Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

(Токтогул шаардык кеңешинин 2017-жылдын 25-июлундагы № 125 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы

 

2016-жылдын 4-ноябры № 105

Муниципалдык менчиктеги Бөкөнбаев мектебинин аймагындагы имаратты ижарага берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин сунушун угуп жана талкуулап, башка чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Учурда Токтогул райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын колдонуусундагы имараттын (Бөкөнбаев мектебине караштуу) документтери тез арада тактоого алынсын.

2. Мындан нары имаратты убактылуу пайдалануу үчүн ижарага берүү боюнча мыйзам талаптарына ылайык тиешелүү иштер жүргүзүлсүн.

3. Ижара акысын тактоо жана эки тараптуу келишим түзүү боюнча иштерди аткаруу Токтогул шаардык мэриясына милдеттендирилсин, ижаралоо келишиминин долбоору шаардык кеңеш менен макулдашылсын.

4. Бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жүктөлсүн.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

7. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн тиешелүү иштерди аткаруу жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.

8. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

9. Токтом күчүнө киргенден кийин көчүрмөлөрү тиешелүү мекемелерге жөнөтүлсүн.

 

Төрага

К. Дербишев