ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
2017-жылдын 25-июлу № 125
Муниципалдык менчиктеги Бөкөнбаев мектебинин аймагындагы Токтогул райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын убактылуу колдонуусундагы имарат жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, шаардык кеңештин токтомдорунун аткарылышы боюнча шаар мэри М.Калмурзаевдин маалыматын жана депутаттардын сунуш, пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын төмөндөгү токтомдору боюнча кабыл алынган чечимдер белгиленсин:
- 04.11.2016-жылдагы кезектеги XXII сессиясынын № 105 токтому күчүн жоготту деп табылсын;
- 15.02.2017-жылдагы кезектеги XXIV сессиясынын № 109 токтому күчүндө калтырылсын жана тез арада аткарууга алынсын.
2. Жогорудагы имаратты бошотуп алуу үчүн бардык юридикалык (укук белгилөөчү) документтер тактоого алынып, зарылчылыкка жараша тиешелүү укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилсин.
3. Бул токтомду аткаруу үчүн 2 (эки) ай мөөнөт белгиленсин, кийинки кезектеги сессияга жыйынтыгы боюнча маалымат берилсин.
4. Жалпысынан бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясына (Н.Молдоказиев) тапшырылсын.
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
8. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | К. Дербишев |