Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-декабры №XVII-14
Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматка жетүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү тартибин жөнгө салган башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алып, Ноокат шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик департаментинин административдик-аймактык башкармалыктары жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча комиссиясынын берген сунушун карап чыгып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик департаментинин административдик-аймактык башкармалыктары жөнүндө Жобо бекитилсин. (Жобо тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А.Гафаров |
Ноокат шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-декабрындагы V чакырылыш XVII сессиясынын №XVII-14 токтомуна №1 тиркеме |
Ноокат шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик департаментинин административдик-аймактык башкармалыктары жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Ноокат шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик департаментинин административдик-аймактык башкармалыктарынын (мындан ары – «ААБ») иштөө тартибин жөнгө салат.
2. ААБ Ноокат шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик департаментинин (мындан ары – « Ноокат шаардык мэриясынын ММД») түзүмдүк бөлүмдөрү болуп саналат. ААБ ишмердик аймагынын чек арасы жана алардын саны Ноокат шаардык кеңеши менен макулдашуу боюнча шаардын жашоочуларынын сунуштарын жана кайрылууларын эске алуу менен Ноокат шаардык мэриясы тарабынан аныкталат.
3. ААБ Ноокат шаарынын мэринин буйругу менен төмөндөгү максаттарда түзүлөт:
а) Ноокат шаарынын калкынын күнүмдүк жашоону камсыздоо маселелери боюнча керектөөлөрүн чечүү;
б) калкка кызмат көрсөтүү;
в) калкты эсепке алуу;
г) калк менен иштөө.
4. ААБ Жобосу менен Ноокат шаардык кеңеши менен макулдашуу боюнча Ноокат шаарынын мэринин буйругу менен бекитилет.
5. ААБ өз ишинде төмөндөгү ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алат:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы.
2.«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы.
3. «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы.
4. «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы.
5. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы.
6. Кыргыз Республикасында калкка коммуналдык кызматтарды көрсөтүүнүн эрежелери (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 11-декабрындагы № 783 токтому менен бекитилген).
7. Ноокат шаардык мэриясынын ММД жобосу.
8. Жергиликтүү деңгээлде аймактын жашоосун камсыздоо, кызмат көрсөтүү, калкты эсепке алуу жана калк менен иштөө маселелерин жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актылар.
6. ААБ иши жарандарды кабыл алуунун, ошондой эле төлөмдөрдү кабыл алуунун атайын уюштурулган орундары түрүндө уюштурулат.
II. ААБ функциялары.
7. ААБ төмөндөгү функцияларды ишке ашырышат:
а) Ноокат шаарынын калкынын аймактын күнүмдүк жашоосун камсыздоо маселелери боюнча керектөөлөрүн ыкчам чечүү чөйрөсүндө:
- аймактын күнүмдүк жашоосун камсыздоо маселелери боюнча, анын ичинде Ноокат шаарынын мэриясынын, мамлекеттик бийлик органдарынын, коммуналдык кызматтардын иши боюнча жарандар жана уюмдар менен түшүндүрүү-консультативдик иштерди жүргүзүү;
- аймактын күнүмдүк жашоосун камсыздоо маселелери боюнча жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын (даттанууларын жана арыздарын) кабыл алуу;
- Ноокат шаардык мэриясына, Ноокат шаардык кеңешине, мамлекеттик бийлик органдарына, коммуналдык кызматтарга даректелген кайрылууларды (даттанууларды жана арыздарды) кабыл алуу;
- калкты Кыргыз Республикасынын жана Ноокат шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун колдонуудагы ченемдик укуктук актылары жана чечимдери, аларды аткарууну уюштуруу жөнүндө маалыматтык камсыздоо;
- калктын күнүмдүк жашоону камсыздоо маселелери боюнча мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коммуналдык кызматтар менен өз ара аракеттенүү;
- санкцияланбаган таштанды төгүүчү жайларды, таштандыларды шаардын борбордук көчөлөрүнө ыргытуу фактыларын аныктоо, таштандыны тазалоого жана өз убагында ташып чыгарууга көзөмөл жүргүзүү;
- санкцияланбаган соода жүргүзүү фактыларын аныктоо;
- аймакты көрктөндүрүү, санитардык тазалоо, жашылдандыруу, жарыктандыруу, жашыл көчөттөрдү сугаруу, тентиген жаныбарларды атуу жана турак жай-коммуналдык чарбанын иштөөсүнө тиешелүү башка маселелер боюнча калктын муктаждыктарын жана керектөөлөрүн аныктоо, ошондой эле тиешелүү уюмдар жана кызматтар менен өз ара аракеттенүү аркылуу аларды чечүүнү уюштуруу;
- жолдордун начар абалы, турак жайларды куруу жана пайдалануу, турак жай үйлөрүн жана үй жанындагы аймакты камсыздоо эрежелерин, өрт коопсуздугун жана санитардык ченемдерди бузуу фактыларын аныктоо;
- жерди, сууну жана башка жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу эмес пайдалануу, тарых жана маданият эстеликтерин коргоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузуу фактыларын аныктоо;
- өзгөчө кырдаалдар фактыларын андан ары тиешелүү уюмдарга жана кызматтарга кабарлоо менен аныктоо, калкка өзгөчө кырдаалдар фактылары жөнүндө маалымдоо;
- жер, курулуш иштерин, жолдорду, инженердик тармактарды куруу жана оңдоо боюнча иштерди өткөрүүгө, эксплуатациялык уюмдардын жылуулук, электр, суу менен камсыздоо тармактарынын ишиндеги аварияларды жана бузуктарды жоюуну контролдоо;
- калкты көрктөндүрүү, санитардык тазалоо, жашыл көчөттөрдү отургузуу, сугаруу боюнча иштерди уюштуруу;
- курулуш, санитардык, эпидемиологиялык, экологиялык жана өрткө каршы контроль жана коопсуздук чараларын ишке ашырууда тиешелүү уюмдарга жана кызматтарга көмөктөшүү;
- Ноокат шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин аткарууга көмөктөшүү.
б) калкты эсепке алуу чөйрөсүндө:
- чарба китебин жүргүзүү;
- маалыматтык базаны (калктын, турак жай жана турак жай эмес фонддун, шайлоочулардын, мектепке чейинки жана мектеп курагындагы балдардын, малдын ж.б.) түзүү жана жаңылоо;
- каттоосу жок, паспорту жана туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок адамдарды, мигранттарды аныктоо жана эсепке алуу.
в) калкка кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө:
-белгиленген формада маалымкаттарды берүү (үй-бүлөнүн курамы, жашаган жери жөнүндө ж.б.);
-таштандыны ташып чыгаруу үчүн төлөмдү жана башка коммуналдык төлөмдөрдү кабыл алуу;
-жергиликтүү салыктар жана башка жыйымдар боюнча төлөмдөрдү кабыл алуу.
г) калк менен иштөө чөйрөсүндө:
- коомдук тартипти сактоодо укук коргоо органдарына көмөктөшүү (укук бузууларды жасоого ыктаган адамдар менен профилактикалык ишке, балдардын кароосуз калышын жана жашы жете электердин укук бузууларынын алдын алууга көмөктөшүү, жайсыз үй-бүлөлөр боюнча, жарандардын кайрылуулары боюнча бирге рейддерди өткөрүү, кылмыштардын алдын алуу, бетин ачуу, административдик укук бузуулардын алдын алуу ж.б. боюнча иш-чараларга көмөктөшүү);
- мамлекет, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, ар кандай фонддор, юридикалык жана жеке жактар тарабынан бөлүнгөн каражаттардын эсебинен калктын аз камсыз болгон катмарын даректүү социалдык коргоо боюнча ишти уюштурууга катышуу;
- шайлоону, референдумдарды, бардык деңгээлдеги депутаттардын шайлоочулар менен жолугушууларын уюштурууга жана өткөрүүгө, коомдук пикирди сурамжылоону өткөрүүгө көмөктөшүү;
- шаардын аткаруу бийлигинин органдары менен бирге жашаган жери боюнча балдар, өспүрүмдөр, жаштар жана үй-бүлөлөр менен иштөөнү уюштуруу жана жашаган жери боюнча балдар, өспүрүмдөр жана жаштар менен социалдык-педагогикалык жана бош убакытты уюштуруу ишин алып барган клубдардын жана борборлордун ишине контроль жүргүзүү;
- калктын аярлуу катмарларын аныктоо жана мониторинг жүргүзүү;
- тиешелүү уюмдарга маалымдоо менен куралдуу жаңжалдарга катышуу үчүн жалдануу жана үгүттөө, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү, улуттар аралык чатакты козутуу фактыларын аныктоо.
III. ААБ укуктары
8. ААБ төмөндөгүлөргө укуктуу:
а) Ноокат шаарынын калкынын аймактын күнүмдүк жашоосун камсыздоо маселелери боюнча керектөөлөрүн ыкчам чечүү чөйрөсүндө:
- мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, коммуналдык кызматтарда, соттордо жана башка мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдарда ушул ААБ аймагында жашаган калктын кызыкчылыктарын, коомдук кызыкчылыктарды, жеке укуктарын көрсөтүү жана коргоо;
- ААБ (кварталдын, көчөнүн, үйдүн) жашоочуларынын жыйналыштарын жана жыйындарын чакыруу;
- көрктөндүрүү, санитардык тазалоо, жашыл көчөттөрдү отургузуу, сугаруу (ишембилик ж.б.) боюнча иштерди өткөрүүгө калкты чакыруу
- бул ААБ жашоочуларынын кызыкчылыктарын козгогон маселелерди талкуулоодо Ноокат шаарынын мэриясынын, Ноокат шаардык кеңешинин ишине кеңеш берүүчү добуш укугу менен катышуу;
- контролдоочу, көзөмөлдөөчү органдары менен бирге рейддерди жана кыдырууларды уюштуруу;
- аймактын күнүмдүк жашоосун камсыздоо маселелери боюнча жарандарга оозеки эскертүүлөрдү берүү;
- турак жай-коммуналдык чарба иштери маселелери боюнча актыларды, текшерүү актыларын түзүү;
- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык аксакалардар сотунун, Ноокат шаарынын мэриясынын административдик комиссиясынын кароосуна материалдарды түзүү жана жөнөтүү;
- Ноокат шаардык мэриясынын административдик комиссиясынын ишине катышуу;
- турак жай-коммуналдык чарбанын ишине тиешелүү маселелер боюнча түздөн-түз коммуналдык кызматтардын жетекчилерине кайрылуу;
- коммуналдык кызматтар калк тарабынан коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча келишимдерди, анын ичинде иштерди аткаруу графигин аткарууну контролдоо;
- калк тарабынан коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча келишимдерди аткарууну келишимдик негизде контролдоо;
- социалдык чөйрөнүн обөекттерин кабыл алууга, аймакты көрктөндүрүү, оңдоо, санитардык тазалоо боюнча иштерге катышуу;
- бул ААБ аймагында жер бөлүп берүү жана өндүрүштүк жана социалдык-маданий багыттагы обөекттерди куруу маселелери, алардын иш режими боюнча макулдук берүү;
- турак жай-коммуналдык чарбанын иши маселелери боюнча демилгелер менен чыгуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, мамлекеттик бийлик органдарына, коммуналдык кызматтарга сунуштарды киргизүү.
- тиешелүү аймакты өнүктүрүү пландарын жана программаларын иштеп чыгуу, аларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын кароосуна берүү.
б) калкты эсепке алуу чөйрөсүндө:
- калкты эсепке алуу маселелери боюнча актыларды түзүү;
- жарандарды каттоо, паспортторду алуу, мурасты алуу менен байланыштуу документтерди күбөлөндүрүү.
в) калкка кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө:
- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык келишимдик негизде мамлекеттик бийлик органдары, муниципалдык органдар, коммуналдык кызматтар өкүлдөгөн функцияларды аткаруу жана ыйгарым укуктарды ишке ашыруу.
г) калк менен иштөө чөйрөсүндө:
- мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, коммуналдык кызматтарда, соттордо жана башка мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдарда ушул ААБ аймагында жашаган калктын кызыкчылыктарын, коомдук кызыкчылыктарды, жеке укуктарын көрсөтүү жана коргоо;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик бийлик органдарынын, коммуналдык кызматтардын алдында калктын аярлуу катмарларына жардам көрсөтүү жөнүндө өтүнүч билдирүү;
- мүнөздөмөлөрдү жана кепилдиктерди берүү;
- укук коргоо органдары менен бирге рейддерди жана кыдырууларды уюштуруу;
- калк менен иштөө маселелери боюнча актыларды түзүү;
- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык материалдарды түзүү жана аксакалдар сотунун, Ноокат шаарынын мэриясынын административдик комиссиясынын кароосуна жөнөтүү
- калк менен иштөөгө жана коомдук тартипти сактоого тиешелүү маселелер боюнча түздөн-түз укук коргоо органдарынын жетекчилерине кайрылуу;
-маданий-массалык иш-чараларды, фестивалдарды, сынактарды уюштуруу.
IV. ААБ башка муниципалдык жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсү
9. ААБ бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу, мамлекеттик бийлик органдары, коммуналдык кызматтар, башка мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар менен өз ара аракеттенет, анын ичинде:
- Ноокат шаардык кеңеши жана Ноокат шаардык мэриясы менен;
- «Ноокат Жарыктандыруу» муниципалдык ишканасы менен;
- «Ноокат-суу каналдар» муниципалдык ишканасы менен;
- «Ноокат Жылуулук» муниципалдык ишканасы менен;
- «Ноокат-Комунальщик» муниципалдык ишканасы менен;
- мамлекеттик салык кызматынын органдары менен;
- Ноокат РЭСи менен;
- социалдык коргоо органдары менен;
- саламаттыкты сактоо мекемелери менен;
- билим берүү органдары менен;
- санитардык, эпидемиологиялык, экологиялык жана өрт коопсуздугун контролдоо органдары менен;
- ветеринардык врач менен;
- мамэкотехинспекция менен;
- укук коргоо органдары менен ж.б.
V. ААБ түзүмү жана штаттык ырааттамасы
10. ААБ штаттык ырааттамасы ____ адамдан турат.
11. ААБ саны - 5
| Кызматы | Бирд. саны |
1. | ААБ башчысы | 4 |
2. | Катчы (контролер) |
|
3. | Көчө шыпыргыч (зарыл болгондо) |
|
12. ААБ ишин жетектөөнү Ноокат шаарынын мэри менен макулдашуу боюнча Ноокат шаардык мэриясынын ММД Начальниги тарабынан дайындалган (бошотулган) башчы ишке ашырат. ААБ башчысы менен 3 айга чейинки алдын ала сыноо мөөнөтү менен 1 жылдык мөөнөткө эмгек келишими түзүлөт.
13. ААБ башчысынын кызматына талаптанган жарандар 5 жылдан кем эмес иш стажына, жогорку билимге ээ болушу керек. Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналбаган, сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган, мыйзамдарда белгиленген тартипте алынбаган же тындырылбаган соттуулугу бар адамдар башчынын кызматын ээлей алышпайт.
14. ААБ башчысы:
- жалпы жетекчиликти камсыздайт жана ААБ ишин уюштурат;
- ушул Жобого ылайык ААБ милдеттерине жана функцияларына кирген бардык маселелерди өз алдынча чечет;
- мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, коммуналдык кызматтарда, соттордо жана башка мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдарда бул ААБ өкүлдөйт жана алар менен ишти координациялайт;
- белгиленген формада маалым катберет (үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө, жашаган жеринен ж.б.у.с);
- контролердун жана көчө шыпыргычтын ишине ар күндүк контролду камсыздайт;
- ААБ ишин жана кызмат көрсөтүүсүн камсыздаган документтерге кол коюу укугуна ээ болот;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде административдик маселелерди чечет;
- кызматтык документтердин сакталышын камсыздайт.
15. ААБ катчысы (контролеру) Ноокат шаардык мэриясынын ММД Начальниги тарабынан дайындалат (бошотулат). ААБ катчысы (контролеру) менен 3 айга чейинки алдын ала сыноо мөөнөтү менен 1 жылдык мөөнөткө эмгек келишими түзүлөт
16. ААБ катчысы (контролеру) кызматына талаптанган жарандар 3 жылдан кем эмес иш стажына, орто кесиптик билимге ээ болушу керек. Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналбаган, сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган, мыйзамдарда белгиленген тартипте алынбаган же тындырылбаган соттуулугу бар адамдар контролер кызматын ээлей алышпайт.
17. ААБ катчысы (контролеру):
- таштандыны ташып чыгаруу үчүн төлөмдү жана башка коммуналдык төлөмдөрдү кабыл алат;
- жергиликтүү салыктар жана башка жыйымдар боюнча төлөмдөрдү кабыл алууну жүргүзөт;
- калктын күнүмдүк жашоону камсыздоо маселелери боюнча, анын ичинде Ноокат шаарынын мэриясынын, мамлекеттик бийлик органдарынын, коммуналдык кызматтардын иши боюнча жарандар жана уюмдар менен түшүндүрүү-консультативдик иштерди жүргүзөт;
- белгиленген формада маалымкаттарды берет (үй-бүлө курамы жөнүндө, жашаган жеринен ж.б.у.с.);
- жарандардан түшкөн кайрылууларды (даттанууларды жана арыздарды) каттоо журналына каттайт;
- ААБ башчысынын тапшыруусу боюнча башка милдеттерди аткарат.
15. ААБ башчысына жана катчысына (контролеруна) кызматтык күбөлүктөр берилет.
VI. ААБ каржылоо
18. ААБ ишин каржылоо төмөндөгүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт:
а) Ноокат шаардык мэриясы бекиткен чыгымдар сметасына ылайык бюджеттик каражаттар;
б) юридикалык жана жеке жактар кайтарымсыз берген каражаттар;
в) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка кирешелер.
VII. ААБ ишин контролдоо
19. ААБ ишин контролдоо Ноокат шаардык мэриясынын ММД, Ноокат шаардык мэриясы, Ноокат шаардык кеңеши жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары менен аныкталган компетенттүү органдар тарабынан жүргүзүлөт.
20. ААБ башчылары эсеп жүргүзүүнүн тартибин, ишенимдүүлүгүн сактоо жана акча каражаттары боюнча отчеттуулук, ишенип берилген кызматтык документтер, катуу отчеттуулук бланктары үчүн жекече жоопкерчилик тартышат.
21. ААБ башчысы Ноокат шаардык мэриясынын ММДне жана Ноокат шаардык мэриясына ААБ ишинин жыйынтыктары (берилген маалымкаттар, таштандыны ташып чыгаруу үчүн кабыл алынган төлөмдөр жана башка коммуналдык төлөмдөр) жөнүндө отчетторду берүүнү камсыздайт.
VIII. ААБ кайра уюштуруу жана жоюу
22. ААБ Ноокат шаарынын мэринин буйругу менен кайра уюштурулат жана жоюлат.
Ноокат шаар кеңешинин
жооптуу катчысы: М.Ярматов