Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-декабры №21/94
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-бөлүкчөсүнөжана 46-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык 2018-2020-жылдары Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүүнүн программасынын 2018-жыл ичинде аткарылышы боюнча Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Макишовдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдары Сары-Булакайыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүүнүн программасынын 2018-жыл ичинде аткарылышы боюнча Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Макишовдун маалыматы канааттандыраарлык деп табылсын. (тиркеме тиркелет)
2. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-2020-жылдарга социалдык- экономикалык жактан өнүгүүнүн программасын, кезектеги сессияга бекиттирүү менен аткарылышын камсыз кылуу жагы Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Макишовго тапшырылсын
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин регламент, депутаттык этика жана мандат, жергилктүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Т. Жумамүдүн уулу |
| Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XXI сессиясынын 28.12.2018. № 21/94 токтомуна тиркеме |
2018-2020-жылдары Кочкор районунун Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүүнүн программасынын 2018-жыл ичинде аткарылышы боюнча Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Макишовдун маалыматы.
Урматтуу Депутаттар!
Сары-Булак айыл аймагын социалдык-экономикалык өнүгүү багытында 2018-жыличинде аткарылган иштердин негизги көрсөткүчтөрү менен тааныштырууга уруксаат этиңиздер.
1.Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү Ак-Кыя жана Сары-Булакайылдарынан турат. Айыл өкмөтү боюнча түтүндүн саны 204, калктын саны 1216
2018-жылга карата кирешелер бөлүгүнүн аткарылышы төмөндөгүдөй:
№ | Салыктардын түрү | Берилген | Аткарылышы | % |
|
| план |
|
|
1 | Киреше салыгы | 701,0 | 570,3 | 81,4 |
|
|
|
|
|
2 | Ыктыярдуу патенттен түшүүчү | 38,0 | 44,5 | 117,1 |
| салык |
|
|
|
3 | Кыймылсыз мүлккө салынуучу | 9,0 | 13,7 | 152,2 |
| салык |
|
|
|
4 | Транспорт салыгы | 108,0 | 114,3 | 105,8 |
|
|
|
|
|
5 | Жер салык физикалык салык | 12,5 | 13,6 | 108,8 |
|
|
|
|
|
6 | Жер салык юридикалык салык | 27,6 | 37,3 | 135,1 |
|
|
|
|
|
7 | Айыл чарбасына арналбаган жер | 37,0 | 34,0 | 91,9 |
| салык |
|
|
|
8 | Сатуудан түшкөн салык | 110,0 | 24,9 | 22,6 |
|
|
|
|
|
9 | Рояльти | 115,0 | 213,5 | 185,7 |
|
|
|
|
|
10 | Лицензия алуу үчүн төлөм | 30,0 | 19,5 | 65,0 |
|
|
|
|
|
11 | Жайыт акысы | 486,3 | 498,1 | 102,4 |
|
|
|
|
|
12 | фПС жеринин арендасы | 12,3 | 65,4 | 5,0 р |
|
|
|
|
|
13 | Тазалык жыйым | 5,0 | 5,2 | 104,0 |
|
|
|
|
|
| Баардыгы | 1691,7 | 1654,3 | 97,8 |
|
|
|
|
|
Сары-Булак айыл өкмөтүндөгү кайра бөлүштүрүү фондуда бардыгы болуп 220 гектар жер бар, анын ичинен 16 гектар кайрак айдоо, 204 гектар жер чабынды .
Бүгүнкү күндө 204 гектар жердин 195,76 гектар жери айыл тургундарына ижарага берилген, 24,24 гектар жер аянты жер астындагы суулардын пайда болушунан улам чабындыга жараксыз жерлер болгондуктан ижарага берүүгө мүмкүн эмес.
Быйылкы жылга чабынды 19,62 гектр, кайрак 1,20 гектар жер аукционго коюлуп ижарага берилди.
Жыл башынан бери айыл өкмөтүнө жарандардан 47 жазуу жүзүндө арыздар келип, 300 оозеки кайрылуулар болду. Келип түшкөн 47 арыз баардыгы аткарууга алынып жооптор убагында берилип, оозеки кайрылууларга убагында жооптор берилди. Айыл өкмөтүнө жыл башынан бери райондук мамлекеттик администрациядан райондук мекемелерден 323 буйруктар, каттар келип убагында аткарылууда, айыл өкмөтү тарабынан жогорку органдарга жарандарга 366 каттар, кайрылуулар, сунуштар жөнөтүлдү. Жарандарга жашагандыгы тууралуу 850 жана малы тууралуу 670 маалыматтар берилди.
Кыш мезгилине карата даярдыктын жүрүшү боюнча айыл өкмөтүнө баардыгы 106 тонна көмүр толугу менен түшүрүлдү.
Ү. Бейшеев орто мектебине 53 тонна
Шамен орто мектебине | 21 тонна |
Бала бакча | 12 тонна |
Контор, китепканага | 12 тонна |
Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү боюнча декабрь айында мал санак жүрүп төмөндөгүд саны:
1.Уй 1050 баш
2.Топоз 641 баш
3.Жылкы 1235 баш
4.Кой 6724 баш
5.Эчки 693 баш
6.Тоок 876 баш болду
Айыл өкмөтү боюнча пенсия алуучулар 186 адам, майыптыгы боюнча пенсия алуучулар 26 адам, жөлөк пул алуучу үй-бүлөрлөрдүн саны- 6.
Ак-Кыя айылындагы Ү. Бейшеев атындагы орто мектебинде 2018-окуужылында 22 мугалим эмгектенип, мектепте жалпы 155 окуучу билим алууда.
Сары-Булак айылындагы Шамен атындагы орто мектебинде 18 мугалим эмгектенип мектепте жалпы 72 окуучу билим алууда
Ак-Кыя айылдык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда 4 адам, Сары-Булак айылындагы ФАП та 2 адам эмгектенет.
Жарандык коргонуу боюнча өзгөчө кырдаал коркунучу жана келип чыгышы боюнча калкка кабарлоо иш кагаздары убагында жүргүлөт жана Ак-Кыя айылына МЧС тин колдоосу менен жаңы курулган мектептин жер алдындагы суулардын жогорулашын алдын алуу боюнча дренаж 107 500 сомго казылды, ал эми Сары-Булак айылындагы Каракужур чоң суусунун жээгине 50 даана габион сеткасы менен бекемделип, ал проектиге иштеген үй-бүлөлөр үчүн акысына 3 тонна ун, 250 л суу май берилди
Айыл өкмөтү боюнча каттоого баардыгы болуп 28 муниципалдык менчик Обьекти бар, алардын ичинен 2018-жылга карата мамлекеттик каттоо башкармалыгынан мамлекеттик акт алынган муниципалдык обьектилер Ак-Кыя айылы боюнча ветеринардык клиника куруу үчүн жер аянтына, купкага, «Наристе-Ак-Кыя» бала бакчасына жана Сары-Булак айылына бала бакча куруу үчүн жер аянтына, жаңы салынган мечитке баардыгы 5 даана мамлекеттик актылары баардыгы 75 000 сом алынды.
Түнкү жарыктар боюнча Ак-Кыя айылынын К. Супабаев көчөсүнө 30 даана лампасы демөөрчүлөр тарабынан 100 000 сомго коюлду.
Ошондой эле Ак-Кыя айылынын А. Кыдырмаев көчөсүнө жаңы типтеги 11 даана жарык лампасын 11 000 сомго жана Көбөгөн Ажы көчөсүнө 3 даана лампаны 2500 сомго көчөнүн ысымын алып жүргөн адамдардын балдарынын каражатына коюлду.
Жазгы көрктөндүрүү, жашылдандыруунун үч айлыгында Кеминден баардыгы
30даана ийне жалбырактуу балатынын көчөтү алынып келинип, Ү. Бейшеев атындагы орто мектебинин айланасына 13 даана-түп, байланыш бөлүмүнө 2 даана-түп, айыл өкмөтүнүн айланасына 11 даана-түп ийне жалбырактуу балатынын көчөттөрү отургузулган.
Айыл өкмөтүнүн кеңсесине колдонуу үчүн 1генератор 18 000 сомго жана 1свароч.аппарат 6500 сомго алынды.
Каракужур маданият үйүнө 2 комуз, 1 жылыткыч 37000 сомго алынып келинди. Ү. Бейшеев орто мектебине 1 принтер 15000 сомго, 2 компьютер жана видео-
көзөмөл үчүн камераны 105 000 сомго алынды.
Шамен атындагы орто мектебине 97 000 сомго көмүр отунун киргизүү үчүн көмүркана салынып берилди. Ошондой эле 1 жылыткыч 4200 сомго, 1 принтер 18 000 сомго сатылып берилди.
«Наристе-Ак-Кыя» бала бакчасына көмүркана 39 300 сомго жаңы салынып берилди, 34 000 сомго 1 телевизор, 25 даана балдар уктоочу бөлмөсүнө матрац-төшөкалынып берилди.
Сары-Булак айылындагы №24 айылдык китепканасына 1 компьютер, 1 принтер,
4стол, 5 стул 68 000 сомго алынып берилди. Китеп фонддун жаңыртуу үчүн 3000 сомго китептер жаңыртылды.
2018-жылга карата буйруктун негизинде айыл өкмөтүнүн аймагындагы жолбун иттер
20000 сом бөлүнүп жок кылынды.
Башчы | Э.О. Макишов. |
|
|