Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-апрели № 86
Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз II сессиясынын № 08 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү” жана “Жеке менчик турак үй куруу үчун жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндөгү” жоболорду бекитүү боюнча токтомдоруна ылайык, Токтогул шаарында муниципалдык менчикте турган жерлерге укук берүүгө байланышкан маселелерди чечүү үчүн атайын комиссиялар түзүлүп, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз II сессиясынын № 08 токтому менен бекитилип берилген. Бирок учурда комиссия курамындагы айрым мүчөлөрү чыгып калгандыктан, аталган комиссиянын курамын кайрадан бекитүү зарылчылыгы келип чыкты.
Жогорудагылардын негизинде, Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин сунушун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз II сессиясынын № 08 токтомунун 2 пункту менен бекитилген 1 тиркемеси күчүн жоготту деп табылсын.(тиркеме тиркелет.)
2. Жер участокко укук берүүгө байланышкан маселелер боюнча комиссиялардын жаңы курамы ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.
3. Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg сайтына жайгаштыруу жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
Төрага | К. Дербишев |
| Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XVI сессиясынын 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 86 токтому менен бекитилди |
Токтогул шаарында жер участогуна укук берүүчү комиссиялардын курамы
1. Токтогул шаарынан жеке менчик турак жай куруу үчүн жер аянттарын бөлүп берүү боюнча комиссия курамы:
1) Жумалиев К –Токтогул шаарынын мэриясынын башкы адиси, комиссиянын төрагасы;
2) Исаков Максат –шаардык кеңештин депутаты, комиссиянын теңтөрагасы;
Комиссиянын мүчөлөрү:
3) Мейманжанов Ч – Токтогул шаарынын мэриясынын башкы адиси;
4) Сыргабаев О-шаардык кеңештин депутаты;
5) Аблесов М –шаардык кеңештин депутаты;
6) Курамаева К – Токтогул райондук архитектура жана курулуш башкармалыгынын башчысы;
7) Борбиев Н – Токтогул райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынын башчысы;
8) Бекташова Т – Токтогул шаарынын мэриясынын башкы адиси;
9) Момуналиев С- жаштар кеңешинин төрагасы;
2. Токтогул шаарындагы муниципалдык менчиктеги жерлерди ижарага, жеке менчикке берүү, сатуу жолу менен жер аянттарын берүү боюнча комиссия курамы:
1. Жумалиев К –Токтогул шаарынын мэриясынын башкы адиси, комиссиянын төрагасы;
Комиссиянын мүчөлөрү:
2. Исаков Максат –шаардык кеңештин депутаты;
3. Сыргабаев О-шаардык кеңештин депутаты;
4. Аблесов М –шаардык кеңештин депутаты;
5. Мейманжанов Ч – Токтогул шаарынын мэриясынын башкы адиси;
6. Бекташова Т – Токтогул шаарынын мэриясынын башкы адиси;
7. Момуналиев С- жаштар кеңешинин төрагасы;
Жооптуу катчы | С. Наралиева |