Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-январы №22/102
Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Ак-Кыя айылындагы «Жанчар-Булак»ИСКАКБынын төрагасы К.Мамытовдун калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу, суу акыларынын өнүшү боюнча жүргүзүп жаткан иштери жана 2019-жылга карата түзүлгөн бюджетинин долбоорун угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Жанчар-Булак» ИСКАКБынын 2019-жыл үчүн түзүлгөн бюджети бекитилсин (тиркеме тиркелет)
2. Калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу, суу башатын толук көзөмөлгө алуу, суу акыларынын чогулушун камсыз кылуу жагы «Жанчар-Булак» ИСКАКБынын төрагасы К.Мамытовго милдеттендирилсин.
3. Калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылууда «Жанчар-Булак» ИСКАКБынын ишине катуу көзөмөл кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Т. Жумамүдүн уулу |
| Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги XII сессиясынын 18.01.2019. № 22/102 токтому менен бекитилген
|
Сары-Булак айыл өкмөтүнүн Ак-Кыя айылындагы “Жанчар-Булак”ИСКАКБнын 2019-жыл үчүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү
Киреше бөлүгү.
№ | Аталышы | Суммасы(миң) |
1. | Айыл элинен түшүүчү акча | 41000 |
2. | Мекемелерден түшүүчү акча | 9 540 |
3. | Үйлөрүнө суу киргизген жарандардан түшүүчү акча | 15 000 |
4. | Мончо | 2 040 |
4. | Баары: | 67 580 |
Чыгыша бөлүгү. |
| |
№ | Аталышы | Суммасы(миң) |
1. | Айлык акы | 24 000 |
2. | Социалдык фонко чегерүү | 6 540 |
3. | Кайтарым акча | 10 572 |
4. | Санэпидемстанцияга | 2 750 |
5. | Роялти (5%) | 3 954 |
6. | Сатуудан түшкөн салык(3%) | 2 372 |
7. | Ар кандай чыгымдар | 9040 |
8. | Ремонт | 8 352 |
9. | Баары: | 67580 |
“ Жанчар-Булак” ИСКАКБнын эсепчиси | У. Көчөрбаев |