;
- жазуу түрүндөгү кайрылууларды (даттанууларды, арыздарды) кабыл алуу, каттоо, баштапкы иштетүү жана аларды жетекчиликке жиберүү;
- кайрылууга жооптун долбоорун даярдоо;
- документтерди аткаруу мөөнөттөрүн жана алар боюнча кабыл алынган чечимдердин аткарылышын контролдоо;
- кайрылуулар боюнча маалыматтык-маалымдама иштери;
- көктөмөлөрдү түзүү жана кайрылууларды күндөлүк сактоо;
- түшкөн кайрылууларга талдоо жүргүзүү;
- өзүнүн компетенциясынын алкагында администрациялык маселелерди чечет;
- кызматтык документтердин сакталышын камсыздайт.
ММД адиси төмөнкү функцияларды аткарат:
- муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү маселеси боюнча жарандарга жана уюмдарга түшүндүрүү-кеңеш берүү иштерин жүргүзөт;
- муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар үчүн тийиштүү арыздарды жана зарыл болгон башка документтерди кабыл алат;
- арыздын зарыл болгон талаптарга шайкеш келүүсүн, ошондой эле кызмат көрсөтүүнү алуучу тарабынан кызмат көрсөтүүнүн акыркы натыйжасын берүү үчүн зарыл болгон документтердин толук берилгенин текшерет;
- арыз менен бирге берилген документтердин пакетине тиркелген документтердин түп нускалары менен көчүрмөлөрүн салыштырып текшерет;
- муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар жөнүндө маалыматтарды киргизүү менен арыз берүүчүлөрдөн түшкөн кайрылууларды каттоо журналына (же электрондук документ жүгүртүү базасына) каттайт;
- кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларга кызмат көрсөтүүнү алууга берилген арыздын акыркы натыйжасы даяр болгону тууралуу маалымат берет;
- муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн алуучусуна кызмат көрсөтүүнүн натыйжасын берет;
- Тейлөө борборуна түшүндүрмө, маалыматтык жана башка материалдарды жайгаштыруу жолу менен Ноокат шаардык мэриясынын тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдүн берилишин маалыматтык колдоону камсыз кылат
Салык иштери боюнча адиси төмөнкү функцияларды аткарат:
- Салык иштери боюнча жарандарга түшүндүрүү-кеңеш берүү иштерин жүргүзөт;
- жарандардан тийиштүү арыздарды жана зарыл болгон башка документтерди кабыл алат жана толтурат.
- сурамдарды жана каттарды даярдайт жана муниципалдык, мамлекеттик жана башка органдардын тийиштүү аймактык бөлүнүштөрүнө жиберет;
- арыздын зарыл болгон талаптарга шайкеш келүүсүн, ошондой эле кызмат көрсөтүүнүн акыркы натыйжасын берүү үчүн зарыл болгон документтердин толук берилгенин текшерет.
IV. «Тейлөө борборун» финансылоо
13. «Тейлөө борборунун» ишин каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылат:
- шаардык бюджеттин каражаттарынан;
- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген тартипте кабыл алынган жана бекитилген учурда «Тейлөө борборунун» акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнүн эсебинен;
14. «Тейлөө борборунун» бюджети Ноокат шаардык мэриясынын жалпы бюджетине кирет жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген тартипте Ноокат шаардык кеңеши тарабынан бекитилет.
VI. «Тейлөө борборун» кайра уюштуруу жана жоюу
15. «Тейлөө борбору» Ноокат шаарынын мэринин буйругу менен кайра уюштурулат жана жоюлат.
VII. Тейлөө борборунда кызмат көрсөтүүлөрдүн берилишин контролдоо
16. Ноокат шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси ай сайын отчеттук айдан кийинки айдын 15-күнүнө чейин Ноокат шаарынын мэрине отчет берип турат жана отчетко кызмат көрсөтүүлөрдү берүүдө аныкталган көйгөйлөр менен бузууларды көрсөтөт.
17. Ноокат шаарынын мэри ай айлык негизде аткарылган иштер тууралуу отчетту алуу аркылуу «Тейлөө борборунун» ишин контролдоону жүзөгө ашырат. Түшкөн отчетторду талдайт жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүү процессин бузуулардын себептерин аныктайт.
Ноокат шаардык кеңешинин жооптуу катчысы: |
М.Ярматов |
| Ноокат шаардык мэриясынын 2018-жылдын __-_____ №___ буйругунун 2-тиркемеси |
| Кызмат орду | Бирдиктердин саны |
1. | ММД адиси (Ноокат шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик департаментинин адиси) | 1 |
2. | Ноокат шаардык мэриясынын жалпы бөлүмүнүн башкы адиси | 1 |
3. | Салык иштери боюнча адиси | 1 |
Аппарат жетекчи Ж. Тиллаев